Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Апта: Бийликте Максим №2, “Ак жол” алдастаганда...


Өнүктүрүү фонду ордун алды. Оппозиция өкүлдөрү Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну сынга алып чыкты. Исмаил Исаковдун соту соңуна чыгууда.


Бийлик сересинде Максим Бакиев №2

2-ноябрда Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча агенттиктин башчысы Максим Бакиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда ал жетектеген агенттик иппотека, айыл жерине микрокредит берүү, лизинг жана Агро азык-түлүк корпорациясынын ишин кеңейтүү жагында иштөөгө артыкчылык берерин жарыялады. Ага улай Жогорку Кеңеш “Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизди. Өзгөрүүлөргө ылайык “Өнүктүрүү фонду” Өнүктүрүү агенттигине баш ийе турган болду. Ошого жараша “Өнүктүрүү фондунун” директорлор кеңешин Максим Бакиев жетектейт. Ал эми өкмөт башчы Данияр Үсөнов, каржы министри Марат Султанов, Алексей Елисеев, “Азияуниверсалбанктын” директорлор кенешинин мүчөсү Майкл Меред жана башкалар директорлор кеңештин мүчөсү болуп калды.

“Өнүктүрүү фондунун” башкармалыгынын башчылыгына мурунку өкмөт башчы Игорь Чудинов дайындалды. Ага чейин эле дагы бир
мурунку өкмөт башчы Феликс Кулов “Чакан ГЭСтери” менен Өнүктүрүү агенттигинин колтугуна жайгашкан эле. Ошону менен мурунку эки өкмөт башчы жана азыркы премьер-министр Данияр Үсөнов “жогорку өкмөт катары турган” Өнүктүрүү агенттигинин башчысы Максим Бакиевдин кол алында болуп калышты. Мунун өзү Максим Бакиев өлкө бийлигиндеги №2 адамга айланганын көрсөтүп турат.

Өнүктүрүү фонду да, Өнүктүрүү агенттиги да парламентке баш ийбейт. Коомчулуктун көзөмөлүнөн далдоо турат. Мына ошону түзөө үчүн бийлик Өнүктүрүү фондунун Байкоочулар кеңешине оппозициялык фракциялардан жана өкмөттүк эмес уюмдардан өкүл киргизүүнү сунуштап жатканын Алексей Елисеев билдирди:

- Байкоочулар кеңеши ар түрдүү адамдардан турат. Алардын айрымдары бийлик тараптан дайындалат. Экинчи тобу фонддун башкармалыгынан кирет. Үчүнчү топ көз карандысыз тараптан болот.

Бирок азчылыкты түзө турган оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү Байкоочулар кеңешинин ишине таасир эте албасын коммунисттик фракциянын лидерлеринин бири Николай Байло билдирди:

- Бүгүнкү күндө маселе өлкөнүн стратегиялык тармагы болгон энергетика тармагын менчиктештирүүдө болуп жатат. Бул үчүн референдум өткөрүш керек.Эл чечиш керек аны. Ошондуктан биздин фракция “Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы добуш берет. Мыйзамдын каеринде Байкоочулар кеңешке оппозициядан өкүл кирери жазылып турат? Андайы жок. Ал кеңеш чечим менен гана түзүлөт экен. Ал эмнеге таасир эте алат? Азчылыкты түзгөн оппозиция өкүлдөрү Байкоочулар кеңешинде эч нерсеге таасир эте албайт.

Өнүктүрүү фондунун Байкоочулар кеңеши да түзүлүп, анын төрагалыгына Мелис Эшимканов дайындалды. Калган мүчөлөрү азырынча дайындала элек.

Ошентип, “жогорку өкмөт” катары турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттик толук куралып бүттү. Эми ал өлкөдөгү бардык активдерди топтоп, акчаны кайда жумшоо ишин жигердүү улантат. Бийлик сересинде түзүлгөн мына ушундай жагдайда өкмөттү жоюп, аны Өнүктүрүү агенттигинин “күндөлүк иштер боюнча бөлүмү” атап коюу туура болчудай. Анткени өкмөт күндөлүк иштер менен гана алек болоорун, ал эми өнүгүү жагын Өнүктүрүү фонду тейлерин экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиев да билдирди. Ал ошондой реалдуу өнүгүү болуш үчүн өндүрүш уюштурулуш керектигин белгиледи.

Бирок Өнүктүрүү агенттиги артыкчылык берген төрт тармак бул кызмат көрсөтүү жана социалдык тармак гана болууда. Ошол эле иппотека, айыл чарбасын насыялоо, лизинг жана дыйкандардын түшүмүн сатып алууну жаңы өндүрүш деп айтуу кыйын. Бул иштерди мамлекет буга чейин аткарып келген. Эми болсо аларды аткарууда мамлекет фондду ортомчу катары пайдалана турган болууда жана ушул нерсе жаңыча башкаруу, инновация катары көрсөтүлүүдө...

“Ак жол” алдастаганда...

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясын алдастаткан билдирүү жасалды. Эки мүнөт берилген убакытта социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева бийликтеги азыркы абалга өз көз карашын айтып үлгүрдү:


- Урматтуу коллегалар Кыргызстан азыркы кезде кейиштүү мезгилди башынан кечирүүдө. Оппозиция айткан Кокон хандыгы орноп калды. Азыркы мезгилде Ак үйдө, жогорку бийликте беш Бакиевдер иштеп жатат. Мен Ак үйдү каптаган алардын майда туугандары тууралуу сөз кылбай эле коеюн. Бакиевдин бир тууган жээни Ак үйдө Кыргызстандын кадр саясатын
Оппозиция айткан Кокон хандыгы орноп, азыр жогорку бийликте беш Бакиев иштеп жатат... Роза Отунбаева
жүргүзүп жатат. Иш жүзүндө эки өкмөт түзүлдү. Үсөнов "дублер" болууга макулдугун берди. 2005-жылы ыңкылапка көтөрүлгөн жүз миңдеген адамдар жийиркенүү жана кашайуу менен Акаевдын бийлигин чыңдагандар бийликке дайындалып же сатып алып жаткандарын карап турушат. Ыңкылапты жасаган Исаков, Бекназаров, Бөлөкбаев сотторго каттап жүрүшөт. Оппозиция лидерлерине эки-үч иш козголгон. Алардын балдары баш паанек сурап качып жүрөт.

Социал-демократиялык фракциянын бул сөзү “ак жолчулардын” “алдастаган” каршылыгын жаратты. Фракциянын лидери Улукбек Ормонов “элди бөлбөө” темасын көтөрүп чыкты:
Президент өзүнө жоопкерчиликти алып, реформаны баштап отурат...Улукбек Ормонов

- Коллегаларыма кайрылып кетет элем. Ушу элди бөлүп-жарбасак. Кокон хандыгы келип калды, басып кетти деген эмнени түшүндүрөт?.. Ар бирибиз сөзгө баа берели. Бүгүн элдин турмушун оңдоп, экономиканы көтөрө турган убакыт келди. Президент өзүнө жоопкерчиликти алып, реформаны баштап отурат.

Ал эми Аскарбек Шадиев мектептер салынып жатпайбы деген каяшасын айтты:

- Бүгүнкү күндө мамлекет алыскы региондорго реалдуу түрдө көңүл буруп жатат. Ал жакта мектеп, жол, көпүрөөлөр курулуп жатат. Жөн эле кимдир-бирөө башкарып жатат, ал эмнеге көп деш...Мен билбеймин бул туура эместир. Биз кайда баратканбызбы карашыбыз керек да. Экономика реалдуу өсүп жатат. Ошондуктан биз элди бөлбөшүбүз керек.

Бийликтин деградациялануу тепкичтерин болсо “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев санап берди:


-Саясатчылар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынын деңгээлинде ой жүгүртүп, элдин кызыкчылыгын коргош керек. Муну биз патриотизм деп айтабыз. Андан кийин төмөнкү тепкич бул регионализм. Бакиевди биз ушул кезге чейин регионалист, түштүктүктөрдү гана колдойт деп айыптап келдик. Андай болсо ал өлкөнүн калкынын жарымын колдомок.
Төрт жыл ичинде Бакиевдин командасы жана идеологиясы беш тепкичке төмөн түштү... Өмүрбек Текебаев

Ал андан да төмөнкү тепкичке түштү, бул трайбализм деп аталат. Биз трайбалист Бакиев дедик. Андай болсо дагы социалдык баалуулугу болгон. Анткени ичкиликтер кыргыз элинин үчтөн бирин түзүп, Бакиев кыргыз элинин үчтөн биринин кызыкчылыгын коргомок. Бакиев андан да тепкичке төмөн түшүп, непотизмге келди. Непотизм деген - бул кандаш туугандарынын кызыкчылыгын коргоп, ошолорго таянууну билдирет. Непотизмден да эң төмөнкү бешинчи тепкич бул жеке кызыкчылык. Бүгүн Бакиев жатындаштары жана жатындаштары эмес болуп, экиге бөлүнүп чабышып жатышат. Ошону менен төрт жылдын ичинде Бакиевдин командасы жана идеологиясы деградация болуп беш тепкичке түштү.

Партия лидеринин мындай баасы бийликтин жаалын келтирип, прокуратура дароо эле Өмүрбек Текебаевди чакырып, эскертүү бергенге үлгүрдү.

Ошентип үй-бүлөлүк башкаруу темасы узап бараткан жумада коомчулукта катуу талаш-тартыштарды жаратты.

2005-жылы март ыңкылабы учурунда Курманбек Бакиев үй-бүлөсүн, аялын бийликке аралаштырбоого ант берген эле. 2006-жылы июль айында УТРКага берген интервьюсунда президент Курманбек Бакиев баласы Максим тууралуу сөздөргө карата мындай оюн ачыктаган:
Менин балдарым эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу бир да бизнеске аралашпайт... Курманбек Бакиев, 2006-жылдын июль айы.

-Кичи баламды деле айтып жатышпадыбы, бизнеси, андай-мындай деп. Максим мектептен бери, студент болгондон бери ишкерлик кылып жүрөт. Мен президент болгондон кийин айттым, балам эми токтотуш керек. Туура түшүндү. Бизнесин Кыргызстанда жапты. Анын бизнеси жок. Анын бизнеси Казакстанда, Россияда, чет өлкөлөрдө. Кыла берсин. Эмне үчүн мен балама тоскоолдук кылышым керек. Менин балдарым эч качан Кыргызстанда болуп жаткан майда болобу, чоң болобу бир бизнесине аралашпайт. Ким бирөөлөр менин балдарыма жамынып, ушу чон баласы, кичүү баласы дегендерге эч ишенбеш керек.

Бирок андан бир-эки жыл өтпөй “Азиауниверсалбанктын” курамына “Промстройбанктын” жутулушу, “Манас” банкынын түзүлүшү, аларга бюджеттик төлөмдөрдү жыйноо укуктарынын толук берилиши президенттин уулунун Кыргызстандагы бизнеси деп аталган айсбергдин учу гана экени айтылып келет.


Оппозиция-бийлик

Президенттин акыркы кадрдык саясаты, MGN GROUP өңдүү белгисиз, менчик топтун өлкөнүн стратегиялык ишканаларынын, Өнүктүрүү фондунун активдерин башкарууга укук алышы бийлик менен оппозициянын каршылашуусунун жаңы барагын ачты. Оппозиция тараптан кескин билдирүүлөр чыгып, бийликтин эч нерседен тартынбаган кадамдарына жооп берүүнүн айласы карала баштады.

Баары көзөмөлдө деген бийлик оппозицияга парламенттеги негизги эмес комитеттерди берүүдөн да баш тартты.

Белгилүү болгондой, узап бараткан жумада Жогорку Кеңеш жаңы структарасын бекитип, көп узабай жаңы комитеттердин төрагаларын шайлады. Анда социал-демократтарга бир да комитет берилген жок. Ага нааразы болгон социал-демократтар Жогорку Кеңештен чыгып кетишти.

Негизи, буга чейин парламентте 12 комитет болсо, эми 9 комитет болот.

Алардын сегизин “ак жолчулар”, социалдык саясат боюнча бир комитетти коммунисттик фракциянын өкүлү жетектей турган болду. Ошону менен социал-демократтар парламенттин ишине таасир этүү боюнча минималдык мүмкүнчүлүгүнөн да ажырады.

Ал эми оппозициянын калган бөлүгү соттордон башы чыкпай келатат. Узап бараткан жума ичи оппозиция лидерлеринин бири Исмаил
Исаковдун үстүнөн сот жүрдү. Суралган ондогон күбөлөр Исаковго каршы көрсөтмө берген жок. Алардын айрымдары генерал менен бирге кызмат кылганына сыймыктанаарын жарыялады. Маселен, 1994-жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн катарында келген, акыркы мезгилде Коргоо министрлигинин медициналык кызматын жетектеген полковник Мухамеджанов Назарбек сот залында мына ошондой билдирүү жасады:

- Исмаил Исаков министр болгондон кийин медицина тармагын көтөргөнчөлүк мындан кийин да 10 жыл бою эч ким көтөрө албайт деп ойлоймун. Себеби медициналык мекемелер 90% оңдолуп бүттү. Медициналык жабдуулар алынып, биздин аскерлер, офицерлер жарандык ооруканаларга барбай калды. Мен ушул Исмаил Исаков менен кызмат кылганыма сыймыктанамын. Бул кишинин жасаган иши тарыхта калат деп ишенемин.

Мухамеджанов Исаковго коюлган күнөөлөрдө саясат бар экенин ачыктады.

Белгилүү болгондой Исмаил Исаковго Балыкчыдагы аскердик бөлүктө аскердик техника, автоунаалардын жоголушу боюнча айып коюлган. Соттук териштирүүдө болсо автоунаалардын көпчүлүгү Исмаил Исаков коргоо министри кызматынан кеткенден кийин сатылганы же саттыкка коюлганы ачык болду. Ал иштердин баары Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каимов менен байланышууда.

Эми Бишкек гарнизондук сотунда 11-ноябрдан тарта Нурдин Каимовдун өзү, андан кийин Коргоо министрлигинин жогорку кызматкери Таалай Сатыбалдиев жана Исмаил Исаков сурала баштайт.

Исмаил Исаковдун сотунда мына ушундай жагдай түзүлсө, Петровка айылындагы баш-аламандыкка байланыштуу сотто милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловго каршы көрсөтмө бере башташты.

Ошондуктан оппозицияга байланыштуу соттордо жакын арада өкүмдөр чыга башташы күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG