Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Тышкы карыздын көлөмү ички дүң өнүмгө карата 53,9% жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы көлөмү 2017-жылдын соңуна карата 4 миллиард 80 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта бул сан ички дүң өнүмгө карата 53,9% түзөрү, карыздар өз убагында төлөнүп жатканы айтылат.

Көп тараптуу насыялардын 89% Дүйнөлүк банкка, Азия өнүктүрүү банкына жана Эл аралык валюта фондуна туура келет.

Ал эми эки тараптуу келишимдер боюнча алынган карыздын 90% Кытайга, Орусияга жана Жапонияга төлөнүшү керек.

Былтыр тышкы карызды төлөөгө 157 миллион доллар жумшалган, эки тараптуу макулдашуулар боюнча эң көп каражат Кытайдын Импорт-экспорт банкына төлөнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG