Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Өзбекстан шарап өндүрүүгө чындап киришти


Шарап.
Шарап.

Октябрь айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Францияга барып келди. Андан аз өтпөй француздардын мыкты шараптары жасалчу каберне, совиньон, шардоне өңдүү жүзүм көчөттөрү алдырылды.

60 миң көчөттү химиялык дарылоодон өткөрүшкөндөн кийин атайын айнек идиштерде өстүрмөй болушту.

«Бул аз эле көчөт», - дейт Намангандагы «Янгикурган шароб» заводунун жетекчиси Машраб Максумов. Бирок ал шарап өндүрүшүнө маани берилип жатканына курсант.

Анткени эгемендик жылдарында Өзбекстанда бул тармакка маани берилбей калган.

- Азыр өзүбүздө да шарап жетишсиз. Эгер өнүктүрүп, өзүбүздөн аша турган болсо, мына Орусия "келе-келе" деп атат. Вагондоп алганга даяр. 1991-жылга чейин Владивостоктон тарта Москвага чейин күнүнө эки-үчтөн секция жөнөтчүбүз. Кийин бул тармакка көңүл бурулбай, шарапка жарай турган жүзүмдөр жок болуп кетти. Мисалы, Янгикурганда жок.

Максудовдун айтымында, азыр Инновациялык өнүгүү министрлиги, Илимдер академиясы жана башка тийиштүү мамлекеттик мекемелер жогорку сапаттагы француз винолорун ачытуу технологияларын изилдеп, өздөштүрүп жатышат.

Франциядан алып келинген жүзүм сабактары
Франциядан алып келинген жүзүм сабактары

«Узшаробсаноат» акционердик коому менен Инновациялык өнүгүү министрлигине шарапчылыкты өнүктүрүү үчүн 30 млрд. сум бөлүнгөн. Максаты жогорку сапаттагы шараптын түрлөрүн өндүрүү, ал үчүн технологияларды иштеп чыгуу. Андан тышкары Өзбекстандагы 62 шарап заводун жаңылоо үчүн өзүнчө каражат бөлүндү.

- Бахмал районунда эле шарап өндүрүү агрокластерин түзүү долбоору 75 млрд. сумга бааланды. Мынча каражаттын үчтөн бирин инвесторлор, калганын насыянын эсебинен жабабыз, - деди «Узшаробсаноаттын» башкы адиси.

75 млрд. сум - 640 млн. сомго жакын каражат. Бахмалдагы агрокластер 5 миң тонна жүзүмдү кайра иштете турган кубаттуу заводдон жана шарап борборунан турушу керек.

- Шарап борбору – шарап туризмин өнүктүрүүнүн биринчи кадамы. Ал жерге келгендер уникалдуу ичимдиктерди татып көрүп, Өзбекстандагы шарап өндүрүшүнүн тарыхы менен тааныша алат. Аудио аппараттардан акындардын шарап тууралуу казал, рубаилерин жаңыртып турабыз, - дейт «Узшаробсаноат» акционердик коомунун башкы адиси.

Мирзиёев менен Назарбаев Казакстандагы жүзүмзарда
Мирзиёев менен Назарбаев Казакстандагы жүзүмзарда

Тармакты өлкө президенти Шавкат Мирзиёев өзү көзөмөлгө алып жатат. Өткөн жылы жазда Казакстандын жүзүмзарларын, шарап өндүрүү технологияларын көрүп келген.

Быйыл августтагы атайын жыйында жүзүмдүн түрлөрүн көбөйтүп, чет өлкөгө сатууну жолго коюуну тапшырган.

- Көп жылдан бери биз бул секторго инвестиция да тартпадык, көтөрүүгө этибар да кылбадык десек өтө туура болот. Жакшылап жолго койсок бул тармак бизге чоң киреше түшүрөт. Адамдар жумуш менен камсыз ,jkjn. Эгер бул жактан өндүргөндөрүбүздү экспортко чыгарабыз десек кайсы мамлекет каршы?, – деген эле президент.

Акыркы он жылда Өзбекстанда шарап жасоо 2,5-3 эсеге кыскарган. Өзбекстандагы 73 миң гектар жүзүмзардын 10 миң гектарына гана шарап жүзүмү өстүрүлүп жатат. «Янгикурган шароб» ишканасынын директору Машраб Максумов климат ыңгайлуу, мамлекет колдосо эле дүркүрөтөбүз деп убада берди:

- Жүзүм күн нуруна канчалык каныкса, ширеси ошончолук көп болот. Ширеси көп болсо спирт көп чыгат. Мисалы, Европада 100 грамм жүзүмдөн шире 20-21 граммга чыкса, бизде 22-30га чейин жеткени бар. Өзбекстан үчүн шарап өндүрүү азыр пайдалуу.

Баса, Өзбекстанда 2019-жылдан тарта жергиликтүү жүзүм шарабы алкоголдук ичимдикке кирбей, айыл-чарба азыгы катары санала турган болду. Бул өндүрүшчүлөр үчүн атайын лиценция алуу түйшүгүн жокко чыгарат.

Андан тышкары президенттин жарлыгы менен шарапчылар 2025-жылга чейин жер салыгынан, керектүү материалдарды сырттан алып кирүүдө бажы алымынан бошотулат. Алар үчүн Борбордук банк жеңилдетилген шартта жети жылга насыя бере турганы кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG