Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Кыргызстандын үнү жана үмүтү


Кыргыз экономикасын көтөрүүгө оңтойлуу шарт жаралды. Ошондой эле өлкөнүн тышкы карызын кечүү маселеси дагы донор уюмдар тарабынан карала турган болду. Бул туурасында Президент Роза Отунбаева БУУнун чоң жыйынына жетектеп барган расмий делегациянын мүчөлөрү Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришти. Анткени менен серепчилер АКШ жана Өзбекстан президенттеринин быйылкы июнь окуясын эл аралык денгээлде иликтөө боюнча сунушун мамлекеттин ички ишине кийлигишүү сыңары баалап жатышат. А түгүл ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу түштүккө киргизилсе, жаңы чыр тутанат деп эскертишүүдө.

Роза Отунбаева отуз мамлекеттин жетекчилери менен жолукту

Президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Муктар Жумалиев Бириккен Улуттар Уюмунун 65-сессиясынын алкагында Роза Отунбаева алтымыш чакты иш-чарага катышкандыгын, анын ичинде отуз мамлекеттин жетекчиси менен жолуккандыгын белгилеп, Нью-Йорк сапары жемиштүү аяктагандыгын билдирди.

Жумалиевдин сөзүнчө, Роза Отунбаева БУУнун бийик трибунасынан Кыргызстандын эки миллиард сегиз жүз миллион доллардан ашык тышкы карызын кечүү маселесин дагы көтөрдү.

- Бир мамлекет экинчисинин карызын жөн эле жок кылбайт. Ошондуктан, биз карызды экологиялык туруктуу өнүгүүнүн эсебинен кечтирүүнү туура таптык. Анткени, бул жерде Кыргызстандын гана эмес 60 миллион калк жашаган Борбор Азия аймагынын тагдыры турат. Эгерде кокус чөлкөмдү табигый кырсык каптаса, анда мунун акыры чоң трагедия менен коштолот. Ошондуктан, козголгон маселе дүйнөлүк коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Мен ойлойм, президент Роза Отунбаева көтөргөн демилге мындан ары да колдоо таап, бул долбоорду чогуу-чараан жүзөгө ашырмакчыбыз, - деди Муктар Жумалиев.

Кыргыз делегациясы БУУнун Башкы жыйынында
Ал мындан тышкары түштүктөгү июнь коогалаңын жакынкы арада эл аралык комиссия териштирерин, ага удаа ЕККУнун полициячыл кенешчи тобу жумуриятка киргизилерин, “Манас” аэропортундагы АКШнын транзиттик жүк ташуу борборун мындан ары кыргыз-орусиялык биргелешкен мамлекеттик ишкана күйүүчү май менен туруктуу камсыз этүүсү Кыргыз-Америка мамилесине залакасын тийгизбей тургандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын айрым талаптарын аткаруу Кыргызстанга кыйынга тураарын ачыктады.

- Биздин айрым көрсөткүчтөрүбүз талаптарды аткарууга күмөн туудурат. Мунун ичинен, маселен, акыркы жылдарда балдар өлүмүн кыскартуу 0,8 пайызга гана төмөндөдү. Эң кейиштүүсү: аялдардын өлүмү бизде абдан жогору. Бирок биз мындан ары өкмөттүк бюджеттин жана инвесторлордун каражаттарын сарамжалдуу жана максаттуу пайдалансак, “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын социалдык милдеттенмелерин аткарууга кудуретибиз жетет, - дейт Өктөмхан Абдуллаева.

Ал эми Өкмөт башчысынын орун басары Жантөрө Сатыбалдиев Нью-Йорк сапарынын үзүрүн мезгил аныктайт деп эсептейт:

- Жыйынтыгы бүгүндөн баштап болот дегенден алысмын. Антсе да, Америка сапарында болочок парламентке жана Өкмөткө жакшы жерпай түзүп койдук десем жаңылышпаймын. Себеби, донорлордун июнь айында Бишкекте берген убадаларын Нью-Йоркто дагы бекемдегенге жетиштик, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Жорж Сорос Кыргызстандын жаш жетекчилерине кам көрөт

Делегация мүчөлөрү Роза Отунбаева америкалык белгилүү көз карандысыз финансист Жорж Сорос менен дагы кезигишкендигин, ал Кыргызстандагы жаш жетекчи кадрларды даярдоочу фондду каржылай тургандыгын, азырынча бул максатта төрт жарым миллион доллар ажыратаарын өзүнчө жетишкендик катары баалашты.

Серепчи Табылды Акеров Ош окуясын эл аралык комиссия иликтөөсүнө каршы эмес, бирок президент Барак Обаманын Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полицияларын Кыргызстанга киргизилишин эртелетүүнү суранганын Американын аймакта таасирин күчөтүү аракети катары сыпаттады:

- Менимче, бул маселени жакында шайлана турган Жогорку Кеңеш карап, чечим кылса мыйзамдуу болмок. Болбосо, көйгөйдү кайрадан көтөрүп, тынч жаткан коомчулукту козутуп, балким, алдыдагы парламенттик шайлоолорду дагы үзгүлтүккө учуратып алышыбыз ыктымал. Ошол себептүү ага улам-улам кайрылып, басым жасаштын кажети жок. Анткени, араздашкан эки элдин тең көкшүнү сууй элек, бул өтө опурталдуу.

Көз карандысыз экономист Эркин Абдыразаковдун пикиринче, Кыргызстан ушул тапта эки миллиард сегиз жүз миллион доллардан ашык тышкы карызын кечтирүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар:

- Бир катар долбоор-сунуштарды белендеп, анан аларды донор өлкөлөргө барып шартын түшүндүрүп, албетте, эң башкысы ынандарыш керек. Ошондо гана алар карызын кечиши ыктымал, же ага көнүшпөсө, каражаттарды жеңилдетилген гратка айландыруусуна жетишишибиз зарыл, - деген Эркин Абдыразаков Жорж Сорос каржылаган жаш жетекчи кадрларды даярдоочу фонд узакка барбастыгын туюндурду.

- Ушинтип дагы бир дипломдуу адистердин даярдалышын жана алардын айласы куруганда чет өлкөлөргө агылып кетишин мен таптакыр каалабаймын. Адамдын баасын билип, баркына жете турган чет өлкөлүктөрдү мен көрө элекмин. А түгүл Жорж Сорос деле же башкасы деле, кыргызга чындап күйүп, ак дилден жакшылык кылбайт. Анткени, алардын ар биринин акчасы эсептелүү, жеке кызыкчылыктары үстөмдүк кылып турат, - дейт маектешибиз көз карандысыз экономист Эркин Абдыразаков.

Экономикалык серепчи Эркин Абдыразаковдун баамында, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын санын кескин түрдө кыскартып, ошонун эсебинен каражаттарды үнөмдөп, бүгүнкүдөн дагы алдаганча кубаттуу жана идиректүү жаш кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG