Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

АКШ. ЕБ. Кризиске каршы күрөштүн эки башка стратегиясы


Дүйнөлүк банктын президенти Р. Зелик 2009-жыл дүйнөлүк экономика үчүн "өтө катаал жыл" болорун 13-мартта Лондондогу журналисттерге айтууда
Дүйнөлүк банктын президенти Р. Зелик 2009-жыл дүйнөлүк экономика үчүн "өтө катаал жыл" болорун 13-мартта Лондондогу журналисттерге айтууда

Дүйнөлүк саясый-финансылык чөйрөлөр 2-апрелде Лондондо болчу 20 өлкөнүн (G20) кездешүүсүн этияттык менен күтүүдө. Бул жыйында глобалдык экономиканы өйдөлөөнүн орток стратегиясы иштелип чыгууга тийиш. Бирок, убакыт чукулдаган сайын кризиске каршы күрөшүү боюнча АКШ жана Европанын философиясы эки башка экени айкын болууда.

АКШ берешен, Германия, Британия ж.б. сараңбы?

Экономикалык рецессияны токтотуу боюнча Евробиримдик жана АКШ эки башка пикирде экенин Биримдиктин финансы министрлеринин 10-марттагы жыйыны дагы бир ирет айкындады. Бакубат Германиянын финансы министри Пеер Штайнбрюк Брюсселдеги жыйында сүйлөп, АКШлык коллегалары менен экономиканы стимулдаштыруу маселесинде «олуттуу түшүнбөстүк» бар экенин баса белгиледи.

Кошмо Штаттар экономиканы жөлөп-тайоого казынадан 800 миллиард доллар чегерди. Бул ички дүң жыйымдын (GDP) 5, 9 проценти. Береги суммага салыкты кыскартуудан керектөөчүнүн чөнтөгүндө калчу ныпалар, жаңы жумуш орундарын түзүүгө сарпталчу акча, жумушсуздук боюнча берилчү жөлөк пулдар кирет.

Европанын дөө-шаасы эсептелген Германия ички дүң жыйымдын 1, 3 процентин же 50 миллиард доллар бөлдү. Франция да ушундай кылды. Британия ички дүң жыйымынын 1 процентине жакын акча бөлдү. Бул акча негизинен социалдык колдоолор үчүн жумашалат.

Эмне үчүн европалыктар анти-кризистик чаралар үчүн америкалыктардан аз акча жумшоодо? Эки жактын 1930-жылдары АКШны оңко салдырган Улуу депрессиянын табиятын жана кесепетин эки башка түшүнгөнүндө, дейт Лондон экономикалык мектебинин эксперти Питер Бун:

-Өзгөчө, Германия жана Европанын айырым бакыбат өлкөлөрү учурдагы кризисти фискалдык жана монетардык саясатка таянып жөндөөгө көшөрө каршы. Бул Веймар убагындагыдай гиперинфляцияга алып барат деп ойлошот. Ошондуктан, экономикалык проблемаларды жөндөө үчүн мамлекеттик каражатты пайдаланууга, акчаны эмиссиялоого же жаңы кредиттерди берүүгө кызыкдар эмес.


Веймарлыктар акчаны торболоп ташып калганда…

Веймар Республикасынын өкмөтү 1920-жылдары акчаны опсуз чыгарып, кунун кетирген. Натыйжада, адамдар дүкөнгө акча жүктөп баруу үчүн адегенде торбо көтөрсө, кийинчерээк колараба айдап барганга аргасыз болушкан.

Евромейкиндиктин кризиске тушуккан мүчөлөрү орток корго көз артууда. Бирок, кордун негизги жүгүн көтөргөн Германия өзүнүн ички проблемалары менен алышып, орток казынага өз үлүшүнөн артык бир тыйын бергиси жок. Питер Бундун пикиринче, германиялыктар алашем ишканалар кыйраса, экономика кризистен кийин кубаттуу болот деп ишенишет. Ошон үчүн, неместер евромейкиндиктин Испания, Италия, Португалия, Грекия сыяктуу кыйынчылыкка кабылган өлкөлөрүнө жардам көрсөтүүнү каалабайт, дейт Бун:

- Неместер, менин оюмча, рецессия калайыкка пайдалуу деп ишенишет. Дараметиңден көп сарптачу болсоң де-фолт жана банкрот болосуң. Бул туура. Алар өкмөт акчаны самандай чыгаргандан жана сага кредит бергенден көрө, сенин кудуретсиз болгонуңду оң көрүшөт.

Кошмо Штаттарда, Германиядагыдан айырмаланып, ашмалтайы чыккан компаниялар менен финансылык мекемелердин оорчулугун жеңилдетип, оңолуп кетүүсүнө жардамдашуу эконмикалык кризисти тереңдетпейт деп ишенишет. Америкалыктардын түшүнүгү жөнүндө Питер Бун:

-АКШда, менин оюмча, Федералдык банктын төрагасы Бен Бернанке жана жалпы эл ашыкча де-фолтко жана кудретсиздикке жол берилгени үчүн депрессия болду деп ойлошот. 1930-жылдардын башында Кошмо Штаттарда кредитти ээн-эркин койо берип, бухгалтердик балансты кредит жана акчаны самандай чыгарып жабышкан. Алар де-фолтту болтурбай, өлкөнү депрессиядан куткарса болмок.

Вашингтон мындай көзкараштан улам Евробиримдиктин «өгүздөрүнө» окшобой, банктар берчү кредитти чечкиндүү арзандатууда. АКШнын Федералдык банкы коммерциялык банктарга берчү кредиттин акысын 0, 25 процент кылып койду. Европа борбордук банкы кредиттен төлөнчү акыны азыркы 1, 5 проценттен 1,0 процентке түшүрүүнү ойлонуштурууда.

Жумушсуздукту алсак, Атлантика океанынын эки жагындагы окшош эле: АКШда 7, 6 %,Францияда- 7, 8%, Германияда-7,9% жана Испанияда 14%.

АКШ жана Евробиримдик IMFти акчага карк кылат

АКШ жана Евробиримдик экономиканы кризистен чыгаруунун стратегиясы боюнча байдөөлөт 20 өлкөнүн 2-апрелде өтчү жолугушуусуна чейин бир пикирге келе алабы, аны мезгил көрсөтөт. Бирок, эки тарап ЭМФтин ролун күчөтүү зарыл деп санашат АКШ жыйында Эларалык валюта корунун ролун күчөтүүнү жактап чыгарын өлкөнүн финасы министри Тимоти Гайтнер 11-мартта билдирди жана кордун каражатын азыркы 250 миллиард доллардан 750 миллиард долларга чыгарууга үндөдү. Биримдик ЭМФтин корун эки эсе көбөйтүүнү же 500 миллиард долларга жеткирүүнү оң табууда. Ал үчүн 100 миллиард долларга чейин кредит берүүгө да макул.

XS
SM
MD
LG