Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Чаткал: сапатсыз бүткөн иш айылды суудан өксүттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чаткал районунун Башкы-Терек жана Коргон-Сай айылдарында эки жыл мурда кен казуучу “Чанач”, "Кичи Чаарат" компанияларынын эсебинен курулган суу түтүктөрү пайдаланууга берилбей жатып керектен чыгууда.

Муну жергиликтүү тургундар иштин долбоорлонбой туруп, сапатсыз жасалганынан көрүшөт. Экотехинспекция "ашар жолу менен айылдарга киргизилген суу түтүктөрү стандарттарга жана мыйзамдарга ылайык келбейт" деген тыянак чыгарды.

Айыл тургуну Шекербек Муратбеков айылдагы көпчүлүк суу түтүктөрү жарактан чыкканын айтууда:

Шекербек Муратбеков.
Шекербек Муратбеков.

- 2016-жылы кен казуучу “Чанач” компаниясы таза суу чыгарыш үчүн 1,8 млн. сом каражат берген. Бирок ал курулушка жетпей, иш токтоп калган. Кийин райондун өнүктүрүү фондунан дагы кошумча 2 млн. акча берилген. Эл менен жолукканда райондун акими курулуш иштерин өзү көзөмөлдөп, сапаттуу бүтүрүүгө убада берген. Азыр түтүктөрдүн көбү тешилип, көчөнү суу каптап жатат. Колонкалар бузулуп, иштен чыкты. Жогорку көчөлөргө да суу түтүктөрүн тартабыз дешкен, арыктар казылган бойдон калып кетти. Буга ким жооп берет? Райондук администрацияга чейин барып, акимди жолуктура албай койдук.

Таза суу киргизүү ашар жолу менен ишке ашкан. Коргон-Сай айылында жүздөн ашык түтүн бар. Буга чейин айылдыктар сайдын суусун ташып ичишчү.

Райондун Башкы-Терек айылында да ушул маселе жаралды. 2015-жылдан бери миллиондогон сомду коротуп, айылга киргизилген түтүктөрдүн дээрлик басымдуу бөлүгүнөн суу чыкпай турат.

Жергиликтүү тургундар "курулуш тендер өткөрбөй туруп эле Оштун “Аста Строй” ЖЧКсына берилгени, жергиликтүү бийликтин көзөмөл кылбаганы ушундай акыбалга жеткирди" деп жатышат. Алардын бири Ойгонбай Айдашев жагдайды мындайча түшүндүрдү:

Суу чыкканы менен таза деп айта албайсың. Курулуш иштеринде түтүктөрдү көмүүнүн эрежелери эске алынган эмес.

- Айылдын ичине 32 жерге суу чыгуучу колонка орнотулса, анын беш-алтоо гана иштеп жатат. Калгандарынын түтүктөрү жарылып кетти. Курулуш иштерин жүргүзгөн фирма кен иштеткен компаниялар менен түзмө-түз келишим түзүп, тендерсиз эле долбоорду бүтүрүп салды. Базар-Коргондон "таза суу чыгарып беребиз" деп келген балдарды ушул жердеги балдар киргизбей коюшту. Айыл өкмөт болсо курулушка көзөмөл кылган эмес, жыйынтыгын көрүп жатасыңар. Суу чыкканы менен таза деп айта албайсың. Курулуш иштеринде түтүктөрдү көмүүнүн эрежелери эске алынган эмес. Долбоору жок эле баштап жиберишкен. Биздин айылдагы бир чакырым жерге суу түтүктөрүн орнотуу 3 млн. сомго айланса, кошуна Коргон-Сай айылында 300 миң сомго эле бүттү. Эми бул жагын өзүңөр ойлонсоңор болот.

Курулуш иштерин жүргүзгөн “Аста Строй” жоопкерчилиги чектелген коому таза суунун долбоору мыйзамдуу болгонун айтууда. Бирок компаниянын өкүлдөрү толук маалымат берүүдөн баш тартышты.

Райондун акиминин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев аталган эки айылда “Таза суу” долбоорунун алкагында курулуштар аягына чыкканын, бирок адистер аны кабыл албаганын билдирди:

- Башкы-Терек айылынын тургундары койгон маселе туура. Ал жерде бардык айылдыктарга таза суу жеткен эмес. Тийиштүү адистерди чакырып, кемчиликти ким кетиргени боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырдым. Алар кетирилген катачылыктарды оңдомоюнча жергиликтүү бийликтин балансына кабыл алынбайт. Ал эми Коргон-Сай айылындагы курулуш эч кандай долбоору жок эле элдин суранычы менен башталган. Себеби долбоор менен иш баштоо көп убакытты талап кылат. Ошондуктан ашар жолу менен бүткөн. Ал кемчиликти мойнубузга алабыз. Эми курулуш иштери бүткөн соң гана долбоор жазып, айыл өкмөттүн балансына кабыл алабыз.

Чаткалдагы көчөлөрдүн бири.
Чаткалдагы көчөлөрдүн бири.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча аймактык башкармалыгы райондогу Чакмак-Суу жана Коргон-Сай айылдарындагы таза суу жеткирүүчү курулушту мыйзамсыз деп эсептейт. Муну ал курулуштар долбоорсуз жүргүзүлгөнү жана экспертизадан өтпөгөнү менен негиздеди. Бул тууралуу башкармалыктын башкы инспектору Абылкасым Көчөрбаев билдирди:

Биз 2017-жылы жайында курулушту мыйзамдаштыруу боюнча жергиликтүү бийликке билдирүү бергенбиз. Бирок ушул кезге чейин жыйынтык боло элек.

- Чаткалдагы Коргон-Сай жана Чакмак-Суу айылдарында таза суунун курулушу боюнча бизге маалымат берилген жок. Долбоору экспертизадан өткөн эмес. Качан гана биз ал аймакка башка иштер менен барган учурда элден угуп, байкаганбыз. Бул багытта биз 2017-жылы жайында курулушту мыйзамдаштыруу боюнча жергиликтүү бийликке билдирүү бергенбиз. Бирок ушул кезге чейин жыйынтык боло элек. Жазда жеринде дагы текшерүү иштерин жүргүзүп, кемчиликтер жоюлбаса, мыйзамга ылайык айыппул салып чара көрөбүз.

Чаткал району Жалал-Абад облусунун борборунан 350 чакырым жерде тоолуу аймакта орун алган. Коргон-Сай жана Башкы-Терек айылдарында баарын кошкондо 210дон ашуун түтүн эл жашайт. Район аймагында учурда беш компания кен казуу иштерин жүргүзүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG