Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

С.Каназаров: Президент менен баарлашууга кызыккандар көп


Султан Каназаров
Султан Каназаров

20-сентябрда Нью-Йоркто башталган Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 65-отурумуна Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева баш болгон делегация катышууда. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров «Азаттыкка» курган маегинде чоң жыйында козголуп жаткан маселелер тууралуу сөз кылды.

- Кыргызстандын президенти 20-сентябрь күнү Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын ««Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттары» деген жалпы аталыш менен өтчү жыйындын ачылыш аземине катышты. Андан кийин бир катар жемиштүү жолугушуулар болду.

Ал эми бүгүнкү күнү Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын администратору Х.Кларк менен жолугушуу болду. Ага улай ошол эле жерде БУУнун агенттиктери, мекемелери – донорлор менен жолугушуулар болуп, бир топ кызыктуу суроолор узатылды. Албетте бардык донорлорду Кыргызстандагы азыркы абал, алдыда күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал, Кыргызстанга берилип жаткан каражаттардын таза, айкын жана түшүнүктүү бөлүштүрүү маселелери каралды.

Андан кийин Дүйнөлүк банктын жетекчиси Р.Зеллик менен жолугушуу болду. Ал жерде да президент айым тоо-кен өндүрүшү жана энергетика жаатында ачык-айкындыкты камсыз кылган бир топ эл аралык демилгелерге Кыргызстан кошулууга кызыкдар экенин билдирди. Бул сунуш Дүйнөлүк банктын жетекчилиги тарабынан абдан түшүнүү менен кабыл алынып, өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын мындай демилгеси колдоого алынарын билдиришти. Азыр Германиянын канцлери Ангела Меркелдин атынан азиялык өлкө башчыларынын урматына уюштурулган сый-тамакка катышуу болот. Ошондой эле бүгүн кечинде кыргыз делегациясы АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүп жатат.

Айтып кетчү нерсе, бардык жолугушууларда президент айым Кыргызстанга кызыкдар, өнөктөш катары көргөн бардык тараптар, чечим кабыл алчу адамдар менен сүйлөшүүгө, мамиле түзүүгө аракеттенип жатат. Биз өзүбүз күбө болуп жаткандай, азиялык мамлекеттен чыккан прогрессивдүү, англисче так сүйлөгөн президент өз өлкөсүндөгү иш-аракет, демилгелер тууралуу деталдуу түрдө түшүндүрүп берүү менен аларды чечүүгө баш-оту менен киргендиги жолугушууларга катышып жаткан өнөктөштөргө күтүүсүз жана жагымдуу жагдайды пайды кылууда. Пост-советтик Азиядагы аял президент – жаңы Кыргызстандын белгиси катары кабыл алынып жатканы көрүнүп турат. Президент Отунбаева 22-сентябрь күнү Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт. Ал эми Роза айымдын башкы Ассамблеянын 65-отурумунун жалпы талкуусунда сүйлөөчү сөзү 24-сентябрда жума күнү белгиленген.

"Азаттык": Кыргызстандын президенти өз сөзүндө кайсы маселелерге басым жасарын билүүгө болобу?

- Биринчи иретте көтөрүлчү маселелер: экология, жакырчылыкты кескин кыскартуу, калкты орто жана жалпы билим берүү менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар глобалдык деңгээлдеги маселелерге токтолот. Адатта Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясында бул уюмдун ишмердүүлүгүнө кирген жалпы глобалдык маселелер көтөрүлүп, аларды чечүүнүн жолдору талкууланат. Ал эми Кыргызстандын президенти ошол маселелердин Кыргызстанга тиешелүүлөрүнө токтолуп, сөз кылат.

"Азаттык": Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президент Р.Отунбаева АКШ президенти Б.Обама менен жолугушат деген билдирүү таратты. Бул маалымат такпы?

- Кыргызстандын президенти менен АКШ президентинин жолугушуусу пландаштырылган. Алдын ала маалымат боюнча Нью-Йорк убактысы менен 23-сентябрга белгиленген.

"Азаттык": Кечээ Р.Отунбаева Өзбекстандын президенти И.Каримов менен жолугушту. Ал жолугушууда негизги сөз эмне тууралуу болду?

- Кечээ Өзбекстан президенти башкы Ассамблеянын пленардык жыйынында үчүнчү болуп сөз сүйлөдү. Андан кийин кыргыз-өзбек президенттери кыскача жолугушуу өткөрдү. Ал жерде И.Каримовдун Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларына берген өтө так жана тынчтыкка чакырып сүйлөгөн сөзү кыргыз делегациясы жана кыргыз президенти тарабынан абдан жылуу кабыл алынды. Прзидент Каримов ал жаңжалда кыргыз же өзбек тарап күнөөлүү эмес экендигин, түштүктө болгон окуя алдын-ала пландаштырылган бир чоң диверсиялык соккуга туш болгон бейкүнөө адамдардын кайгысы деген өңүттө сөз сүйлөдү. Жолугушууда да негизги сөз ушунун айланасында болду.

"Азаттык": АКШнын маалымат каржаттары Кыргызстандын президенти менен баарлашууга кызыкдар болуп жатат деген маалыматты алдык. Чет элдик журналисттер менен кездешүү, баарлашуу кандай өтүп жатат?

- Албетте Кыргызстандын президенти менен баарлашууга кызыгуу өтө жогору десем болот. Мага маек уюштуруу боюнча түшкөн өтүнүч-сунуштар абдан көп болууда. Бирок азырынча президенттин иш тартиби өтө тыгыз болгондуктан, бардык өтүнүчтөргө жооп иретинде интервью, жолугушуу уюштурганга мүмкүн болбой жатат.

Ошол эле учурда АКШнын чоң дүйнөлүк басылмаларына президент айым маек куруп, жолугушууга аракеттенүүдө. Мына кечээ «Вашингтон пост» гезитине атайын маек уюштурулду. Алдыдагы күндөрү «Нью-Йорк Таймс» басылмасынын редакторлор кеңешинин жыйыны Кыргызстандын президенти менен жолугууга атайын чогулуп жатат. Алдын-ала пландоо боюнча президент айым ал жолугушууда Кыргызстандын бир топ маселелер боюнча көз карашын билдирүүсү күтүлүүдө. Андан сырткары «Wall Street Journal» басылмасы да маек куруу өтүнүчү менен кайрылды, азыр бул сыяктуу сунуштар каралып жатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG