Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

АКШда "ак жакачан" журтташтар көбөйүүдө


Нью-Йорктогу түрк тилдүү элдердин парады, 2012-жыл
Нью-Йорктогу түрк тилдүү элдердин парады, 2012-жыл

Кыргызстандыктардын АКШга миграциясы эгемендиктин алгачкы жылдарында эле башталды. Түрдүү эсептер боюнча Кошмо Штаттарда учурда кыргызстандыктардын саны 20 миңге чейин жетет. Алардын арасында мурда Кыргызстанды мекендеген башка улут өкүлдөрү (еврей, орус, армян, өзбек ж.б.) да бар.

АКШнын Ички коопсуздук департаментинин (Ички иштер министрлиги) интернеттеги баракчасында 1993-жылдан бери туулган өлкөсүн Кыргызстан деп көрсөткөндөрдөн туруктуу жашоочу макамын (green card) алгандар боюнча төмөнкү сандар келтирилет:

1993 – 124 2004 – 439
1994 - 226 2005 - 656
1995 – 209 2006 -- 785
1996 - 280 2007 – 597
1997 - 287 2008 - 632
1998 – 1112009 - 574
1999 - 189 2010 - 507
2000 - 396 2011 - 542
2001 - 5882012 - 648
2002 - 4732013 - 652
2003 - 354
Бардыгы (1993 -2013 –жылдар)9271

Ал эми туулган өлкөсүн Кыргызстан деп көрсөткөндөрдөн АКШнын жарандыгын алгандар (naturalization) боюнча Ички коопсуздук департаментинин интернет баракчасында төмөнкү маалыматтар жазылган:

1998 - 182006 - 246
1999 - 322007 - 331
2000 - 872008 - 361
2001 - 81 2009 - 338
2002 - 128 2010 - 380
2003 - 1312011 - 440
2004 - 159 2012 - 420
2005 - 2172013 - 395
Бардыгы (1998 -2013 –жылдар) 3764

АКШда кыргызстандыктардын башын бириктирген кеминде төрт уюм түзүлгөн: Kyrgyz Club, Кыргыз – Америка альянсы (Kyrgyz American Alliance), Кыргыз-Америка ассоциациясы (Kyrgyz American association), "Кыргыз Салам" (Kyrgyz Salam).

Айбек Хакимов – Нью-Йорктогу Kyrgyz Club бирикмесинин жетекчиси. Ал АКШдагы кыргызстандыктар, алардын кызматы жана турмуш-тиричилигине байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: АКШда канча кыргызстандык бар?

Хакимов: Бир ирет Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен сүйлөшкөн учурда мыйзамдуу (грин карта, АКШнын жарандыгы барлар) жана мыйзамсыз жүргөндөрдү кошкондо кыргызстандыктардын АКШдагы жалпы саны 20 миңге чейин жетерин айтышкан. Менин эсебимде, алардын үч миңдейи Нью-Йоркто, миңге жакыны Чикагодо жашайт.

Айбек Хакимов
Айбек Хакимов

Калгандары бүткүл АКШ боюнча тараган. Кыргызстандыктар көбүрөөк чогулган шаарлар: Филадельфия (Пенсильвания штаты), Синсинати (Огайо штаты), Вашингтон, Лос-Анжелес, Сан-Франциско (Калифорния). Ошондой эле аз сандагы кыргызстандыктарды АКШнын бардык штаттарынан жолуктурууга болот.

Kyrgyz Club бирикмесинин журтташтар менен иштөө тажрыйбасы көрсөткөндөй, алардын бир бөлүгү АКШга келген соң ирденгиче жердештери менен жолугууга ашыкпайт, буга убактысы, мүмкүнчүлүгү да жок. Биздин уюм Кыргызстандан чыккандардын баарын улутуна карабай бириктирүүгө умтулат. Иш-чараларыбызга кыргызстандык орустар, еврейлер, өзбектер катышып жүрүшөт. Биз буга кубанычтабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар көбүнесе кайсы чөйрөлөрдө иштешет?

Хакимов: Ушу тапта көбүнесе тейлөө, кызмат көрсөтүү тармагында, курулушта, кара күчтү талап кылган иштерде, такси, жүк ташуучу унаа айдагандар бир топ.

Нью-Йорктогу кыргыздар
Нью-Йорктогу кыргыздар

Кыргызстандыктар башкаларга салыштырганда АКШга келгенине аз эле болгондуктан алгачкы гана кадамдар жасалууда. Дароо эле кеңседе иштеген кызмат табуу мүмкүн эмес. Акырындык менен АКШда окуу жайларды, коллеждерди бүткөн жаштардын саны өсүүдө.

Саны аз болсо да ишкерлик менен алектенген, ресторан, курулуш, транспорт компаниясын ачкандар бар. Кеңседе иштеген “ак жакачандар” АКШдагы кыргызстандыктардын жалпы санынын болжол менен 5-10% түзөт. Менимче алдыдагы он жылда бул көрсөткүч эки эсеге өссө керек. Анткени АКШдагы биздин жаштарга мүнөздүү көрүнүш – билим алууга, жашоосун, ишин сапаттык жактан оңдоого умтулушат.

“Азаттык”: Кайсы жетишкендиктерди белгилей аласыз?

Чикагодогу кыргыздардын тоюнан бир көрүнүш
Чикагодогу кыргыздардын тоюнан бир көрүнүш

Хакимов: Бул эми салыштырмалуу маселе. АКШда орус тили колдонулган өлкөлөрдөн чыккандар саны үч миллионго жетерин эске алганда, 20 миң кыргызстандык кичинекей эле диаспора. Өзбекстандан чыккандар эле АКШда 300 миңдей.

Бизден он беш эсе көп. Аз болгондуктан жетишкендиктерибиз деле анчалык ири эмес. Спортто (мушкер - Урмат Рыскелдиев), музыкада (пианист - Азамат Сыдыков) өсүп келаткан балдар бар. АКШга келип өзүнчө бизнес уюштургандарды, абройлуу уинверситеттерди аяктап, ири компанияларда иштеп жаткан улан-кыздарыбыздын ийгилигин мен жетишкендик деп айта алам. Кыргызстандан чыккандардын АКШдагы ынтымагын да биздин жетишкендигибиз, өзгөчөлүгүбүз деп карасак болот.

Азаттык”: Негизги көйгөйлөр кайсылар?

Чикагодогу кыргыз футбол командасы
Чикагодогу кыргыз футбол командасы

Хакимов: Легалдуу эместер көп жүргөн кезде документ жасоо чоң проблема болчу. Кыргызстандыктар азыр системаны, документ алуунун жолдорун билип калгандыктан, бул иш анчалык оор болбой калды. Документ проблемасы көбүнесе жаңы келгендерге тийиштүү. Алар турак жай, иш табуу, адаптациялануу жагынан да кыйналышат. Проблема каражат жетишпегенинен улам чыгат.

Менимче, АКШда ким кааласа, ал иш таба алат. Бирок көп иштөөгө туура келет. Иштегендердин акчасы бар, алар ошол каражаты менен калган проблемаларын жөндөй алышат. Орусиядагыдай болуп АКШнын бийликтери менен проблемабыз жок, бизге карата кандайдыр бир расизм бар болгонун, Борбор Азиядан болгонубуз үчүн ишке албай жеришкенин сезбейбиз.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG