Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

АКШнын Борбор Азияга мамилеси эми эмнеге негизделет?


Вашингтондо америкалык расмий өкүлдөр АКШнын Борбор Азиядагы приоритеттери жана болочок саясаты боюнча түшүндүрмө беришти. Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгын 20 жыл ашуун мурда эң биринчилерден тааныган Кошмо Штаттар жакында аймак боюнча стратегиясын кайра караганы маалым болгон эле.

Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкен (Anthony Blinken) Вашингтондогу Брукингс институтунда сүйлөп жатып билдиргендей, Кошмо Штаттардын Борбор Азияга мамилеси эми бир жагынан “терроризм жана кыянатчыл экстремизмге каршы глобалдык аракеттерге салым кошуп жаткан Борбор Азиянын коопсуздугу жана стабилдүүлүгү Кошмо Штаттардын да коопсуздугун бекемдейт”, - деген идеяга негизделмекчи.

Ал эми коопсуздук жана стабилдүүлүк өз кезегинде Борбор Азия өкмөттөрүнүн аракеттерине көз каранды болот:

- Стабилдүүлүк эгер Борбор Азия өлкөлөрү суверендүү жана көз карандысыз болушса, чек араларынын коопсуздугун кепилдей алышса, өз ара жана Азиянын өнүгүп келаткан экономикалары менен байланышта болушса, жарандар алдында жоопкер өкмөттөрдөн пайда көрүшсө гана эң жакшы камсыздалат.

АКШ мамлекеттик катчыcынын орун басары Энтони Блинкен Кошмо Штаттар бирок мурдагыдай эле аймакта эркин басма сөздү жана ачык саясий система өкүм сүрүшүн колдоону улантарын да ырастады:

- Борбор Азияда биз жарандык коомду, анын жамааттарга кызмат кылуу жөндөмүн, тынчтык жол менен өзгөрүүнүн зарылдыгы тууралуу өкмөттүн кийлигишүүсүз айта алышын колдоону улантабыз. Бул президент Барак Обаманын “Жарандык коом менен бирге” демилгесине шайкеш келет. Биз эркин маалымат каражаттарын, ачык саясий системаларды да колдоону улантабыз. Ошондой эле өз саясий көз караштарын тынч ишке ашырып жатканы же диний ишениминен улам түрмөгө түшкөндөрдү бошотууга чакырабыз. Ага катар экономикалык айкындуулукту жана коррупция менен күрөштү колдойбуз.

Адатта америкалык расмий өкүлдөр Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан бийликтери менен сүйлөшүүүлөрдө адам укуктарына байланышкан проблемаларды такай көтөрүп келе жатышкандыктарын, мында тең салмакталган мамиле зарылдыгын айтып жүрүшөт.

Бирок соңку он жылдан ашуун убакыт ичинде укук коргоочулар Кошмо Штаттарды терроризмге каршы күрөштө жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкта колдоого алыш үчүн Борбор Азия бийликтери менен соодалашууларга барып, адам укуктары жаатындагы көйгөйлөргө көз жумуп койгону үчүн айыптаган учурлар кездешкен эле.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00
Түз линк

Мамлекеттик катчынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Ричард Хогланд (Richard Hoagland) 30-мартта Вашингтондогу Жоржтаун университетинде сүйлөгөн учурунда Борбор Азия менен адам укуктары жаатындагы кырдаалды жакшыртуу үстүндө иштөөдө санкцияларга караганда сабырдуулуукка негизделген дипломатия эффективдүүлүгүн көргөзөрүнө басым жасады.

“Борбор Азияда сабырдуу, салттуу, ыраттуу, ар бир учурду өз-өзүнчө караган дипломатия иштейт”, - деген адис буларды кошумчалады:

- Биз Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктары боюнча абалды жакшыртуу үчүн ырааттуу аракеттендик. Бирок бул чөйрөдө өзгөртүү жасоо албетте оор экенин жана көп убакытты талап кылганын билгенбиз. Жылыш акырындык менен кетүүдө. Биз ар бир өкмөттү реформалар алардын улуттук кызыкчылыгындагы маселе экенине ынандыруубуз керек.

Вашингтондогу Брукингс институтундагы жыйында АКШнын Борбор Азиядагы экономикалык саясаты тууралуу да сөз болду.

АКШ-Кытай долбоорлору кайчы эмес

Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкен белгилегендей, АКШнын пикиринде, Борбор Азиянын “эбегейсиз потенциалы Стамбул менен Шаңхай ортосунда экономикалык көпүрө катары кызмат кыла алат”. Бул өз кезегинде америкалык бизнес, технология, инновация аймакта тамыр алышына мүмкүнчүлүк жаратат.

Кошмо Штаттар буга чейин Борбор Азиядагы сооданы колдоо багытында “Жаңы Жибек жолу” демилгесин сунуш кылган эле. Ошол эле учурда коңшу Кытайда “Жибек жолу экономикалык коридорун” түзүү долбоору бар.

АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкендин айтымында, Вашингтон менен Бээжиндин долбоору бири-бирине каршы эмес, тескерисинче, бири экинчисин толуктайт:

- Биз Кытайдын Борбор Азияга тартылуусун жоготуу катары карабайбыз. Анын Борбор Азия инфраструктурасын өнүктүрүүсү биздин аракеттерибизди толуктай алат. Биз бир да өлкөдөн кимдир бирөөгө зыян келтирүү үчүн АКШ менен алаканы тандоону суранбайбыз. Биз башка бирөө мажбурлаган жалган тандоону четке кагабыз. Борбор Азия өлкөлөрүнүн көп вектордуу тышкы жана экономикалык саясатты жүргүзүүгө умтулуусун колдойбуз.

Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкен кошумчалагандай, Орусиянын экономикалык жактан алсырашын азыр Борбор Азия өлкөлөрү да сезүүдө. АКШ Орусиядан туулган коркунучту Борбор Азия өлкөлөрү жакшы түшүнөт деген ойдо.

Америкалык дипломаттардын жогорудагы сөздөрү Вашингтон Борбор Азия боюнча стратегиясын кайра караган учурда айтылды. Буга чейин Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору АКШ менен Борбор Азиянын 2015-жылдан тарта алакасына арналган баяндамасында америкалык күчтөрдүн Ооганстандан кетиши кызматташтыктын табиятын жана деңгээлин өзгөртөрүн болжогон.

Башкача айтканда кызматташтык Ооганстандагы согушка гана байланбай, көп кырдуу болорун, анын ичинде аймактагы бейстабилдүүлүктүн булактарына көбүрөөк көңүл буруларын жазган эле.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG