Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Президент Роза Отунбаева БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Улуттар Уюмунун жыйынында сөз сүйлөөдө. 22-сентябрь, 2010-жыл
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Улуттар Уюмунун жыйынында сөз сүйлөөдө. 22-сентябрь, 2010-жыл

22-сентябрда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүндө соңку алты айдагы Кыргызстандагы окуялар өнүгүү, демократия жана коопсуздук бири-биринен ажырагыс экендигин далилдегенин дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна койду.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстандын өкмөтү «Миң жылдыктын чакырыктарын» ишке ашырууда белсенип аракеттенерин баса белгиледи.

"Мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотобуз"

Чоң жыйында президент Роза Отунбаева 10 мүнөткө чукул сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы өнүгүү, демократия жана коопсуздукка басым жасап, кыргыз өкмөтү бийлик органдарын тамырлашкан коррупциядан арылтуу, саясаттан алыстатуу менен чыныгы реформаларды жүргүзүү максатында мамлекеттик кызматкерлердин корун түзгөндүгүн, мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу аракетин көрүп жактандыгын айтып өттү.

Кыргызстандын президенти андан ары өлкө түштүгүндө болгон улуттар аралык кандуу жаңжал тууралуу кыска маалымат берип, коогалаңдан кийинки жагдайга токтолду:
Р. Отунбаева БУУнун жыйынында сөз сүйлөөдө, Нью-Йорк, 22-сентябрь.

- Биз жаңжалдын айынан жабыркаган райондорду кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча колдон келгендин баарын жасайбыз. Кыйын кырдаалда Кыргызстанга жардам берүүгө дилгирлигин билдирип, коопсуздукту, социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, жаңжалдын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам гуманитардык жана каржылык көмөк көрсөтүп баштаган бардык өлкөлөргө, Улуттар Уюмунун мекемелерине чын дилибизден ыраазылык билдиребиз. Ушул жайда Бишкек конференциясында кабыл алынган милдеттемелер толугу менен өз учурунда аткарылаарына ишенебиз.

Президент мындан сырткары кыргыз өкмөтү берилген жардамды пайдаланууда жана көзөмөлдөөдө толук ачыктыкты камсыз кылаарын кошумчалады.

Кыргызстандын өлкө башчысы тоо-кен өндүрүүдөгү ачык-айкындуулуктун эл аралык демилгесин колдогон КМШдагы үчүнчү өлкө катары мындай механизмдерди энергетика тармагына да киргизүү каралып жаткандагын айтты.

Ошондой эле Кыргызстан Улуттар Уюмунун алдындагы гендердик теңчилик жана аялдарга ыйгарым укуктарды берүү боюнча жаңы түптөлгөн органдын ишмердүүлүгүн колдой тургандыгы ачыкталды. Кыргызстандын мисалында келе жаткан парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын тизмесинин 30% аялдар түзөөрүн жана өлкө башчысы, Жогорку Соттун, Улуттук банктын жетекчилери, вице-премьер министрлер менен бир катар министр, губернаторлор аялдар экендиги маалымдалды. Кыргызстан аялдардын жана балдардын саламаттыгын сактоо боюнча глобалдык стратегияны толук колдоору дагы айтылды.

Глобалдык өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстан сыяктуу тоолуу, деңизге түз чыга албаган, ошол эле учурда жаратылыш кырсыктарына көп кабылган өлкөлөр үчүн тышкы карыздан кутулууну айлана-чөйрөнү коргоого (токойлорду кыюу, биотүрдүүлүктү сактоо, суу менен текши камсыздоо, жаратылыш байлыгын үнөмдөө, көмүр кычкыл газын азайтуу) айырбаштоо механизмин жүзөгө ашырууну президент Р.Отунбаева сунуштады.

"Сууга бай өлкөнүн бардар турмушка жетчү күнү алыс эмес"
Р. Отунбаева БУУнун жыйынында сөз сүйлөөдө, Нью-Йорк, 22-сентябрь.

Ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө соода алакасын кеңейтүү дүйнөлүк коомчулук бирге аракеттенген «Миң жылдыктын чакырыктарын» жүзөгө ашырууда чоң роль ойноорун айткан президент Кыргызстан айыл чарба азыктарын сатуу, туризмди жайылтуу, кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык деңгээлде ачык соода-сатыкка умтулаарын айтып өттү.

- Биз Борбор Азиядагы миллиондогон адамдарга жашоо тартуулаган тоо дарыяларынын башатында турабыз. Таза суунун булагы мөңгүлөрдү сактоо дарыянын агымында жайгашкан өлкөлөрдүн жалпы милдети деп түшүнөбүз. Сууга бай биздин өлкө дагы учурдагы кара май менен күйүүчү газ чыккан чоң державалардагыдай бардар турмушка жетчү мезгил алыс эмес, - деди Борбор Азиядагы суу-энергетикалык стратегия боюнча кыргыз мамлекет башчысы.
Эмил Жураев

АКШдагы Мэриленд университетинин докторант-изилдөөчүсү Эмил Жураев кыргыз президентинин дүйнөлүк лидерлердин алдындагы сүйлөгөн сөзү тууралуу «Азаттыкка» мындай пикирин билдирди:

- Президент Кыргызстанда кыйын кырдаалга карабастан башка дагы бир топ оорчундуу маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтыптыр. Бир эле нерсе - мүмкүн өлкөдөгү гуманитардык, экономикалык, саясий кризиз боюнча баса белгилеп, так сандар, даректүү маалыматтар менен сүйлөсө сөзү дагы таасирдүү болмок.

Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн башчылары эмне дейт?

Өзбек президенти дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстанга көмөктөшүүгө чакырды
Борбор Азиянын калган өлкө башчылары Улуттар Уюмунун 65-жыйынында Роза Отунбаевадан мурдараак сөз сүйлөштү. Президент Эмомали Рахмон Тажикстанда жакырчылык жети жыл мурун 70% ашса, 2009-жылы 46% түшкөндүгүн айтып, «Миң жылдыктын максаттарына» тажиктер энергетика тармагын өнүктүрүү аркылуу жетээрин белгиледи.

Чоң жыйында үчүнчү болуп сөз тийген Ислам Каримов дүйнөлүк коомчулукту кыйын кезеңде Кыргызстанга көмөктөшүүгө чакырып, Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыяга чакан гана ГЭСтерди курууну сунуштады. Түркмөндөрдүн мамлекет башчысы Г. Бердымухамедов Улуттар Уюмунда Энергетика боюнча кеңеш түзүү идеясын көтөрүп чыкса, казак тышкы иштер министри К. Саудабаев «Миң жылдыктын чакырыктарынын» бири – жакырчылыктан Казакстан эбак арылганын, чөлкөмдөгү алсыздарга көмөк көрсөтүп жатканын жар салды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG