Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Кыргызстанга эл аралык уюмдар биргелешип көмөк көрсөтөт


Европа биримдигинин атайын өкүлү Пьер Морел.
Европа биримдигинин атайын өкүлү Пьер Морел.

Бириккен Улуттар уюму, ЕККУ жана Евробиримдиктин атайын өкүлдөрү Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда бар аракетин көрүүгө даяр экенин билдиришти. Бул жаатта алар Кыргызстандын бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, алдыдагы парламенттик шайлоо жана ЕККУнун полиция кеңешчи тобун киргизүү өңдүү маселелерди талкуулашкан. 14-сентябрда аталган уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү кабарчылар менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий кырдаалга өз баасын беришти.

ЕККУ, БУУ жана Евробиримдик уюмунун атайын өкүлдөрүнүн билдиришинче, алдыдагы парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн демократиянын жогорку мектеби болуп калмакчы. Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысынын өкүлү Мирослав Енча алдыдагы шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн Кыргызстанда укуктук негиздер дээрлик түптөлүп калганын билдирип, бирок шайлоо маалында административдик ресурстар колдонула турган болсо, бул шайлоодон кийинки кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Атайын өкүлдөрдүн иш-сапарынын максаты парламенттик шайлоо алдында жеринен байкоо салып, шайлоонун тынч жана акыйкат, бардык эл аралык талаптарга ылайык өтүшүнө салым кошуу экенин белгилешти. Ушул эл аралык уюмдардын биргелешип Кыргызстанга колдоо көрсөтүү демилгеси тууралуу Европа биримдигинин атайын өкүлү Пьер Морел буларды айтты:

- Биздин бир гана максатыбыз бар. Бул - Кыргызстандын бейкуттугу үчүн көмөктөшүү. Биз бул багытта апрель окуяларынан кийин БУУ, ЕККУ жана Европа биримдиги биргелешкен алгачкы аракеттерди көрө баштаганбыз. Мындан ары да көмөк көрсөтүүнү уланта беребиз.

ЕККУнун учурдагы төрагасынын атайын өкүлү Жаныбек Карибжанов кыргыз бийлиги менен ЕККУ полиция күчтөрүнүн Кыргызстанга киргизүү маселеси тууралуу да сүйлөшүүлөр болгонун билдирип, жалпысынан кыргыз өкмөтү бул демилгени колдоого алып жатканын кошумчалады.

- ЕККУ полициялык кеңеш берүүчү тобунун Кыргызстанга келиши боюнча маселе бардык деңгээлде талкууланды жана кыргыз тараптын туруму ЕККУнун полициялык кеңеш берүүчү тобу зарыл экендигин тастыктоодо. Учурда полициялык кеңеш берүүчү топтун келүү мөөнөтү аныкталып, Меморандум талкууланууда.

Ж. Карибжановдун айтуусунда эгерде ЕККУнун полициялык кеңеш берүүчү тобу шайлоо алдында Кыргызстанда иш алып барса дурус болмок, бирок шайлоодон кийин да кеч болбойт. Кыргыз бийлиги жакынкы күндөрү полициялык кеңеш берүүчү топтун келүү мөөнөтүн билдирмекчи. 56 өлкө мүчө ЕККУнун туруктуу кеңеш Кыргызстанга полициялык кеңешчи топту жиберүү чечимин июль айында кабыл алган болчу. Кыргызстандын өзүндө болсо айрым саясий жана жаштар уюмдары полициялык кеңешчи топтун келишине каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөргөн. Мурда бул топ сентябрь айына карата келери айтылган.

XS
SM
MD
LG