Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Евробиримдик карызга баткан Грекияга жардам убада кылды


Грецияга жардам берилери жөнүндө Евробиримдиктин президенти Херман ван Рөмпөй жарыялады.
Грецияга жардам берилери жөнүндө Евробиримдиктин президенти Херман ван Рөмпөй жарыялады.

Евробиримдик каржы каатчылыгына кабылган Грекияга жардам көргөзүлөрүнө ишендирип жатат. Бирок Афинаны карыздын сазынан алып чыгууну караган пландын чоо-жайы келерки аптада гана барып белгилүү болчудай.

Учурда Грекия (Греция) тушуккан башкы көйгөй - өлкөнүн мамлекеттик карызы Улуттук дүң өндүрүштүн акчалай көлөмүнөн ашып, ал эми бюджет таңкыстыгы анын 12,7%на чаап барып калгандыгында.

Евробиримдиктин ички эрежелерине ылайык, бюджет таңкыстыгы Улуттук дүң өндүрүшкө эсептегенде 3%ды гана түзүүсү керек. Грекияныкы мындан төрт эседен ашуун жогору болуп олтурат.

Афинанын ири карызынын айланасындагы кырдаал Европанын каржы базарларына, анын ичинде бирдиктүү акча - евронун башка валюталарга карата алмашуу курсуна таасир берип жатканы байкалууда.

Маселен акыркы эки ай ичинде эле евро 10%га жакын арзандады. Андыктан, европалык расмий өкүлдөр Грециянын көйгөйү тезинен чечилбесе, кризис шаркеттин Португалия жана Испания сындуу карызы көп башка өлкөлөрүнө да жайылат, анын артынан бирдиктүү акчаны пайдаланган аймактагы туруктуулукка доо кетет деп кооптонушууда.

Мындан улам Биримдиктин кечээ (11-февралда) Брюсселде жолуккан лидерлери дефолт коркунучунда турган Грекияга жардам берүү үчүн биргелешкен чара көрүүгө даяр экендигин ырасташты, бирок азырынча сөз жүзүндө гана.

Биримдиктин президенти Херман Ван Рөмпей мындай дейт:

- Евроаймакка мүчө өлкөлөр аймактагы каржылык туруктуулукту камсыздоо үчүн чечкиндүү жана координацияланган чара көрөт. Грек өкмөтү эч кандай каржылык колдоо сураган жок.

Президент Рөмпей ага катар расмий Афинаны да экономикасында ишеним жаратуу үчүн бюджет таңкыстыгын кыскартуу боюнча чара көрүүгө үндөдү:

- Биз грек өкмөтүн бюджет таңкыстыгын 2010-жылы 4%га азайтуу үчүн ал чараларды олку–солку болбостон, чечкиндүүлүк менен ишке ашырууга үндөйбүз.

Афинаны карыздын сазынан алып чыгууну караган пландын чоо-жайы келерки аптанын башында, Евробиримдиктин каржы министрлеринин жолугушуусунда аныкталчыдай.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, карызын тейлөөсү үчүн Грецияга насыя берилет. Ал эми акча Германия менен Франциядан барчудай. Анткени евроаймактын Италия, Испания сындуу башка чоң өлкөлөрү өздөрү каржы каатчылыгында турат.

Грек премьери Георгиос Папандреу


Кырдаалды өзгөртүү керектигин, антпесе өлкө өз карызына өзү “чөгүп кетерин” премьер- министр Георгиос Папандреу былтыр жыл соңунда эле айтып чыккан.

Андан бери грек өкмөтү да бюджет таңкыстыгын кыскартуу боюнча өз аргасын кылууда. Бирок мамлекеттик сектордо иштегендердин айлык акысын көбөйтпөө, салык саясатын кайра кароо өңдүү чаралар алардын нааразылыгын жаратты.

Иш таштаарын эскертишкен кызматкерлер ушул шаршемби күнү Афинада демонстрацияга чыгышты.

Өкмөт кризис үчүн аны жараткан капиталисттер эмес, жумушчулар төлөөсү керектигин талап кылуу менен байлардын тарабына өтүп алды”, - деди Афинада, парламент имараты алдына келген демонстранттардын бири.

Эксперттердин эсебинде, Грекия быйылкы жылы эле бюджет таңкыстыгын жабуусу жана 290 миллиард еврого чыгаары күтүлүп жаткан мамлекеттик карызын тейлөөсү үчүн бери дегенде 53 миллиард евро же 75 миллиард доллар насыя алууга муктаж. 290 миллиард евро Грекиянын Улуттук дүң өндүрүшүнүн акчалай көлөмүнөн 20%га көптүк кылат.

Кечээ жарыяланган маалыматка караганда, өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли азыр 10,6%га чыкты.

Бул - акыркы беш жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Оболу долларга карата курсу кулап, кайра Грекияга жардам берилет деген маалыматтар чыккандан бери стабилдешкен евронун курсу учурда 1 евро 1 доллар 37 центтин тегерегинде кармалып турат.

Аналитиктер Европанын каржы базарлары Грекияны куткаруу планынын чоо-жайын күтүп жатканын белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG