Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 04:11

Доналд Лу: АКШ Кыргызстанга акчаны карызга эмес, жардамга берет


Доналд Лу "Азаттыктын" студиясында, 13-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Элчи мырза, "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесине куш келипсиз. 12 жылдан кийин кайра кайтып келгенде өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Доналд Лу: Мен үчүн "Азаттыкка" келгеним чоң сыймык. Узак убакыттан кийин кайра силердин студияңарга келгениме абдан кубанычтамын. Силердин радио, телеберүүлөр мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин тушунда кандай кысымга туш болгону азыр да эсимде. Азыр эми кайтып келип, силер алдыңкы, күчтүү маалымат каражатына айланып, коом үчүн мурдагыдан да маанилүү кызматыңарды улантып жатканыңарды көргөнүмө абдан куштармын.

"Азаттык": Сиз АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде 2000-жылдардын башында үч жылдай иштеп, 2005-жылкы жоогазын ыңкылабына күбө болгонсуз. Азыр кайтып келгенде Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөрдү көрө алдыңыз?

Доналд Лу: Абдан чоң өзгөрүүлөрдү көрүп турам. Аларды мен эле эмес, көп жылдан кийин кайтып келген ар бир адам байкаса керек. Кооз, жаңы имараттарды, оңдолуп-түздөлгөн парктарды, көз жоосун алган жаңы дүкөндөрдү, жолго батпай кеткен машинелердин тыгынын көрүп турам. Аялым менен балдарыма биз сентябрь айында Бишкекке кайтып келгенде аэропорттон чыгаар замат "үйүбүзгө кайтып келгендей сезип турам" дедим. Анткени Кыргызстандын эли эч убакта өзгөрбөйт. Дүйнөдөгү эң мээримдүү, жылуу адамдар. Бул сөздөр 12 жыл мурда кандай чындык болсо, азыр деле ошондой.

"Орток баалуулуктар үчүн ийиндеше иштешели"

"Азаттык": Кыргызстан көп жылдар АКШ менен кандайдыр атайын алака-катыш күтүп, бир топ колдоо, жардам алды. Конструктивдүү кызматташтык мамиледе болуп келди. Кийинчерээк кырдаал өзгөрдү. Үч жыл мурдараак Кыргызстан АКШ менен 1993-жылы кол коюлган кызматташтык келишимин бир тараптуу токтотту. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки өлкө ортосунда жаңы документ даярдалып жатканын айткан эле. Бул жаатта жылыш барбы?

Доналд Лу: Биз сөзсүз бул багытта күн сайын иштеп жатабыз. Жылыш буюрса жакында болот деп ишенем. Белгилеп кетким келет, биздин Кыргызстан менен атайын мамилебиз токтоп калган жок, азыр да бар. Анткени Кыргызстанда күчтүү демократия бар. Кыргыз эли сөз эркиндигин терең урматтайт, абдан активдүү жарандык коом иштеп жатат. Ушунун баарын эске алып, АКШ Кыргызстанга акыркы 27 жыл ичинде олуттуу каражат салды. Ар кандай долбоорлорго Вашингтон 2 миллиард доллардан ашуун акча жумшады. Алар грант түрүндө жана кызматташтык алкагындагы өнүгүү долбоорлоруна сарпталды. Айрым өлкөлөрдөй бул каражат карызга насыя түрүндө берилген жок. Биз акчаны Бишкектеги Борбор Азиялык Америка университетине, айыл чарба тармагын модернизациялоого, билим берүү программалары менен полициянын реформасына жумшадык. Мындай иштерди биз келечекте да кыргыз өнөктөштөр менен бирге уланта беребиз.

"Азаттык": Ошентсе да, азыркы дүйнөдө эки өлкө ортосундагы мамилелер ошол өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жараша аныкталаары айкын эмеспи. Кошмо Штаттардын кандай кызыкчылыктары Кыргызстан менен мамилелерди аныктоодо башкы ролду ойнойт?

Доналд Лу: Элчи катары мен үч багыттагы иштерди колго алгым келет. Биринчиден, эки өлкө ортосунда терроризмге каршы күрөштөгү кызматташтыкты жакшыртуу. Кыргызстан жана АКШ экөө бирдей чет элдик террорчул уюмдардын жана өз өлкөбүздүн ичиндеги радикалдашуу коркунучуна кабылып отурат.

Экинчиден, кыргыз өкмөтү менен өлкөдөгү бизнеске шарттарды жакшыртуу багытында иштешким келет. Бул ишти чет элдик, алардын ичинде батыштык, америкалык инвестицияны тартуу үчүн сөзсүз колго алуу керек.

Үчүнчүдөн, бийликтегилер жана жарандык коом менен демократия, адам укуктары жаатындагы диалогду жакшырткым келет. Бул маселеде бир мамлекет экинчисине акыл үйрөтүп, окуткандай болбой, эки демократиялык өнөктөш орток баалуулуктарды бекемдеш үчүн ийиндеше иштешип кетишибиз керек.

Демократиянын илеби

"Азаттык": Кыргызстандыктар бешинчи президентти шайладык, 30-премьер-министр дайындалды, коңшулаш өлкөлөрдө бир гана табигый себеп - президенттердин бийлик мөөнөтүнүн аякташына себеп боло алат деп сыймыктанып жүрүшөт. Скептиктер да жок эмес. Сиздин көз карашыңызда, Кыргызстанда азыр реалдуу демократия, парламенттик демократия доор сүрүп жатабы?

Кыргызстандын калкы азыр ич ара байланышуу, добушун бийликтегилерге жеткирүү жагынан болуп көрбөгөндөй жаңыланууга кириптер болуп жатат. Ушунун баары демократиянын белгиси.

Доналд Лу: Менимче, Кыргызстан акыркы 27 жыл ичинде жасаган жылыштары менен чындап сыймыктанса болот. Азыр мен абдан көп жаш журналисттер жаңылыктарды жазып, окуяларды чагылдырып жүргөнүн көрүп турам. Парламент мүчөлөрү аларды шайлаган эл менен жолугуп, ишинин жыйынтыктарын айтып берип жатышат. Кыргызстандын калкы азыр ич ара байланышуу, добушун бийликтегилерге жеткирүү жагынан болуп көрбөгөндөй жаңыланууга кириптер болуп жатат. Ушунун баары демократиянын белгиси. Биз бул өлкөдөгү ушундай өсүш, өнүгүүлөрдүн баарын колдоону уланта берерибизди сыймыктануу менен айта алабыз.

"Азаттык": Сиздин ордуңузда мурда иштеген кесиптештериңиз, айрым мурдагы элчилер "тилекке каршы, Кыргызстан менен АКШ ортосундагы мамилелерде Москва абдан чоң роль ойнойт, Бишкектин тышкы саясатында Кремлдин таасири күчтүү" деп айтканы бар. Азыр эми Кыргызстанда жаңы жетекчилик иштеп жатат, кырдаал өзгөрдүбү же мурдагыдай эле калыпта уланып жатабы?

Доналд Лу: Мен андан да ары айта алам. АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелери Вашингтон менен Москванын алакасына абдан көз каранды. Белгилеп кетейин, Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Америка менен Орусиянын алакаларын жакшыртуу абдан маанилүү маселе деп эсептейт. Орусиянын президенти Владимир Путинди Ак үйгө чакырып, "эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө жолдорун талкуулайлы" деп сунуштады.

Кыргызстанга келсек, биз күн сайын ортодогу алакаларды күчтөндүрүүгө бардык аракетибизди жумшап жатабыз. Мен жакында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуу сыймыгына ээ болуп, канткенде эки өлкөнүн мамилесин мурдагыдан жакшырта алабыз деген ойлорубузду ачык айтып маектештик. Президент Жээнбековдун бардык башкы өнөктөштөр, анын ичинде Кошмо Штаттар менен да алакаларды бекемдөө ниети бар экенине чындап ынандым.

Спортко айланган саясат

"Азаттык": Сиз буга чейин Африка, Индия, Пакистан, мурдагы советтик өлкөлөрдө дипломатиялык кызмат өтөптүрсүз. Дегеле Кыргызстандай мамлекет тышкы саясатын аныктоодо кандай башкы артыкчылыктарга таянышы керек деп ойлойсуз?

Доналд Лу: Көпчүлүк өлкөлөр биринчи кезекте коңшулаш мамлекеттер менен конструктивдүү, ынтымактуу мамиле түзүүгө умтулат. Экинчиден, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттер менен жакшы мамиледе болгону оң. Үчүнчүдөн, өнүгүп келаткан өлкөлөр бардык негизги донор мамлекеттер менен жылуу алака түзүүгө аракеттенет. Кыргызстан азыр ушул үч багытта тең активдүү иштеп жатканы байкалат жана жакынкы келечекте биз бул жаатта тийиштүү жемиштерди көрө алабыз деп ишенем.

"Азаттык": Айрым чет элдик, жергиликтүү эксперттер Кыргызстанда саясат баарына үстөмдүк кылып, эл абдан саясатташып, анын айынан экономика аксап жатат деп айтып калышат. Айрым кирешелүү объекттер сатыкка коюлган тендерлер ойдогудай жыйынтык бербей, чоң инвесторлор келбей жатышат. Алар эмнеден чочулап, Кыргызстанга келбей жатышат?

Доналд Лу: Сиздин айканыңызга кошулам. Кыргызстандын калкы саясатка абдан кызыгат. Америкалыктар да саясатты талдаганды жакшы көрүшөт. Бул демократиянын бир бөлүгү болсо керек. Саясат бизге спорттой эле болуп калган.

Айрым эксперттер Кытай Кыргызстанга ири инвестицияларды салып, бирок ошонун көбү карыз түрүндө берилип жатканына көңүл бурушат. Ал маселени Жогорку Кеңеш да көтөрүп, кайсы бир мамлекетке тышкы карыздардын жарымынан ашыгы туура келбеши керек деген чектөө киргизди. Кытай ошол чекке чукулдап калды чынында. Жакынкы бир нече жыл ичинде жагдай балансташтырылып, кайсы тарап карызды олчойтуп берип атат, кайсы өлкө Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп жатат деген маселе талданып жыйынтыктар жасалат го.

АКШ, Европа, Жапония, Корея - баары Кыргызстан менен соода алакаларын кеңейтип, инвестиция салууга абдан кызыкдар экенин ишеничтүү айта алам. Бул үчүн аларга эмне керек? Кыргызстанда иштөө, бизнес жүргүзүү, соода кылуу үчүн кандай шарттар түзүлгөнү тууралуу ар тараптуу маалымат жана бул жакка келгенде коррупцияга туш болбойсуңар деген кепилдик керек. Биз азыр америкалык бизнес өкүлдөрү Кыргызстанда активдүү иштеш үчүн керектүү маалымат топтоп, жол ачууга көп аракет жасап жатабыз.

Уурдалган байлыкты кайтаруу аракети

"Азаттык": Мурдагы кыргыз жетекчилери "АКШ, Британия, башка Батыш өлкөлөрү Кыргызстандагы демократиялык аракеттерди, элдик толкундоо аркылуу келген бийликтерди мисалы, Украина, Грузиядагыдай колдогон жок. Качып кеткен президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана алардын кланына кирген кишилердин уурдап кеткен акча, башка байлыгын кайтарууга жардамдашкан жок" деген нааразылыгын айтып калышчу. Бул маселеде келечекте кызматташтык болушу мүмкүнбү?

Доналд Лу: Мен эки ай мурун Бишкекке келгенден бери дал ушул маселе боюнча абдан жемиштүү жолугушууларды өткөрдүм. Кыргыз өкмөтү, парламент ушул маселеге абдан чоң маани бере турганын билем. Кыргызстан негизги өнөктөш өлкөлөр менен уурдалып чыгарылып кеткен каражат, байлыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келатат. АКШ ушул тапта да Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Башкы прокурордун кеңсеси менен активдүү иштешип жатат. Биз үчүн да Кыргызстандан убагында мыйзамсыз жолдор аркылуу уурдалып чыгарылып кеткен каражатты кайтаруу абдан маанилүү маселе.

"Азаттык": АКШ тарыхый салт катары башка өлкөлөр менен мамиле курууда ал жердеги адам укуктарынын абалына, сөз эркиндиги, маалымат каражаттарына түзүлгөн шарттарга башкы басым жасап келген. Азыр деле ошондойбу? Андай болсо, Кыргызстандагы абалга кандай баа берет элеңиз?

Доналд Лу: Сөзсүз, бул маселелер бир гана АКШ эмес, Кыргызстандын бир далай башкы өнөктөштөрү үчүн да абдан маанилүү маселелер бойдон кала берет. Акыркы бир нече ай ичинде болуп жаткан диний экстремисттик адабият тууралуу талкууларды карасаңыз. Талкууга жакында Жогорку Кеңеш да катышты.

Бир нерсени айта кетейин, дүйнөдө бардык диний экстремисттик адабиятты колго түшүрүп, аларды тараткандарды камакка алуу азыр мүмкүн болбой калды. Интернет, социалдык тармактар өнүккөн заманда жашап жатпайбызбы. Экстремисттик уюмдар өз идеялары менен ураандарын дүйнөнүн булуң-бурчуна, анын ичинде Кыргызстанда да таратып жатышат. Биз жашап жаткан коомдор үчүн бул чоң көйгөйгө айланды.

Ирак, Сирия, Ооганстан жана башка жактардагы уруштарга катышкан кыргызстандыктар бар. Экстремисттик, радикал уюмдарга алданып, жалданып кеткендерди токтотуш үчүн кандайдыр аракет көрүлүшү керек. Башка өлкөлөрдү карап көрсөк, экстремисттик уюмдардын идеяларын, адамдарды азгырган жаман ойлорун жеңиш үчүн аларга атаандашып жеңе турган позитивдүү, элди ынандыра алчу ойлор, идеялар айтылышы керек, таратылышы керек. Кыргызстанда мисалы, диний маселелерде сабырдуулук, толеранттуулук салты калыптанып калды. Аны жайылтууда диний уюмдардын да ролу чоң. Бул көпчүлүк сыймыктана турган жакшы салт. Жаштарды, өсүп келаткан муунду ошол нукта тарбиялап, сабырдуулукту андан ары жайылтып күчтөндүрсө болот деп ишенем.

"Демократияны эл өзү коргоп алат"

"Азаттык": Сөз эркиндиги жаатындагы абалды кандай баалайсыз?

Доналд Лу: Маалымат каражаттарынын абалы Борбор Азиянын башка мамлекеттерине караганда мыкты деп айта алам. Бул жаатта айрым маселелер бар экенин да билем. Курманбек Бакиевдин тушунда "Азаттыктын" берүүлөрүн радио, ТВдан чыгарып салганда, коомчулук нааразылык билдирип көчөгө чыкпады беле. Демократия ушундай болот. Маалымат каражатына бийликтегилер басым жасагысы келсе, эл аны өзү эле коргоп алат. Чыныгы демократия деп ушуну айтабыз.

"Азаттык": Аягында бир суроо бере кетейин. Азыр айрым кыргыз жаштары ичиндеги аруу кыялдарын турмушка ашырып, бактылуу, байгер жашоого жетиш үчүн кандай жол менен болсо да Америкага барышым керек деп ойлошот. Сиз Кыргызстанда төрөлүп өскөн жаш жигит болсоңуз, ошентип ойлойт белеңиз? Биздин жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Доналд Лу: Биз Америкадагы жогорку окуу жайларында билим алгысы келген кыргызстандык жаштардын баарына кош келиңиздер деп кайрылгыбыз келет. Окуп, билим алып, АКШдагы университеттер менен таанышкысы келген студенттер канчалык көп болсо, Кыргызстан менен Америка үчүн бул эң пайдалуу маселе. Бирок ошол жаштар билим алгандан кийин Кыргызстанга кайтып келишин каалайбыз. Мен шаарда, региондордо жолуккан кыргыз жаштары ушул жерде жашагысы келерин, башка жакта окуса да кайра кайтып келүүгө умтуларын байкайм. Дегеле кыргызстандыктардын көбү ушул жер алар үчүн ыйык экенин, мекени экенин айтып баса белгилегенин көп учуратам.

Чет жактарга барып окуп, иштегиси келгенин түшүнөм. Бирок эң акылдуу, жөндөмдүү катмарды түзгөн адамдар сөзсүз мекенине кайтып келип, жергиликтүү коомдун, мекенинин өнүгүшүнө салым кошсо мыкты болмок. Азыркы кыргыз жаштарына айтаар элем, Америкага барып окугула, билим алгыла, жаңы тажрыйба үйрөнгүлө. Бирок кайтып келип, ошол билимиңерди, тажрыйбаңарды Кыргызстандын өнүгүшүнө иштеткиле дегим келет. Күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды силер курушуңар керек.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG