Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:10

Чаткалда корук кызматкери Исфана суусуна агып кетти


Чаткал районунун 62 жаштагы тургуну, Беш-Арал коругунун кызматкери Салибай Аширов Исфана суусуна агып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалыматына караганда, ал 20-апрелде коруктан келатып, суудан атчан өтүүгө аракет кылган кезде кырсыкка кабылган. Жанында 11 шериги болгон. Бирок коктудан түшкөн суу тез агып жаткандыктан, куткара албай калышкан.

Министрликтин куткаруучулары эки күндөн бери аны издеп жатышат.
Исфана суусу Аширов агып кеткен жерден 600 метрдей өтүп Чаткал дарыясына кошулат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG