Андан сырткары көзөмөл органы компания уруксатсыз дамба куруп, кеминде 60 тоннага жакын алтынды жок кылганын, мамлекет миллиондогон сом зыян тартканын, кылмыш иши козголгонун маалымдады.
"Кичи-Чааратка" лицензия 2003-жылы эле берилген жана былтыр "жыл этегинен тартып кен казуу башталат" деп маалымдалган. Кыргызстанда кен казууга лицензия берүү тартиби өзгөргөнү менен коррупциялык дооматтардан арыла элек.
Башкы прокуратура Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен Куру-Тегерек алтын, күмүш жана жез кенин чалгындап жүргөн, эми кен казууга киришкени жаткан кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.
Мыйзам боюнча техникалык-экономикалык негиздемени жана кенди иштетүү долбоорун убагында даярдабаганы үчүн бул компаниянын лицензиясы жокко чыгарылышы керек эле. Ошондой эле жаңы инвестор тартыш үчүн бул кен сынакка коюлушу керек болчу.Алманбет Абдраманов
Аталган органдын басма сөз катчысы Алманбет Абдрамановдун "Азаттыкка" билдиришинче, лицензия берүүдө бир катар мыйзамдар бузулганы аныкталган:
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери 2003-жылдан 2016-жылдын аягына чейин кенди иштеткен компания менен лицензиялык келишимдин мөөнөтүн мыйзамсыз узартып келген. Лицензияда совет доорунда эле чалындалып, аныкталган Куру-Тегерек алтын, күмүш жана жез кенин иштетүү долбоорун даярдоо, техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү гана талабы болгон. Мыйзам боюнча техникалык-экономикалык негиздемени жана кенди иштетүү долбоорун убагында даярдабаганы үчүн бул компаниянын лицензиясы жокко чыгарылышы керек эле. Ошондой эле жаңы инвестор тартыш үчүн бул кен сынакка коюлушу керек болчу.
Башкы прокуратура "Кичи-Чаарат" компаниясын "2015-2017-жылдар аралыгында Чакмак-Суу дарыясынын боюнан өзүмбилемдик менен кум-шагыл, чопо-кум казган, мунун айынан мамлекет 170 миллион сомго жакын зыян тарткан" деп айыптап жатат. Андан сырткары, ошол жерге дамба жана имараттар курулуп, 60 килограммга жакын алтын жок болгон жана чыгым 168 миллион сомду түзгөн.
Ошондой эле аткаминерлер "Кичи-Чаарат" компаниясы курулуш жүргүзүп жаткан жердин бир топ бөлүгүн башка компанияга чалгындоо үчүн лицензияны мыйзамсыз бергени аныкталган. Бирок "Кичи-Чаарат" ал жерди тосуп алган жана чачыранды алтынды чалгындоого лицензия алган экинчи компанияга чалгындаганга тыюу салган. Башкы прокуратура "мунун айынан экинчи компания беш миллион сомдон ашык зыянга учурады" деп кабарлады.
Бул фактылар боюнча башкы көзөмөлдөөчү орган "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилигине жана Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга "Кызмат абалынан аша чабуу" беренеси боюнча айып тагылды.
"Кичи-Чаарат" компаниясын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен былтыр күзүндө биринчи жолу текшерген.
Мекеменин бөлүм башчысы Максат Абдулдаевдин айтымында, анда коюлган дооматтар негиздүү:
- Куру-Тегерек алтын кенин изилдөө аянтында чачыратма алтынды чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча үч компанияга лицензия берилген. Ошол эле кезде "Кичи-Чаарат" чачырады алтынды чалгындоого берген аянтчаларда инфраструктураны - дамбасын, фабрикасын, күзөтчүлөр отура турган жана башка объекттерин куруп салган. Мына ушунун негизинде булардын ортосунда талаш-тартыш башталган. Талаштын айынан чачыранды алтынды чалгындоо лицензиясын алган компаниялардын бири Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура дооматты текшерип берүү боюнча бизге тапшырма берген. Биз аны текшергенбиз, айтылган фактылар аныкталган. Биз толук маалыматты прокуратуранын өзүнө, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке жөнөткөнбүз.
Максат Абдулдаев "Кичи-Чаарат" лицензияны алганына көп болгонуна карабай былтыр биринчи жолу текшерилгенин бышыктады:
- "Кичи-Чааратта" курулуш иштери жүрүп жатканына байланыштуу буга чейин пландуу текшерүү болгон эмес. Бизде курулушка көзөмөл жүргүзүүчү башкармалык бар. Ал курулуш иштерине гана көзөмөл жүргүзүп келген. Казып алуу иштери башталбай, курулуш жүрүп жаткандыктан текшерген эмеспиз. Текшерүүдө 76 пункттан турган көрсөтмө берилген. Мыйзам боюнча бир айдан кийин да текшерүү жүргүзөбүз. Ошонун негизинде аткарылбаган иштер боюнча төрт кызматкерге 60 миң сом айыппул салынган.
"Азаттык" Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Улан Рыскуловдон комментарий сурады. Ал кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтып, кенен түшүндүрмө берүүдөн баш тартты:
- "Кичи-Чаарат" боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондуктан комментарий берген этикага жатпайт. Соттук териштирүү бүткөндөн кийин берели. Аларга лицензия берилген. "Кичи-Чаарат" - чоң компания, ал ушул жылы кенди казууга киришкени жатат. "Лицензиялык келишимди бузган же бузган эмес" деп комментарий бербейм.
Бизге Экотехинспекция кайсы бир компания "мыйзамды бузду" деп берсе, биз ошол компаниянын лицензиясын жокко чыгарабыз. Ошол мекеме көзөмөл жүргүзөт. Биз лицензия бергенден кийин жергиликтүү тургундардан "силер туура эмес лицензия бердиңер, мыйзамсыз казып жатат, карап койгула" деген мазмундагы ар кандай каттар түшөт. Биз арыз түшсө эле лицензияны жокко чыгарбайбыз, анткени бул жерде ар кандай кызыкчылык болушу мүмкүн. Ошондуктан объективдүү болуш үчүн биз "арызда айтылган фактылар барбы же жокпу, тактап бергиле" деп Экотехинспекцияга барабыз. Жоюла турган жана жоюлбай турган кемчиликтер бар. Эгер жоюлбай турган кемчилик болсо, биз анда лицензияны албетте, жокко чыгарабыз. Эгер жоюла турган кемчилик болсо, лицензия мөөнөтү ошол кемчилик жоюлгуча убактылуу токтотулат.
Кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясы козголгон кылмыш иши тууралуу расмий комментарий бере элек. "Азаттык" ишкананын жетекчилигинен комментарий алууга аракет кылды, бирок андан майнап чыккан жок. Өзүн "Кичи-Чаараттын" геологу катары тааныштырган Жумабек аттуу адам кенде иш баштала электигин ырастады:
- Бизде кышында жумуш токтойт да. Декабрдан бери иштебей эле турат. Азыр Чаткалда дагы эле кыш. Сиз берген суроолорго мен жооп бере албайм, мен жөнөкөй эле геологмун. Суроолорду директорго, директордун орун басарына, юристтерге берсеңер. Кыргызча сүйлөй алган жетекчилерден чынын айтсам эч ким жок.
Алар биз менен сүйлөшпөйт, киргизишпейт дагы. Биз болгону айыл башчыбыз. Өкмөт, администрация гана аралашып, айыл башчыларды киргизбейт. Биз орун болсо ага жумушчуларды гана таап бере алабыз.Капарбек Смайлов
Капарбек Смайлов - Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын башчысы. Ал "Кичи-Чаарат" компаниясынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар менен болгон мамилесинин айрым жагдайларына токтолду:
- Эгер "Кичи-Чаарат" жумуш орундарын берсе, айылдардан бала таап киргизебиз. Анан текшергенге эч кандай укугубуз жок экен. Алар биз менен сүйлөшпөйт, киргизишпейт дагы. Биз болгону айыл башчыбыз. Өкмөт, администрация гана аралашып, айыл башчыларды киргизбейт. Биз орун болсо ага жумушчуларды гана таап бере алабыз. Администрацияга сунуштарды гана айтабыз. Мисалы, "баштапкы долбоордон чыгып кетти, өзгөрттү" деген жагдайларды айтабыз. Мен депутаттарды алып "Кичи-Чааратка" барып да келгем. Анда мурун силерге көрсөткөн "Орусиядан келген пленка экен" деп, ал материалды Кытайдан алып келишкен. Аны жактырбай койсок кийин "Испанияныкы экен" деп "ал жактан алып келдик" деп айткан. Бирок аны азыр деле кое элек. Барып кабар алабыз, бирок бизди көп нерсеге киргизбей коет. "Пленканы Кытайдан алып келип койду" дегенде жаңжал кылып кетиргенбиз. Долбоорду өзгөрткөндө да биздин жергиликтүү тургундардан макулдук алышкан эмес. Биз муну кийин угуп калдык. Дагы эле бул иштер чечиле элек. Токтоп турат.
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн депутаты, "Кичи-Чаарат" компаниясындагы жергиликтүү жумушчулардын кесиптик кошуунунун төрагасынын орун басары Рахия Оңорбаева кендеги мыйзам бузуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин шалаакылыгынан болду деп эсептейт:
- Биз ал жер башка бирөөнүн жери экенин, ошол жерде алтын бар экенин такыр билген эмеспиз. Жумушчу катары иштеп жаткан жерибизди мактап-жактагандан алыспыз. Бирок бул Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин шалаакылыгынан деп ойлойбуз. Эгер ошол жер башка бирөөгө берилген болсо, алтын болсо, эмнеге сатып жиберет? Азыр Башкы прокуратура "бирөөнүн жерин сатып жиберген" деп иш козгоп жатпайбы.
Мен бул компанияны жакшы эле билем. Эгерде ошол жерде бир килограмм алтын болсо да аны алмайынча тынбайт болчу. Биринчи тоону тешип отурбастан ошол оңоюраак, жердин үстүндөгү 58 килограмм алтынды алмак да. Бул ал жерде алтын бар экенин билген эмес. Бизге компаниянын иштегени жакшы. Элдин баары жумуш менен камсыз болуп отурат. Мен айылдык кеңештин үч жолку чакырылышынын депутатымын. Бизде буга чейин 4-8 миллиондук бюджет болсо, бүгүнкү күндө биздин бюджет 65 миллион сомго чыгып жатат. Негизи буларда биздикиндей шалаакылык болбойт. Булар чиновниктер менен сүйлөшүп алып өз мамлекетине зыян келтирсе өтө катуу чара көрүлөт. Биздин Кыргызстанда болсо бул нерсе боло берет. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетти гана билип туруп алдап койбосо, булар муну жасамак эмес.
Бизге компаниянын иштегени жакшы. Элдин баары жумуш менен камсыз болуп отурат. Мен айылдык кеңештин үч жолку чакырылышынын депутатымын. Бизде буга чейин 4-8 миллиондук бюджет болсо, бүгүнкү күндө биздин бюджет 65 миллион сомго чыгып жатат.Рахия Оңорбаева
Рахия Оңорбаева "кен казган компания менен жергиликтүү тургандар тил табышпаган жагдайлар жок" деп билдирди:
- Албетте, майда-барат нерселер болот. Динибиз, тилибиз бир болбогондуктан албетте, кичине пикир келишпестик болгон. Бирок анын баарын өз маалында басканбыз. Бир жолу айлык акыны көбөйтүү боюнча маселе болгон. Анда баарыбызга үч миң сомдон кошуп берген. "Кен казыла баштаганда дагы кошуп беребиз" дешкен. Айлыгыбыз деле жакшы эле. Азыр эч жумуш жок болсо деле кытайлар багып отурат. Компанияда 417 кыргыз жараны, 306 кытай жараны иштеген. Кыш маалында кыскартуу болот. Быйыл кышында 68 кыргыз, 12 кытай жараны иштеди. Майда кар кетсе, кайрадан толук иштей баштайт. Туура, эми жумуш болгондон кийин кемчилиги болот. "Көч бара-бара түзөлөт" дегендей, баары түзөлүп жатат. Бул жерде чаткалдыктар андай деле оозу ачылган эл эмес. Маселе чыккан маалда эле дароо орду-ордуна коебуз.
Куру-Тегерек кенинде болжол менен 100 тоннага жакын алтын, 370 тонна жез запасы бар. Буга чейин, тактап айтканда, 2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы "Кичи-Чаарат" компаниясына "өтө чоң көлөмдөгү салыкты жашырган" деп кылмыш ишин козгогон. Ал кезде "мамлекет 135 миллион сомго жакын зыян тартты" деп эсептелген, тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө компания акчаны толук төлөп бергени кабарланган.