Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Макул жана каршы: мунаса табылабы?


Ошто ОБСЕнин полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акция болду.
Ошто ОБСЕнин полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акция болду.

ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга киргизилишине каршы тараптар менен өкмөт мунасага келүү аракеттерин көрүүдө. Бул багытта 19-август күнү Бишкекте “ЕККУнун полициясы: макул жана каршы” деген аталыштагы жыйналышта тараптар өз жүйөөлөрүн келтиришип, мунасага келүүнүн чекитин издешти.

ЕККУнун полициялык кеңешчилер тобунун Кыргызстанга киргизилиши боюнча карама-каршы позициядагы коомчулук өкүлдөрү төгөрөк үстөлгө олтурушуп, ар бир тарабы өз жүйөөлөрүн айтышып, бирин-бири ынандырууга аракет кылышты. Мунасага келүүнүн бир шарты катары полиция кеңешчилерин Бишкеке чейин гана алып келип, мында укук коргоо органдарынын өздүк курамын окутууну уюштуруу маселеси коюлду.

Ички иштер министрлигинин алдындагы илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров аталган сунуштар жогорку деңгээлде каралып жаткандыгына токтолду:

- Бүгүнкү күндө биздин жетекчилик коомчулукта түрдүү пикирлер болуп жаткандыктан улам, ЕККУнун полициялык кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү боюнча маселени карап жатат. Аларды Бишкекте эле кармап, окутуу иштерин ушул жерден эле жүргүзүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Муну менен элдин маанайын дагы карап, ошол эле кезде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болуп жатат. Себеби мындай каршы пикирлер түшүнбөгөндүктөн келип чыгып жатат.

ЕККУнун эл аралык полиция кеңешчилеринин Кыргызстандагы мандаты жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн ишине байкоо салууга, көзөмөлдөөгө жана окутууга багытталган. Бирок полиция кеңешчилеринин Ошко, Жалал-Абадга киргизилишине каршы тараптар алардын мандатындагы жогорку эки милдетти алып салуу демилгесин көтөрүшкөн.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун аталган үч милдетин өзгөртүүгө негиз жок деп эсептейт:

- ЕККУнун эксперттери менен биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлерин Бишкекте окутуу маселесин тереңдетип кароо боюнча пикир алмашуулар болуп жатат. Полиция кеңешчилери менен тажрыйба алмашуу багыттында курстарды уюштуруу жагы да каралат. Бирок алардын күч органдарынын ишмердүүлүгүнө байкоо салуу милдетин алып салууга туура эмес. Анда бул жакка эл аралык полиция кеңешчилеринин тобунун келишинин мааниси жок болуп калат.

Талкуу үч бөлүктөн туруп, ЕККУнун буга чейинки башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасынын оң жана терс жактары боюнча талаш-тартыштар орун алды. Ошондой эле ЕККУнун Кыргызстандын милициясын реформалоо боюнча 2003-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан долбоорунун натыйжасы талкууга алынды.

“Таза табият” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева өткөн жети жыл ичиндеги милицияны окутуу программасынын жыйынтыгына токтолду:

-Долбоордун отчеттунда буга чейин ички иштер органдарынын төрт миң кызматкерин окуттук деп көрсөтүлгөн. Ошол эле программа боюнча анан дагы төрт миңди окутушмак. Кана ошол балдар, кайда жоголуп кетишти. Эмне үчүн азыр элүү эки киши келип биздин он жети миңден ашуун милиция кызматкерин дагы бир сыйра окутуп чыгышы керек? Кандай дагы кеңеш беришет. Ошого жети жыл ичинде беш миллион евро акча кетирдик деп жатышат. Кана анын натыйжасы. Биз азыр ошол долбоор максатына жеттиби деп сурап жооп ала албай жатабыз.

Ошол эле учурда ЕККУнун полиция кеңешчилер тобунун киргизилишине каршы тараптар аны коогалаңдын кесепеттерин жоюудагы дипломатиялык миссиясына көңүл бурбастан туруп, жикчилдикке себеп болуучу тышкы коркунуч катары кабыл алып жатышкандыгы белгиленди.

“Биздин укук” коомдук бирикмесинин төрайымы Калича Өмүралиева айрым саясий күчтөрдүн ЕККУнун эл аралык полициясына каршы коомдук маанайды түзүү аракеттери бар экендигин белгиледи:

- ЕККУнун дипломатиялык миссиясын түшүнүш керек да. Ал жөн эле алып келип, тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү киргизе албайт. Ага мүчө элүү алты мамлекет макулдугун бербесе ЕККУ мындай чечим чыгарбайт. Башында бардык тараптардан жардам сурадык эч ким унчукпай турганда, ушул уюм жардам колун созду. Эми болсо кайрадан жок болбойт деген туура эмес да. Мейли киргизбейли, меморандумга кол койбой коёлу. Ошондон бизге жакшы болобу?. Макул деп добуш берген элүү алты мамлекетке эл аралык полиция кеңешчилерин киргизбей тургандыгыбызды эмне менен түшүндүрөбүз. Булар бир нерсени жашырып жатат дешпейби?

Төгөрөк үстөлдүн жыйынтыгында ЕККУнун полициясы боюнча үч түрдүү позиция аныкталды. Биринчилери такыр эле киргизилбесин дешсе, экинчилери чочулабастан макулдук берүү зарылдыгын белгилешет. Үчүнчүлөрү болсо эки позициянын ортосун карманышып, мунасага келүү шарттарын сунушташты.

XS
SM
MD
LG