Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Бейшеналиев: Сотка чукубай, китеп окуйлу


Алмаз Бейшеналиев
Алмаз Бейшеналиев

Кыргызстандагы эң жаш профессор Алмаз Бейшеналиев дүйнөдөгү эң алдыңкы 20 окуу жайга кирген Жонс Хопкинс университетинде окутуучу болуп эмгектенген жалгыз кыргыз.

35 жаштагы Алмаз Бейшеналиев Ат-Башынын кулуну. Ал Нарын университетинде окуп жүрүп Германиянын Штутгарт шаарындагы Людвигсбург педагогикалык окуу жайына которулган. 2007-жылы педагогика жана англис филологиясы багыттарында магистр наамын алган. Европадан Кыргызстанга кайтып келип, 400дөн ашуун бизнес мекеменин башын бириктирген Жаш ишкерлер ассоциациясын түптөгөн. Учурда бул уюм алгылыктуу иштери менен бизнес чөйрөсүндө аброй күткөнгө жетишти.

Бейшеналиев 2012-жылы 30 жашында педагогика илими боюнча кандидаттык ишин жактаган, азыр Варшава шаарындагы Вистула университетинде проректор болуп иштеген. 2013-жылы Америкадагы Жонс Хопкинс университетинде профессор катары эмгек жолун улаган. Ортодо Ататүрк-Алатоо университетинде проректор болуп иштеп, эми кайрадан дүйнөнүн алдыңкы 20 окуу жайына кирген Жонс Хопкинсте илим изилдөө менен алек.

Алмаз ондогон илимий макалалардын, эки китептин, методикалык колдонмолордун автору. Алардын басымдуусу Кыргызстан менен АКШ мамилелерине, билим берүү тармагына багытталган. Ал постдокторлук ишин “Эгемендүүлүктөн бүгүнкүгө карай Орто Азия билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөр” деген темада жазган. Аны Кыргызстандын билим берүү тармагына ичи чыкпагандардын көч башында десек да болгудай. Жаш илимпоз өлкөдөгү аты бар заты жок реформалардан тажаганын айтат.

Ар бир келген адам эле “мен кыйратам” дей бербей, мурунтан уланып келаткан салттуу жакшы нерселерди улантыш керек, өзүнүн кошумчасын кошуш керек. Мурункуну чанып, азыркыны мактай берген – бул пастык.

“Азаттык”: Жонс Хопкинс университетинде кандайча иштеп калдыңыз?

Бейшеналиев: Жонс Хопкинс университетине экинчи жолу келишим. Эки жыл мурун постдокторантураны ушул жерде аяктагам. Жонс Хопкинс университети дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы он университеттин бири болуп эсептелет. Окуу жайдын конок профессор деген атайын изилдөө программасы бар. Ошол программанын негизинде бир жарым жылдык академиялык эргүү алып, ушул жерге келип иштеп жатам. Университеттин эл аралык байланыштар жана дипломатия боюнча факультети бар. Анда Орто Азия, Кавказ, Кытай тууралуу илимий изилдөөлөр жүрөт. Мен ошолордун бири болуп Орто Азиянын жүз жылдык тарыхына арналган бир китептин үстүндө иштеп жатам. Андан тышкары Орто Азиядагы тышкы саясат боюнча магистранттарга, аспиранттарга сабак берем.

“Азаттык”: Кыргызстанда интеллектуалдык деңгээл төмөндөдү дегенге кошуласызбы?

Бейшеналиев: Биз илим-билимге, маданиятка басым жасабаган, улуттун байлыгын, өзгөчөлүктөрүн чагылдырган интеллектуалдык бир журналы жок мамлекетте жашайбыз. Бизде чоң анализдер жүрбөйт. Биз кара сөз түрүндө окуп, кайра аны кара сөз түрүндө гана айтып оозеки салтка көнүп алганбыз.

Мен Кыргызстанда жүргөндө илимий чөйрөдө китепканачылардын көп арызын уктум, музейлерге баруу деген жок. Жаштар китеп окубайт десең маалыматты интернеттен алып жатабыз дешет. Туура, интернет да өзүнчө бир булак. Бирок китепти кармап окуу, ага сүңгүп кирип, изилдеп окуу башка нерсе. Муну чанбаш керек.

Менин эң көп таң калган учурум Германиядагы студенттик күндөрүм эле. Поездге, метрого чыкканда бир да адамды китепсиз көрчү эмесмин. Же китеп, же гезит окуп бараткан болушат. Ушул эле көрүнүштү Польшада жана башка Европа өлкөлөрүндө көрүүгө болот. Бизде окуу деңгээли ылдый, баары эле сотканы, планшеттерди тиктеп калды. Өнүгүү үчүн көп окуп, көп анализдеп, көп ойлонуу керек.

Батыштын негизинде же Латвия мамлекетинин орто мектептери укмуш экен, биз ошондой болуп өнүгүп кетебиз деген сөздөрдөн алысмын. Бул жерде өтө кылдаттык менен ар бир тармактын өзүнүн дарысын табуу керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда жаштар жөнүндө көп сөз болгону менен мамлекеттик кызматтарда иштегендери аз. Сыртта окуган, билимдүү жаштар бааланып, жогорку кызматтарга аралашарына ишенсизби?

Бейшеналиев: Кыргызстандын күн тартибинде сырттан окуп келген жаштарды ишке тартуу деген түшүнүк байкалбайт. Бизде аттын кашкасындай таанымал, айланып атка мине берген үч жүз киши бар. Бийликке ошолор айланып келе берет, кайра кете берет. Сырттан окуп бүтүрдү десе эле, ошолор укмуш билимдүү, элге акыл үйрөткүдөй кыйын деген ойдон да алысмын. Малайзия, Сингапур, Жапониянын деги эле аз убакыт ичинде катуу өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын карап көргөндө, алар индекстүү түрдө окутууну колго алган. Даректүү түрдө окутуу деген нерсе бар. Кыргызстанда узак мөөнөттүк саясат жок, баары күнүмдүк.

"21-кылымдын кадрлары" деп биринчи президент түзгөн программа бар эле. Бийлик алмашканы аталган программа уланбай калды. Эми ошол жаштардын күнөөсү эмнеде эле? Казактардын “Болашак”, тажиктердин “Даракшон”, өзбектердин “Үмит” деген президенттердин улантып келаткан программалары бар. Ушунун негизинде алар чет өлкөдө магистратурада, аспирантурада окуганга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Ар бир келген адам эле “мен кыйратам” дей бербей, мурунтан уланып келаткан салттуу жакшы нерселерди улантыш керек, өзүнүн кошумчасын кошуш керек. Мурункуну чанып, азыркыны мактай берген – бул пастык.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:07 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы сырттан караган кишиге даана көрүнсө керек. Бул тармак кандай реформаларга муктаж?

Бейшеналиев: Бизде реформа десе эле жогору жактан баштайбыз. Реформа жөнүндө сөз болгондо эле университеттерди ачыш керек, жабыш керек, оптималдаштырыш керек деген сыяктуу сөздөр жүрөт. Бул сөздөр канчалык туура болбосун ар бир нерсенин өз убактысы жана тепкичи болот. Биринчи, биз билим берүүнү бала бакчалардан, мектептерден реформалап баштабасак, анда биз тескери баштаган болобуз деп ойлойм. Анткени билим берүү бири-бирине туташкан, уланып турган үзгүлтүксүз процесс болуп эсептелет.

Экинчиден, үй-бүлөлүк тарбия, андан кийин бала бакчадан алган тарбиясы, анан башталгыч мектеп, орто мектеп, жогорку окуу жайлар, андан кийин илимий иштер деп улангандыкктан үзгүлтүксүз өтүп турган процессти аябай кылдаттык менен жүргүзүш керек. Реформа дегенде мектепти ачып-жапкан реформаны көрүп жатпайбызбы. Бул жерде система, окуу планы деген бар, жүрүп жаткан темалардын учурдун талабына жооп берүүсү деген бар. Үйрөтүлүп жаткан материалдардын дүйнөдөгү заманбап шарттарга ылайык келүүсү бар. Бизде реформалайт десе куррикулум (билим берүүдөгү реформанын негизи жана гаранты) деп чыгышат.

Мен Батыштын негизинде же Латвия мамлекетинин орто мектептери укмуш экен, биз ошондой болуп өнүгүп кетебиз деген сөздөрдөн алысмын. Бул жерде өтө кылдаттык менен ар бир тармактын өзүнүн дарысын табуу керек.

“Азаттык”: Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин ишин кандай баалайсыз? Элчилер эки өлкөнүн сууп бараткан мамилесин калыбына келтирүүгө кызмат кыла алабы?

Бейшеналиев: Эгер Америка чынында Кыргызстандын саясий өнөктөшү катары маанилүү роль ойносо, анда бул жерде иштей турган дипломаттар дагы ошол талапка жооп бериши керек. Мен элчини жеке өзүм тааныбайм. Бул жерде өтө такшалган, дүйнөлүк саясатты жакшы билген элчи керек болчу.

Америкада биздин өлкөнүн таламын талаша турган көп маселелер бар деп ойлойм. Анткени илимий институттар, Кыргызстандагы этникалык маселелер, Канада менен иштешип жаткан Кумтөр боюнча элчинин ролу, анын бере турган анализдери, анын көз караштары маанилүү. Бул багытта элчи кандай иш алып барып жатат маалыматым жок. Бирок бул жерде сөзсүз күчтүү, такшалган, дипломатияны түшүнгөн жакшы адамдар иштеш керек деген ойдомун. Бул жерде Кыргызстан тууралуу маанилүү иш-чаралар, илимий изилдөөлөр, анализдер жокко эсе. Кыргызстан тышкы саясатын бир багытка гана буруп алды. Мурдагыдай көп векторлуу тышкы саясат жок. Кыргыз тарап мамилени жандандырууга кызыкдар экенин айтканы менен, иш жүзүндө аракеттер байкалбайт.

XS
SM
MD
LG