Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Бакиров: Бельгиялыктардын бизге мамилеси өзгөрбөйт


Сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакиров.
Сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакиров.

Сүрөтчү-дизайнер Ибрагим Бакиров Брюсселде 15 жылдан бери жашайт. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Брюсселдеги соңку кырдаал, жардыруулардан кийинки жайкын элдин турмушу тууралуу айтып берди. Бельгияда 700дүн айланасында кыргызстандык жашайт.

"Азаттык": Брюсселдеги жардыруулардан кийин бул шаарда, жалпы Бельгияда жашаган журтташтар менен кабарлаштыңарбы?

Бакиров: Эртең менен телевизордон шашылыш кабар деп эле жарылуу болгонун айтышты. Аэропортто эки жардыруу жана Малбек деген метродо жардыруу болгону кабарланды. Ал метробекет Еврокеңештин баш кеңсеси жайгашкан көчөгө жакын орун алган.

Акыркы маалыматтар боюнча өлгөндөрдүн саны 34кө жетти деп жатышат. Мектептер, бала бакчаларды жаап, бардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бул жактагы досторго, тааныштарга, мекендештерибизге чалып акыбалдарын билдим. Кырсыкка учурагандар жок. Мен бул жактагы кыргыз диаспорасынын башчысы Мира айым менен да байланыштым, ал дагы кыргыздар аман-эсендигин айтты.

"Азаттык": Бельгия бийликтери төрт айдан бери террор коркунучу бар экенин эскертип эле келген. Карапайым жарандар өздөрүн кандай сезип жүрүштү эле?

Бакиров: Элдин арасында андай деле коркуу сезимдери болгон эмес. Эл көп топтолгон жерлерде жоокерлердин такай турганына көнүп деле калышкан. Биз деле көнүп калганбыз. Болгону балдар үчүн коркот экенсиң. Бүгүн маселен кызым университетке метро менен бармак эле, анан барбай калды.

"Азаттык": Париж чабуулдарына шектелген террорчулар Брюсселдин Мөленбек районунда жашырынып жатканы айтылган. Бул кандай конуш, өзүңүз барып көрдүңүз беле?

Бельгиянын жарандыгын алган чет элдиктер өтө көп. Алардын көбү Бельгиянын тарыхын, маданиятын, салт-санаасын билишпейт, билгилери да келишпейт. Ажырым ошондон пайда болуп атабы деп ойлойм.

Бакиров: Мөленбек Брюсселдин башка райондорунан өзгөчө деле айырмаланбайт. Болгону ал жакта түрдүү улуттун өкүлдөрү көп жашайт. Маселен, Чыгыш Африкадан, Мароккодон, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келгендер жыш отурукташкан. Албетте, бельгиялыктардын өздөрү да көп. Мөленбекте Брюсселдеги эң мыкты маданий борбор жайгашкан. Ал жерде абдан чоң көргөзмөлөр өтөт. Ал райондо деле кадимки шаардын турмушу жүрүп жатат. Террорчулардын уюгу деп айтууга болбойт.

"Азаттык": Учурда жөнөкөй жарандардын күнүмдүк жашоосу кандай өзгөрдү? Маселен, сиздин коңшуларыңыз көчөгө чыгып жатышабы? Дүкөн, ресторан-кафелер ачыкпы?

Бакиров: Мен жакта күндөгүдөй эле. Теракт болгон жерлер бизден алыс жайгашкан. Биз жакта дүкөн-ресторандар иштеп, турмуш кадимкидей эле өтүүдө.

"Азаттык": Мындай кандуу чабуулдардан кийин бельгиялыктардын чет элдиктерге мамилеси өзгөрбөйбү?

Бул жактын бийликтери Сирияга барып келгендерге өтө жумшак мамиле жасап коюшту деп ойлойм. Аларды камашкан жок. Бул жактагы адвокаттар да күчтүү да. Жөн эле шектүү катары катуу чаралар көрүлгөн жок.

Бакиров: Менин оюмча бул жерде бардыгы мыйзам ченемдүү. Антип башкаларга мамилеси өзгөрбөйт деп ойлойм. Ар бир адам өзүнө жооп берет, ар бир улуттун жакшы жана жаманы болот. Маселен ошол эле чыгыш африкалык бул жактагы белгилүү сүрөтчүлөрдү билем, алар менен жакында сүрөт көргөзмөсүн да уюштурдук. Мен бул жактын бийликтери Сирияга барып келгендерге өтө жумшак мамиле жасап коюшту деп ойлойм. Аларды камашкан жок. Бул жактагы адвокаттар да күчтүү да. Жөн эле шектүү катары катуу чаралар көрүлгөн жок.

Бельгиянын жарандыгын алган чет элдиктер өтө көп. Алардын көбү Бельгиянын тарыхын, маданиятын, салт-санаасын билишпейт, билгилери да келишпейт. Ошондон улам ушундай ажырым пайда болуп атабы деп ойлойм.

Эгер алар бул өлкөнүн тарыхына кызыгып, окуп чыгышса кандайдыр бир сый мамиле пайда болмок беле деген пикирдемин. Өзгөчө бул нерсе Жакынкы Чыгыштан келгендерде байкалат. КМШ өлкөлөрүнөн, же Кытайдан келгендердин аз болсо маалыматы бар. Анткени бизде мектептерде аз да болсо Европанын тарыхы, дүйнө тарыхы окутулат эмеспи.

Ал эми жанагы эч нерсеге кызыкпагандар алар жашап жаткан өлкөсүнүн да тарыхын билишпейт, өз мекенинин да тарыхына кызыгышпайт, айтор ушундай ортодо калгандар. Бельгиянын тарыхы, маданияты өтө бай. Ал эми дал ушул нерсеге кызыкпагандар бул коомго интеграция болуп кетиши өтө кыйын.

"Азаттык": Бельгиянын бийлиги өлкө кооптуу абалда деп эскертип жатат. Аны менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатабы?

Бакиров: Негизинен эми маалымат каражаттары аркылуу айтылууда. Ошондой эле мектеп, университеттерде дагы кеңири айтылат. Иштеген жерлерибизде түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Телефон аркылуу ар бир адамга индивидуалдуу түрдө смс жиберилбейт.

XS
SM
MD
LG