Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

ЕБ Жорж Соростун кеңешин туура көрөбү?


Грекиянын евромонесы.
Грекиянын евромонесы.

Белгилүү филантроп жана миллиардер Жорж Сорос Грекияны финансылык кризистен куткаруунун планын сунуш кылды. Бул планга ылайык, Грекиянын бюджеттик тартышын камсыздоо үчүн Евробиримдик Афины менен чогуу евробонддорду чыгарууга тийиш.

Өткөн жумада Европа борбордук банкынын башкы экономисти Отмар Иссинг Грекияны экономикалык апааттан сактап калуу “Европа монетардык союзуна катуу сокку болот”, деген пикрин айткан.
Грек өкмөтүнүн сарамжалдуулукка өтүү саясатына каршы демонстрация. Афины. 11-февраль 2010


Гректер нөөмөттөшүп иш таштоого өтүштү

Октябрда өкмөт башына келген премьер-министр Георгиос Папандреу катаал сыноону баштан кечирүүдө. Грекиянын бюджеттик тартыштыгы 12, 7 процентке чыгып кеткен. Бул Европа монетардык союзу орноткон нормадан 4 эсеге көп.

Ошол эле учурда өкмөттүн “белди бекем бууп, бюджетти үнөмдөөгө өтүү саясаты” катуу каршылыкка кабылууда. 24-февралда иш таштоонун кезмети менчик жана мамлекеттик кесиптик союздарга тиет.

Бул жагдайда “Евробиримдик Грекияга кандай көмөк көрсөтө алат?” деген суроо кызуу талкууланууда. Европа борбордук банкынын башкы экономисти Отмар Иссингдин 15-февралда “Financial Times” гезитине жазышынча, азыр евромейкиндиктин тагдыры чечилчү мезгил.

“Евромейкиндиктин шартын бузган өлкөлөргө финансылык жардам берүү жалпы валюта союзуна болгон ишенимге катуу сокку уруу болмок, -дейт Иссинг. – Себеби, Грекияны куткаруу еврозонаны түзүү жөнүндөгү келишимди бузат”.

Натыйжада, “эл аралык базарга Евробиримдиктин валюта-экономикалык союзунун пайдубалы урай баштады деген сигнал берилет”, деп боолгойт Отмар Иссинг.

АКШлык филантроп жана миллиардер Жорж Сорос. Декабрь 2009
Бул пикирди атактуу филантроп жана миллиардер Жорж Сорос да 22-февралда “Financial Times” баскан макаласында колдоду. Сорос бирок Афины менен Евробиримдикти жарнакташып бонд чыгарууга чакырат. Эки жак, айрыкча, Биримдик кепил өткөн бонддордун жалпы суммасы Грекиянын карызынын 75 процентине барабар болгону жөндүү.

Ал эми калган 25 процентти грек өкмөтү өзү табууга тийиш. Бул Папандреунун өкмөтүнө Биримдик алдында өзүнө алган милденмесин аткарууга жана 2012-жылдын соңуна бюджеттик тартыштыкты 3 процентке түшүрүүгө мүмкүндүк берет, деп ишенет Сорос.

Гректер ойлонгуча, испандар евробонд сата баштады

Түркмөнстандын Борбордук банкынын мурдакы төрагасы Кудайберди Оразов да Испания, Италия, Португалия жана Ирландия сыяктуу “кылтыңдап турган” өлкөлөргө “мүшөктөп” акча берүүгө каршы.

"Биримдик муктаж өлкөлөргө кап-каптап акча берчү болсо, ошол замат узун кезек пайда болот. Эгер Грекияны Евробиримдиктин жардамы менен кризистен чыккандай шарт коюлса, жеңил акчага кезек күткөндөр болбойт”, дейт азыр Швецияда бозгун болуп жүргөн Оразов.

Бирок, Жорж Сорос баамдагандай, азыркы шартта Грекия менен Евробиримдиктин жарнакташып бонд чыгаруусу мүмкүн эмес. Анткени, Биримдиктин экономикалык локомотиви саналган Германия ага каршы.

А бу тушта бюджеттик дефицити ички дүң жыйымынын 12 процентине тете Испания казынаны толтуруу үчүн 15 жылдык мамлекеттик бонд чыгарды жана испан евробонду сатыла баштаган алгачкы күнү 6,5 миллиард еврого кардарлар жазылган.

XS
SM
MD
LG