Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Иштамбердиде иш токтотулду


Иштамберди кени.
Иштамберди кени.

Ала-Букадагы кытайлык компания иштетип жаткан Иштамберди алтын кенине жергиликтүү тургундар кирип барган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Териштирүү бүткөнгө чейин алтын казган кытайлык “Фулд Голд Майнинг” компаниясынын иши убактылуу токтотулду.

Жума күнү нааразылык акциясына чыккан жарандык активисттер "компания өкүлдөрү чагым уюштурду" деп эсептеп, алардын суракка чакырылбай жатканына нааразы болушту.

Ички иштер министрлиги окуянын бардык катышуучулары суралып жатканын билдирип, толук териштирүүдөн кийин гана чагымчыларга айып коюла турганын жарыялады.

Келишпестиктин кесепети

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенинде 12-июнь күнү болгон окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Анда Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын тургундары Ала-Буканын Иштамберди кенине барып, экологиялык кырдаал жөнгө салынмайынча, өндүрүштү токтотууну талап кылышкан. Ошол эле кезде нааразылыкка чыккандарды андагы жумушчулар менен милиция тосуп алып, эки ортодо келишпестик чыккан.

Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккандардын акциясы.
Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккандардын акциясы.

Жарандык активист Мирлан Мырзаев муну атайын уюштурулган чагым деп эсептейт:

- Биз кен иштетилген жерге барган учурда компаниянын жетекчилери анда иштеген жумушчуларды бизге каршы тукурду. Алар күзөттүн милдетин аткарып туруп алганда ортодо келишпестик чыгып, чогулган адамдар чагымдын айынан Иштамберди кенинин аймагына кирип барууга аргасыз болгон. Бирок ал жерде эч ким эч нерсеге тийген эмес. Эч нерсе талкаланган эмес. Киргендер ичиндеги абалды көрүп эле чыгышкан. Кийинки күнү Бишкектен келген өкмөттүн өкүлдөрү катышкан чогулуш болду. Биз анда экологиялык кырдаал начар экенин айтып, суунун, абанын жана айлана-чөйрөнүн булганып жатканы тууралуу маселе көтөргөнбүз. Алар кеткенден кийин эле милиция кызматкерлери митингге катышкан балдарды ар жерден кармап келип, иш козгоду.

Өкмөткө арызданып келген активисттер

Буга байланыштуу ошол күнү митингге чыккан 16 адамды 15-июнда милиция Жалал-Абад шаарындагы облустук ички иштер башкармалыгына алып кеткен.

17-июнь күнү түшүндүрүү иштери жүргөн соң, кармалгандар кайра коё берилген. Ал жактан түз эле Бишкекке келген жарандык активисттер өкмөткө жана парламентке барып, куугунтукту токтотуу өтүнүчү менен кайрылышты.

Кармалып, кайра коё берилгендердин бири Улан Каныбеков аларга себепсиз жерден эле кылмыш иши ачылып, митингдин уюштуруучулары кысымга дуушар болуп жатканын билдирди:

- Кармалып кеткен 16 жигиттин урук-тууганы чогулуп, ызы-чуу болуп, эл көтөрүлгөндө коё беришти. Биз бул жакка келип, өкмөттүн аппаратынын укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн Урмат Абдыбеков деген жооптуу кызматкерге жолуктук. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына чалып, баш-аягы 150 кишиге кылмыш иши козголо турганын айтты. Анан "биринчи кезекте 16 адамга кылмыш иши козголуптур" деп билдирди. Биз бул жагдай боюнча канча ирет кайрылуу жасап, бирок бийлик этибар албаганын айттык. Ошондо эл көтөрүлдү. Анан биз тынч эле талаптарыбызды коё баштасак, компаниянын жетекчилери жумушчуларды "булар силердин жумушуңарды токтоткону жатышат" деп кайраптыр. Ал жумушчулардын көбү Ала-Бука районунун тургундары. Биз Чаткалдын Терек-Сай айылынан барганбыз. Анткени ал жактан агып чыккан суу бизге барат. Ошентип эки райондун адамдарын булар чагым уюштуруп, кагыштырып жибере жаздады.

Асанов: Милиция ишти калыс иликтейт

Ала-Букадагы Иштамберди кениндеги 12-июндагы окуя боюнча ички иштер органдары Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык", "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" жана "Бирөөнүн мүлкүнө залал келтирүү" деген беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козгоду.

Жергиликтүү тургундар Бишкектен бир катар тиешелүү министрликтердин жетекчилери келип кеткен соң, иш козголгонун айтышты. Бирок жергиликтүү милиция ага чейин эле кылмыш иши козголуп, шыкакчылар кармалып, бирок эскертүүдөн соң кайра коё берилгенин белгилеген.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кендеги жагдай калыс иликтенип жатканын билдирди:

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

​- Милиция ал жакка баргандардын баарын сурайт. Бул анын милдети. Бул алардын баары ушул ишке айыптуу дегенге жатпайт. Баргандардын көпчүлүгү күбө катары өтүшү мүмкүн. Эч ким камалган жок. Инвесторлордун коопсуздугун карашыбыз керек. Жергиликтүү тургундардын кен чыккан жерге кирип барганы мыйзамсыз болгон. Кытайлык компания милицияга зыян тартканы, кандайдыр бир техникалык тетиктер иштен чыкканы тууралуу жазып берген. Кылмыш иши ошол үчүн козголду. Анткени тартип болушу керек. Ошол эле кезде башка бир ыкчам маалыматтар да бар. Чагымчылар аныкталып, жазага тартылышы зарыл. Биз бул иште эки жакка тең бирдей карап, маселени калыс чечкенге аракет кылдык. Кенди иштеткен компаниянын андагы ченемдерди бузуу менен иш алып барган учурлары боюнча комиссия түзүлдү. Бизге келген инвесторлор Кыргызстандын мыйзамын сакташы керек экенин айттык.

Ошол эле кезде курамына жергиликтүү калктын өкүлдөрү кирген мекеме аралык комиссия Иштамберди кениндеги экологиялык жана техникалык ченемдер бузулган жагдайларды экспертизадан өткөрүүнүн тыянагын чыгарды.

Буга байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция иликтөө иштери бүткөнгө чейин өндүрүштү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим чыгарды. Жергиликтүү тургундардын тобу ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыянды аныктоону жана кенемте төлөтүүнү, алтын өндүрүүдө зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Иштамберди алтын кенин иштетип жаткан кытайлык “Фулд Голд Майнинг” компаниясынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен компаниянын ортосундагы келишпестикке байланыштуу комментарий бере элек. Андагы советтик геологдор чалгындаган алтын запасы 80 тоннага чукул экени жарыяланган. Иштамберди алтын кени көлөмү боюнча өлкөдө Кумтөр менен Жерүйдөн кийинки үчүнчү орунда турат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG