Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Иштамбердинин чырлуу иши


Иштамберди кени.
Иштамберди кени.

Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык “Фулд Голд Майнинг” компаниясына жергиликтүү калктын өкүлдөрү каршы чыкты.

Нааразылык акциясына чыккандар инвестициялык макулдашуунун шарттарын кайра кароону, кенди иштетүүдөгү экологиялык жана техникалык ченемдердин сакталышын тартипке салууну талап кылышты.

Жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилери жолугушту.

Азайтылган алтын запасы

Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин казуунун шарттарына карата жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн нааразылыгы эки күндөн бери уланып жатат. Анда кытайлык "Full Gold Mining" компаниясы менен 2009-жылы Максим Бакиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн макулдашуунун шарттары тогуз жылдан бери эмнеге кайра каралбай жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Жергиликтүү активист Уланбек Абдыкеримов 80 тоннага чукул алтын запасы бар кендин көлөмү азайтылып көрсөтүлгөнү анын лицензиясын узартууда эмне үчүн эске алынбаганына кызыкты:

- СССР учурунда эле Иштамбердиде 78 тонна алтын бар экени чалгындалган. Анан эле мурдагы президент Бакиевдин маалында Максим Бакиев кытайлык компания менен жең ичинен сүйлөшүп, мурдагы геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча архивди жок кылып, "кенде 29 тонна гана алтын запасы бар" деген тыянак менен макулдашуу бекитилип калган. Бул жерде элүү тоннага жакын алтын запасы эмне себептен жашырылып, көрсөтүлбөй калганын кийинки келген бийлик да иликтегиси келген эмес. "Жолду куруп бүткөрдү" деген шылтоо менен 2011-жылы анын лицензиясы узартылды. Анан 2017-жылы дагы узартканда бул маселе эске алынган эмес. Эмненин негизинде лицензиясын узартышты? Мамлекетке кандай пайдасы бар экени так аныкталбай кала берди.

Нааразылык акциясына чыккандар менен жолуккан Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов макулдашуу мурда ошондой шарттар менен түзүлүп калганын моюнга алды. Бирок Уланбек Рыскулов 2011-жылы анын лицензиясын узартууда ал шарттар эмнеге кайра каралбаганына жооп кайтара алган жок.

Уланбек Рыскулов жаңы мыйзам боюнча алтын кенин иштетүүдөн түшчү салыктын элүү пайызы жергиликтүү бюджетте кала турганын айтып, чогулган элди жубатты:

Улан Рыскулов
Улан Рыскулов

- Ал учурда "кен байлыктарын инвестицияга алмашуу" деген нерсе эски мыйзамдын негизинде ошондой шарттар менен берилген. Анан азыр мыйзамды өзгөрткөндөн кийин кен байлыктары мындай шарттар менен берилбей калган. Буга окшогон чоң алтын кендерин иштетүү укугу эл аралык сынактын негизинде гана берилет. Мурда алтын кендеринен салык катары түшкөн акча республикалык бюджетке гана барат эле. Азыр жаңы мыйзам боюнча салыктын элүү пайызы республикалык бюджетке, 50 пайызы жергиликтүү бюджетте кала турган болгон. Кен тармагында ушундай жакшы реформалар жүрүп жатат.

50 чакырым жол курууга алмашылган 80 тонналык алтын кен

"Кен байлыктарын инвестицияларга алмашуу" деген программанын алкагында Ала-Букадагы Иштамберди алтын кени 2009-жылы кытайлык "Full Gold Mining" компаниясына берилип, анын лицензиясы 2011- жана 2017-жылдары кайрадан узартылган. Бул үчүн кытайлык компания 2009-жылы Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунун 50 чакырымын өз эсебинен асфальттап берген. Бул жол долбоору 25 млн. 300 миң долларга бааланганы жарыяланган.

Иштамберди кенин иштеткендер менен элдин жолугушуусу.
Иштамберди кенин иштеткендер менен элдин жолугушуусу.

Жергиликтүү тургун Тилек Жаныбек уулу ошол эле кезде Ала-Бука менен Чаткалдын жол жана таза суу маселеси чечилбей кала бергенин мисал келтирди:

- Эгерде өзүбүздүн Ала-Бука-Чаткал жолу жыргатарлык абалда болсо, анда башка жактардын жолдорун ушул кендин эсебинен оңдоого макул болот элек. Бирок биздин жолдордун абалы кандай экенин келе жатып өзүңөр көрдүңөр. Анан ушундай абалдагы биздин жолдорду оңдобой туруп эле, башка жакка жол салышканы туура эмес болгон. Ошондуктан аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында биздин жолдорду оңдоп, таза суу маселесин программага киргизип берсеңиздер.

"Алтын кендеринде мамлекеттин үлүшү жок"

Экономика тармагындагы адистер дагы чалгындалган алтын запасынын көлөмү боюнча Кумтөр менен Жерүйдөн кийинки үчүнчү орунда турган Иштамберди алтын кени "Full Gold Mining" компаниясына дээрлик бекер берилген деп эсептешет. Анткени макулдашууда Кыргызстандын бул алтын кениндеги үлүшү дегеле каралган эмес. Мамлекет алтын кенин иштетүүдөн салык гана алат. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Кыргызстанда буга окшогон мамлекеттин үлүшү жок берилип кеткен алтын кендери бир топ экенин айтты: ​

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- 2012-жылы Кыргызстан Иштамберди кенинен казылып жаткан алтындын бир граммына да ээ эмес экени белгилүү болгон. Кезинде биздин коррупциялашкан бийлик ошондой келишим түзүп койгон экен. Азыркы күнгө чейин Кумтөрдөн башка Кыргызстандагы 27 алтын кенин чет элдик шылуун компанияларга мамлекеттин үлүшү жок эле кармата салышкан. Алардын арасынан азыр 12 кенде алтын казыла баштаптыр. "Азыркы учурда ошол алтын кендери кандай шарттар менен берилгенин атайын комиссия иликтеп чыгып, бир катар ревизия кылышы керек" деген менин кайрылуума, тилекке каршы, өкмөт ушул күнгө чейин жооп кайтара элек. Эмнеге экени мага да түшүнүксүз.

Көз жаздымда калган экология

Жолугушууда Иштамберди алтын кенин иштетүүдө экологиялык жана техникалык эрежелер да сакталбай жатканы айтылды. Жергиликтүү активист Бекжан Станбеков айлана-чөйрөгө келтирилген экологиялык зыянга көз жуумп коюуга мүмкүн эмес экенин эскертти:

- Алтын казылып жаткан аймакта аябай көп экологиялык эрежелер бузулган. Бирок ага тиешелүү мамлекеттик органдар көз жуумп келе жатышат. Мисалы үчүн алтын казылган аймактагы арчалар, бадалдар жана башка дарактар саргарып, кургап кеткен. Канчалаган арчалар омкорулган. Алардын канчасынын зыяны ордуна келгени же келбегени эч кимге белгисиз. Алтын казылган аймактагы 13 гектардан ашуун жер кыртышын бузушкан. Мына ошол кыртышы бузулган жайыт аянттарын алар эми кантип калыбына келтире турганы так аныкталган эмес. Жерлерди казып-казып, таштап коюп жатышат.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов алтын кениндеги экологиялык абал иликтене турганын айтты. Рустамов анын тыянагына жараша алтын кенин иштетип жаткан компанияга чара көрүүнү убада кылды:

- Сиздер айтып жатпайсыздарбы, "жанагы кен бар жерден аябай жаман жыт чыгып жатат" деп. Ошол жерде булардын өзүнүн лабораториясы болушу керек. Ошол жерде желдеткич иштеп турушу зарыл болчу. Анан дагы зыяндуу жерде иштегендерге мурда сүт берилчү эле. Ошондой шарттар камсыздалышы керек. Эгерде компания бекитилген долбоордон четтеп кетсе, анда ага карата чара көрүлүшү зарыл. Биз тиешелүү үлгү заттарын алып, аны Бишкектен текшертип, изилдеп чыгабыз. Эгерде андан цианиддин калдыктары табыла турган болсо, анда ага тиешелүү чара көрүү зарыл.

Жолугушууда коюлган талаптарды карап чыгып, аны аткаруу үчүн жергиликтүү тургундар бийликке эки айлык мөөнөт берди. Эгерде ал аралыкта коюлган талаптар аткарылбаса, анда алтын кенин жабуу жөнүндө маселе көтөрүлө турганы эскертилди. Буга чейин да Иштамберди алтын кенин иштетүүгө байланыштуу Ала-Букада бир нече ирет нааразылык акциялары өтүп, бирок алардын дээрик баары жыйынтыксыз аяктаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG