Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Роза Отунбаева АКШ президенти менен жолугушат


Президент Р. Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы БУУнун жыйынында, Нью-Йорк, 21-сентябрь.
Президент Р. Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы БУУнун жыйынында, Нью-Йорк, 21-сентябрь.

Бул күндөрү АКШда жүргөн Кыргыз мамлекетинин башчысы бейшембиде АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуусу күтүлүүдө. Президент Роза Отунбаева баштаган топ АКШга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 65-отурумуна катышуу үчүн барган.

130дай өлкөнүн лидерлери БУУнун жакырчылыкты жоюу маселелерине арналган саммитине катышып жатышат. Ага улай Башкы Ассамблеянын 65-сессиясы өтүүдө. Отунбаева визит маалында бир катар расмий адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, президенттин басма сөз катчысы маалымдагандай, америкалык көптөгөн басылмалар кыргыз мамлекет башчысы менен интервью уюштурууга кызыгуусун билидиришүүдө.

Кыргыз президенти менен баарлашууга кызыккандар көп

Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Султан Каназаров “Азаттыкка” билдиргендей, АКШда Роза Отунбаева менен маек уюштуруу өтүнүчтөрү өтө көп түшүүдө. Бирок президенттин иш тартибине байланыштуу алардын бардыгы менен жолугушуу мүмкүн болбой жатат:

- Ошол эле учурда АКШнын чоң дүйнөлүк басылмаларына президент айым маек куруп, жолугушууга аракеттенүүдө. Мына кечээ «Вашингтон пост» гезитине атайын маек уюштурулду. Алдыдагы күндөрү «Нью-Йорк Таймс» басылмасынын редакторлор кеңешинин жыйыны Кыргызстандын президенти менен жолугушуу үчүн атайын чогулуп жатат. Алдын-ала пландоо боюнча президент айым ал жолугушууда Кыргызстандын бир топ маселелер боюнча көз карашын билдирет. Андан сырткары «Уол Стрит Жорнэл» басылмасы да маек куруу өтүнүчү менен кайрылды, азыр бул сыяктуу сунуштар каралып жатат.

Р. Отунбаева: "Манас" базасын май менен кыргыз-орус ишканасы камсыздоого тийиш

Жогоруда айтылгандай, Отунбаева “Вашингтон пост” гезитине интервью берди. Гезиттин жазганына караганда, анда кыргыз президенти "Манастагы" транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздоо маселесине кеңири кайрылды. Атап айтканда, Отунбаева борборду мындан ары күйүүчү май менен менчик фирмалар эмес Кыргызстандын мамлекеттик компаниясы менен Россиянын мамлекеттик "Газпромнефть" компаниясы ортосунда түзүлгөн биргелешкен ишкана камсыздоого тийиш деген оюн ортого салды. "Муну менен президенттин айтымында, коррупцияны азайтууга, компаниялардын ачык-айкын иштешине шарт түзүлөт. Ортомчуларга кеткен каражат үнөмдөлүп, Кыргызстандын казынасына жылына 50 миллиондой доллар киреше түшүп турмакчы", - деди Отунбаева.
АКШнын Бишкектеги авиабазасы.

“Вашингтон посттун” болжолунда, президенттин планы ишке ашса, Москва америкалык базаны көзөмөлдөөнүн бир жолуна ээ болуп калмакчы. Россия "Газпромнефттин" башында турган "Газпром" ишканасын саясий жана дипломатиялык кысым көргөзүү үчүн пайдаланган учурлар көп болгон, - деп жазышат гезиттин кабарчылары.

Ошол эле маалда Отунбаева интервьюсунда белгилегендей, ал орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведев менен "Манас" базасынын айланасындагы маселелерди талкуулап, Медведев америкалыктарды кетиргиле деп кысым жасабаганын айтты. Отунбаева ошондой эле кыргыз-орус биргелешкен ишкана түзүү Москва менен Вашингтондун ортосундагы ишенимди арттырууга, президент Барак Обаманын Россия менен мамилелерди жакшыртуу саясатына салым кошот деген оюн кошумчалады.

Пентагондун каалоосу башкабы?

2003-жылдан бери Пентагон түзгөн келишимге ылайык, Ооганстандагы Баграм жана Кыргызстандагы "Манас" базаларын күйүүчү май менен Гибраалтарда катталган Mina corp. жана Red Star Enterprises компаниялары камсыздап турат. Гезиттин жазышынча, алардын менежерлери арасында АКШ армиясынын мурдагы офицерлерин жолуктурса болот.
АКШнын Бишкектеги авиабазасы.

7-апрелден кийин келген Кыргызстандын жаңы бийлиги "Манас" базасындагы коррупция жөнүндө маселени көтөрүп, АКШ Конгрессинин комиссиясы ушу тапта иликтөө жүргүзүүдө. Буга карабай, америкалык журналисттерди ырастоосунда, Пентагон жаңы тендер жарыялап, катышуучулардын арасында Mina corp. компаниясын көрсө болот.

Отунбаева АКШ коргоо мекемеси өз турумунан тайбай, тендер өткөрүп, "Манастагы" учактарды май менен камсыздоого жаңы контракт берсе, бул - өтө өкүнүчтүү болот деди.

Отунбаева Улуттар уюмунун “Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттары” деген жыйынында бүгүн сөз сүйлөмөкчү. Анда ал жакырчылыкты, сабатсыздыкты жоюу, экология маселелерине токтолмокчу. 23-сентябрда болсо кыргыз мамлекет башчысы АКШ президенти Барак Обама менен жолугушуусу белгиленген.

XS
SM
MD
LG