Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Алтын казган компаниялардын салык кайгайы


Таластагы Жер үй кени.
Таластагы Жер үй кени.

Эл аралык ишкердик кеңеши жана “Ernst & Young” ("Эрнст энд Янг") компаниясы Кыргызстанда алтын өндүргөн ишканаларга салыктарды жана бажы төлөмдөрүн көтөрүүнү сындап чыкты. Алар бул көрүнүш компанияларды банкротко алып келерин билдирүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү салык жана бажы алымдарын көбөйтүү толук чечиле электигин кабарлоодо. 14-мартта Бишкекте өткөн жыйында ушул маселелер каралды.

Жыйында Эл аралык ишкердик кеңеши жана “Ernst & Young” компаниясы Кыргызстандагы алтын өндүргөн ишканалардын өлкөгө таасири жана жаңыдан киргизилиши мүмкүн болгон алымдар менен төлөмдөрдүн кесепетин талдаган иликтөөсүн жарыялады.

Мекеме өкүлдөрү анда Кыргызстандын ичинде алтын өндүргөн компаниялардын киреше салыгын 3% көтөрүүнү кескин сынга алышты. Алар ошондой эле чет жакка ташыла турган концентраттарга 25% бажы төлөмүн киргизүүнүн кесепети да оор болоорун билдиришти. Алар бул нерселер компанияларды банкротко алып келерин, соңунда Кыргызстанга да зыянын тийгизерин айтышты.

“Ernst & Young” компаниясынын аймактык директору Виктор Коваленко маселен мындай деди:

- Концентраттарга бажы төлөмүн киргизүүнү жана киреше салыгын көтөрүүнү биз шарттуу түрдө “фискалдык демилгелер” деп атап жатабыз. Изилдөө көргөзгөндөй булардын көбөйтүлүшү компанияларга өтө терс таасирин тийгизет. Алтын казган компаниялардын көбүнүн кирешеси азаят, алар артка кетип, албетте, салымы да азаят. Натыйжада ишканалар миңдеген жумушчуларды иштен кетирет, ишканалар өздөрү да жабылууга дуушар болушат. Бул кайра бюджетке түшкөн салыктардын азаюусуна алып келет.

Аталган эки компания салык жана бажы төлөмдөрүн көбөйтүү Кыргызстанда инвестициялык климатты начарлатарын белгилешти. Алар мунун ордуна мамлекет жаңы инвесторлорду тартып, алтын өндүргөн компанияларды көбөйтүүсү керектигин сунушташты.

Жыйынды Эл аралык ишкердик кеңеш уюштурду.
Жыйынды Эл аралык ишкердик кеңеш уюштурду.

Төлөмдөрдү көбөйтүү бул тармакта көп кесепеттерди алып келерин жыйынга катышкан алтын өндүргөн башка компаниялардын өкүлдөрү да бекемдешти.

Иштамберди кенинде иш алып барган “KAZ Minerals Bozymchak” ишканасынын өкүлү Диляра Шаршембиева бул компаниялардын инвестиция салуусуна кедергисин тийгизет деди:

- Мамлекеттик органдар бир гана түз төгүлгөн салыкты гана көрүп жатышат. Бирок биздин компаниялардан кыйыр түрдө канчалаган киреше түшүп жатат. Маселен, жеткирип берүүчүлөр менен иштейбиз, алардан ар кандай товар алабыз же биздин жүктү жеткирип беришет. Андан сырткары курулуш фирмалары менен иштешип, аларга акча беребиз. Мына ошолор да биздин Кыргызстанга киргизип жаткан кирешебиз болуп жатпайбы. Экологиялык зыяндуулук үчүн төлөйбүз, социалдык пакетке беребиз, жергиликтүү бюджетке да төлөйбүз. Биздин эле компания, маселен, өзүбүз иштеген Көк-Таш айыл өкмөтүнө бир жылда 80 млн сом төгөбүз. 4 миң кишилик айыл өкмөт үчүн бул чоң эле акча да. Анан ошого да карабай салыктар көбөйтүлсө, бизге кыйын эле болуп калат. Анткени биз дагы курулуштар жана башка нерселер үчүн карыз алабыз, кредит алабыз. Алардын баарын кайра төлөйбүз дегендей.

Кеп болуп жаткан экспорттук алым киргизүү жана салыкты көбөйтүү маселеси буга чейин парламентте жана өкмөттө көтөрүлгөн болчу. Ал казылган кенди өлкө ичинде кайра иштетүүнү экономикалык жактан пайдалуу кылуу максатын көздөгөн. Бирок, бийлик өкүлдөрү маселе учурда каралып жатканын, толук чечиле электигин билдирүүдө.

Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев буларга токтолду:

- Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү мерчемдеген бул мыйзам долбоорунда эгер алтындын концентратын Кыргызстандын сыртына чыгарып кете турган болсо ага роялти (салык төлөм) салыгын коюу каралган. Эгер Кыргызстандын ичинде иштетишсе ал салык коюлмак эмес. Натыйжада компаниялар өлкөнүн ичинде концентратты иштетүүчү өндүрүш курушат деген максат болгон. Бирок бул мыйзам долбоору өкмөттүн кароосуна келген учурда, премьер-министр “ишкерлер менен кеңешип, сунушуңарды бергиле” деп Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда кен казууга 2500дөн ашуун лицензия берилген болсо, мунун жарымы тоо-кендерине байланыштуу. Лицензия алган компаниялардын 300-350 гана иштеп жатса, анын отуз чактысы алтын казуу менен алектенет. Өкмөт мүчөлөрү кабарлагандай, соңку алым жана төлөмдөрдү көтөрүү так ошол алтын өндүргөн 30дай жана эми иштей турган компанияларга тиешелүү. Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясына бул маселе тиешелүү эмес.

Нарындагы Сөйкө алтын кени.
Нарындагы Сөйкө алтын кени.

Ошол эле мезгилде эксперттер кен казган компанияларга карата салык саясатын өкмөт кайра карап чыгуусу керек дешет. Тоо-кенчилердин кесиптик кошуунун жетекчиси Элдар Тажибаев буларга токтолду:

- Изилдөөлөр көрсөткөндөй, тоо-кен өнөр жай тармагына салык 18 пайызды түзөт. Ал эми коңшуларды эле алганда Монголия менен Казакстанда бул көрсөткүч 14 пайыздан ашпайт. Салык саясаты бул инвесторлорду тартуучу өтө маанилүү нерсе. Эгер биз азыр салыкты көтөрө турган болсок бул тоо-кен өндүрүшүнө негативдүү таасирин тийгизет. Ошондуктан мамлекет бул боюнча саясатты кайрадан карап чыгуусу керек деп ойлойм.

Бишкектеги жыйында ошондой эле кен казган компанияларга карата жер-жерлердеги нааразылыктарды жана митингдердин азайбай жатышы да өндүрүшкө кедергисин тийгизери айтылды. Акыркы бир эки айдын ичинде эле Кадамжайда Шамбесай кенине, Тогуз-Тородо Макмал кенине жана Чаткалда Иштамберди кенине байланыштуу нааразылыктар болгон.

Жогоруда аталган эки уюм кабарлагандай, 2016-жылы тоо кен компаниялары мамлекетке төккөн салыктын жалпы суммасы 7 миллиард сомдон ашкан. 2014-2016-жылдагы эсеп боюнча бул тармакта жалпысынан 17 миң адам иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG