Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Соростун келиши нааразылык менен коштолду


Жорж Сорос Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда. 17-ноябрь, 2014-жыл
Жорж Сорос Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда. 17-ноябрь, 2014-жыл

Белгилүү филантроп Жорж Соростун Бишкекке келишине карата орусиячыл күчтөр АКШ элчилигинин алдына нааразычылык акцияга чыгышты.

Кыргызстанга эки күндүк сапар менен келген Жорж Сорос 17-ноябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Президенттин маалымат кызматы билдиргенге караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы багыттары талкууланган.

Ага чейин Жорж Сорос Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолукту. Анда ал студенттердин суроолоруна жооп берип, кантип ийгиликтүү кесип ээси болууга байланышкан кеңештерин берди.

Соңку 20 жылда “Сорос-Кыргызстан” фонду Кыргызстанга 79 миллион доллар жардам көрсөткөн. Сорос демилгечи болгон Борбор Азиядагы Америка университети эң барктуу окуу жайлардын бири. Сапарынын алкагында Жорж Сорос өзү каржылап келген бул окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу менен да таанышты.

Жорж Соростун Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери менен жолугушуусу.
Жорж Сорос студенттер менен жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Соросту "тосуп" алгандар

Соростун келиши Кыргызстандагы орусиячыл маанайдагы адамдардын нараазычылыгын жаратты. Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында “Русский мир” коомунун өкүлдөрү анын келишине каршы акция өткөрдү. Чогулган элүүдөй адам колдоруна “Кыргызстан, Орусия Бажы биримдиги” “АКШ биздин ишке кийлигишпе” деген плакаттарды кармап, "АКШ Кыргызстандан колуңду тарт” деп кыйкырып турушту.

Акциянын уюштуруучусу, “Русский мир” коомунун өкүлү Надежда Ладожинская нааразычылыктын негизги максатын айтты:

- Биз бир максатты, бир талапты коёбуз. Кыргызстанга бейпилдик керек. Бизге Батыш кийлигишпесин. Америка жана анын уюмдары кийлигишкен өлкөлөрдө башаламандык болот. Андайды биз каалабайбыз. Акцияны биз уюштурдук, ага каалоочулар келди. Бүгүн чыкканыбыздын себеби, Сорос Кыргызстанда жүрөт. Биз Сороско каршыбыз.

“Кыргызстандын Орусияга ыктаган саясатын колдойбуз” деп кыйкыргандар, кыяк менен орусча ырларды ырдап турушту.

Жорж Сорос дүйнөлүк инсан

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев бул акцияны уят иш катары баалайт. Мамбеталиев бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөдө социалдык, маданий, илимий көйгөйлөрдү чечүүдө демөөрчү болуп келген Жорж Сорос Батыш менен Орусиянын тирешинин курмандыгы болбош керектигин белгилейт.

Кыргызстан эгемендикти алган алгачкы жылдардан тартып, “Сорос-Кыргызстан” фонду бардык тармакта көмөктөшүп келе жатканын Мамбеталиев мындайча бышыктады:

- Илим-билим, маданият, адабият, жана башка тармактарга салым кошкон. Учурдагы тарых боюнча жана бир канча илимий китептерди кыргыз тилинде чыгарууга дал ушул Сорос жардам берген. Азыркыга чейин пайдаланып келе жаткан айрым илимий, окуу китептерди чыгарып берген. Далай илимпозду чет жактарга чыгарып, колдоо көрсөткөн программалары бар болчу. Бизде бул кишини жаман деп айтканга болбойт. Буга каршы чыкканды мен колдобойм. Биз бардыгына калыс караш керек. Кылган ишине карап, баа бериш керек да. Эртең Путин келсе ага каршы чыккандар болот. Ар бир кишини кемчилигин чукуган болбойт. Мындай нерсеге көңүл буруп кереги жок. Сорос жалгыз Американын адамы эмес, ал дүйнөлүк инсан.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов.
Депутат Өмүрбек Абдрахманов.

Бүгүнкү орусиячыл активистердин кадамына кооомчулук ар кандай өңүттө түс берүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Адрахмановдун пикиринде, кыргыз бийлигинин Орусияга ачык эле жакындоосу, Кыргызстандагы орусиячыл маанайдагы күчтөрдүн жандануусуна шарт түздү:

- Бизде жашаган орустар өткөндө Украина элчилигинин алдына чыгып, аларды "фашист" деп сөктү. Анткени биздин мамлекет толугу менен Орусияга кошулам деп турат. Массалык маалымат каражаттарында Орусияны жактагандар көбөйдү. Өткөндө Бажы союзуна каршы чыккан он чакты баланы камашты эле. А бүгүн эмне үчүн андай болгон жок? Башка бирөөнүн элин "фашист" деп кыйкырып жатканда эмнеге камашпайт? Демек бул нерсе бийлик да алар менен бирге экенин айгинелейт.

Нааразычылык акциясына чыккандар АКШ элчилигинен өкүлдөр чыгышын да талап кылышты. Ал жактан жооп болбогон соң, бир сааттан ашыгыраак туруп тарап кетишти. Имараттын алдында 20дай милиция коопсуздукка көзөмөл салып турду.

Соростун келишине каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG