Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Инвесторлордун "бейиши" жана кейиши


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банктын “Doing Business - 2018” иликтөөсү боюнча Кыргызстан былтыркы жылга салыштырганда дагы эки позиция артка кеткен.

Ошол эле учурда президент Жээнбеков жакынкы жылдары Кыргызстан “инвестициялык оазиске” айланарын билдирүүдө. “Арай көз чарай” берүүбүздө Кыргызстанда ишкерлик кылуунун күңгөй-тескейи, инвестициялык мүмкүнчүлүгү жана келечеги жөнүндө кеп кылдык.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы Нурадил Баясов жана Эл аралык кызматташтык уюмунун Борбор Азия кеңсесинин башчысы Мурат Исмаилов катышты.

“Азаттык”: Нурадил мырза, Кыргызстан 2017-жылга салыштырганда эл аралык “Doing Business - 2018” рейтингинде эки позиция артка кеткени айтылса, башка булактарда “жылыш байкалууда” деген маалыматтар чыгып жатат. Чыныгы абалыбыз кандай?

Нурадил Баясов.
Нурадил Баясов.

Нурадил Баясов: Дүйнөлүк банктын акыркы иликтөөсүндө Кыргызстандын ишкерлик кылуу позициясы жети орунга көтөрүлгөн, б.а. абалды жакшырта алдык десек болот.

Ал рейтинг биздин Экономика министрлиги, башка тиешелүү мамлекеттик мекемелер берген маалыматтардын негизинде түзүлөт. Баарыбызга белгилүү, "Doing Business" он индикатордун негизинде сурамжылоо жүргүзөт, талдайт, отчет түзөт.

Анда миноритардык жана соода жүргүзүү жагынан ж.б. бир топ индикаторлорду Кыргызстан жакшырта алдык, ошонун эсебинен жылыш бар.

“Азаттык”: Мурат мырза, эгер 2017-2018-жылдарды салыштырганда Тажикстан беш, Өзбекстан он үч, Орусия да беш тепкичке көтөрүлгөн. “Аймактагы эң либералдык экономиканы Кыргызстан жүргүзөт” деп келдик эле. Рейтингдеги абалды эске алганда, экономикалык аракеттерибиз аксап жаткан жокпу?

Мурат Исмаилов.
Мурат Исмаилов.

Мурат Исмаилов: Биздин көрсөткүчтөр деле жаман эмес. Бир жыл ичинде жети позиция алдыга жылганыбыз - жакшы көрүнүш.

Бирок, кошуналарыбызда абал бир топ жакшы. Казакстан рейтингде 30 менен 40тын ортосунда келе жатат. Өзбекстанда жаңы бийликтин келиши менен чоң өзгөрүүлөр болду.

Ыкчам аракет, жигердүү саясат болуп жаткандыктан ушундай секириктер болуп жатат десек болот. Бул тармактын тарыхына кайрылсак, “Doing Business “ боюнча Кыргызстандын позициясы 2009-жылы жакшырганын байкайбыз, анда биз 41-орунда болгонбуз.

Ошондон бери рейтингибизди жоготуп отуруп, 77-орунга чейин келдик. Эң негизги себеби - өлкөдө комплекстүү иш болбой жатат. Ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу Экономика министрлигинин же Инвестиция агенттигинин эле иши эмес, бардык мамлекеттик органдардын милдетине айланышы керек.

Индикаторлорду аткарыш үчүн дагы көп мамлекеттик органдар жигердүү иштеши зарыл. Айталы, сот реформасынын жакшы жүрбөгөнү, экономикалык көп маселелердин акыйкат каралбаганы Кыргызстандын рейтингине терс таасирин тийгизип жатат. Индикатор боюнча салык саясатында да көп маселелер чечилбей жатканы айтылууда. Ишканалардын электр энергиясына кошулуу, үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чечилбеген көп маселелери бар экени көрсөтүлгөн. “Кыргызстанда электр энергиясы көп, арзан” деп мактанабыз, иш жүзүндө аны көрсөтө албай жатабыз.

“Азаттык”: Нурадил мырза, эл аралык рейтингди аныктоодогу индикаторлордун талаптарын аткаруу Кыргызстан үчүн кыйынбы же маани бербей жатабызбы?

Нурадил Баясов: Биздин өкмөттүн алдыдагы үч жыл аралыгында рейтингде алдыңкы 50 мамлекеттин ичине кирүү максаты бар. Ал үчүн бардык министрликтерге, башка мекемелерге комплекстүү иш алып баруу боюнча талап коюлуда. Инвестициянын келишине ар бир мамлекеттик органдын үлүшү, салымы болушу керек. Алардын ишинин натыйжасы канча инвестиция тартканы менен ченелиши керек деп ойлойбуз.

Индикаторлордогу позицияларды жакшыртуу боюнча конкреттүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек. Салык саясатында, ага байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Жол, суу, электр энергиясы менен камсыз болуу сыяктуу инфратүзүмдөрдү (инфраструктураларды" жакшыртуу боюнча да иштер алдыга жылууда.

Бизде электр энергиясынын келечеги кең болгону менен анын он пайызын эле колдонуп жатабыз. Биз мындан башка мүмкүнчүлүгүбүздү толук иштетишибиз зарыл. Ушундай мамиле менен иш алып барсак, буюрса алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулабыз.

Мурат Исмаилов: Биздин мамлекеттин, өкмөттүн “Кайсы тармактар инвесторлорду кызыктыра алат?” деген суроого так жообу болушу керек. Жаңы инвестор Кыргызстанга келбей жатып эле кайсы тармакка барыш керек экенин талдайт.

Иштеп жаткан инвесторлорго Кыргызстан кандай шарт түзүп берди, кандай мамиле кылып жатат - ошонун баарын байкап турат. Улам кийинки жаңы инвесторлордун келиши мурдагы же учурда иштеп жаткан инвесторлорго карата жасалган мамилеге жараша болот.

Акыркы убакта тоо-кен тармагына байланыштуу жер-жерлерде болуп жаткан жаңжалдар жаңы инвесторлордун келишине, келерки жылдагы Кыргызстандын “Doing Business” рейтигине тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Кыргызстанга эл аралык деңгээлдеги жакшы аты бар компания келсе, анын аркасы менен башкалар да келе баштайт. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатпайбы…

(Талкуунун видео вариантын ушул жерден көрүңүз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG