Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

АКШ кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар


Бишкек. 2014-жыл.
Бишкек. 2014-жыл.

Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар экенин АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэниел Розенблюм билдирди.

Ал бул тууралуу 10-февралда регион журналисттери менен маектешүүдө айтты. АКШ-Кыргызстан мамилесинин азыркы абалына жана келечегине жергиликтүү эксперттер кандай баа берет?

Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын мамилеси акыркы мезгилде​солгундап калганы маалым. Бул "Манас" аба майданынан америкалык базанын чыгарылышы, АУЦАнын имаратына байланыштуу чечимдер жана башка маселелерден байкалып турат.

Жакында эле кыргызстандык оппозициялык саясатчылардын тобу Кошмо Штаттарга барып, бир катар жолугушууларды өткөрүп келди. Кыргыз оппозициялык саясатчылары жолуккан адамдардын катарында Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин Борбор Азия региону боюнча жардамчысы Дэниел Розенблюм да болгон.

"Манастагы" транзиттик борбор. АКШ бул борбордон былтыр чыгып кеткен.
"Манастагы" транзиттик борбор. АКШ бул борбордон былтыр чыгып кеткен.

Дэниэл Розенблюм 10-февралда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан журналисттери менен телефондук конференция уюштуруп, анда Кошмо Штаттардын региондогу саясаты боюнча ой бөлүштү. Розенблюмдун айтымында, Кошмо Штаттар регион мамлекеттеринин экономикалык жактан өсүүсүнө, туруктуу болушуна жана түрдүү тармактар боюнча кызматташуусуна кызыкдар.

Борбор Азия региону ири мамлекеттердин арасында жайгашканын белгилеген Розенблюм, ал ири мамлекеттердин айрымдары менен Кошмо Штаттардын татаал мамилесин да эске салды. Мына ушундай шартта Кошмо Штаттар регион мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, коопсуздугун колдоого алат деп белгиледи.

Кыргызстан менен кызматташуу маселеси боюнча Розенблюм буларга токтолду:

- Биринчиден, биздин Кыргызстан менен мамилебиз бардык тармактар боюнча кеңейиши керек. Анын ичинде коопсуздук, экономика жана гуманитардык багыттар боюнча дагы. Быйылкы жылы жазында жыл сайын өткөрүлүп жүргөн кеңештин алкагында жолугушуубуз бар. Мына ошол жолугушуу бизге жана кыргыз өкмөтүнө кызматташууну кеңейтүүгө даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан менен демократиялык чөйрөдө, демократиялык институттарды өнүктүрүүдө ийгиликтүү иштеп келатабыз жана ал кызматташууну улантабыз деп ойлойм.

Дэниел Розенблюм
Дэниел Розенблюм

Кыргыз оппозициясынын Кошмо Штаттарга сапары боюнча суроого Розенблюм, аны катардагы сапар катары баалады. Ал жолугушууда Кыргызстандагы абал, Кошмо Штаттардын мамилеси талкууланган.

Дэниел Розенблюм мырзанын маалымат жыйынында Кошмо Штаттар Өзбекстанга 308 даана зооттолгон автоунаа бергени маалымдалды. Ал аскердик автоунааларды Кошмо Штаттар бир эле Ирак, Ооганстан эмес, башка тараптардан да чогултуп келип, Ташкенге өткөрүп бергени айтылды. Ошол эле учурда Өзбекстанда адам укуктарынын сакталышы боюнча Кошмо Штаттарда тынчсыздануу олуттуу экенин Розенблюм белгиледи.

Саясатчы Кубатбек Байболовдун айтымында, Кыргызстан менен АКШ түрдүү багыттарда кызматташууларды өнүктүрө алат.

- Гуманитардык, адам укуктары, экономикалык, медиа багыттарында кызматташууларды өнүктүрө берсе болот. Бажы биримдигине кирдик деп эле бир беткей эле ошол жакты көздөп туруп алсак, чоң ката кетиребиз. Биз эч ким менен мамиле курбайбыз деп, алардын алдында милдеттенме алган эмеспиз да. Ушул саясатты улантып эле бир эле орустардын оозун карай турган болсок, бул тарых алдында да, эгемендүүлүктүн келечегине да жоопкерчиликсиз кадам болот.

Кубатбек Байболов кыргыз-америка мамилеси азыркы кезде муздап турганын белгилеп кетти.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кошмо Штаттар Кыргызстан менен жемиштүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып жиберди деп эсептейт. Анткени "Манаста" база турган мезгилде, ага чейин да Кошмо Штаттар Кыргызстанга инвестиция салбай койгон. Ал эми АКШнын Борбор Азиядагы саясий максаты тууралуу Жекшенкулов мындай пикирде:

- Алардын максаты - Борбордук Азия мамлекеттерин өнүктүрүү эмес, Кытай менен Орусияны биз аркылуу ооздуктоо жана кыр көрсөтүү.

"Кыргызстан стратегиялык өнөктөр менен жакындашып, ошол эле учурда калган бардык мамлекеттер менен да өз ара пайдалуу кызматташууларды өнүктүрө бериши керек" деп белгиледи Аликбек Жекшенкулов.

Кошмо Штаттар Кыргызстанга эл аралык финансылык уюмдар аркылуу жеңилдетилген насыяларды бөлүп келгени маалым. Ошондой эле түрдүү программалар аркылуу салымын кошуп, андан сырткары гуманитардык жардамдарды берип келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG