Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:35

Шараптын ырахаты, шарапчынын мээнети


Жүзүм жана шарап.

Шарап өндүрүү да адамзаттын маданий тарыхынын бир бөлүгү. Америкалык шарап өндүрүүчүлөрдүн аңгемесине кулак салалы.

АКШ. Мэриленд штаты. Фредерик округундагы чакан шарапканада же ресторанда отурам. Алдымдагы ар бир бокалга 50 граммдан шарап куюлган. Жергиликтүү өзөндүн аты менен аталган "Elk Run" рестораны ушу жерде өндүрүлгөн жүзүмдөрдөн жасалган ар түркүн шараптарды сатат, тамак сатпайт. Жыйырма кишилик залда жалаң шараптын даамын татып отурган кардарлар. Сатуучу аял мага үч бокалдын белинен ылдый куюлган шараптардын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп жатты:

- Бул кызыл шарап биздин "Пино-нуар" (Pinot noir). Ал орто күчтүү шарап. Биздин "Пино-нуарда" мөмө-жемиштин жана кассис ликёрунун даамы бар. "Пино-нуар" жүзүмүн Мэриленд штатында жалгыз гана биз өстүрөбүз жана ушундай шарап жасайбыз. Башка фирмалар ташып келинген "Пино-нуардан" шарап жасайт. Ортоңку фужердеги өзүбүздүн "Аnnapolis Sunset" шарабы. Анын өңү кызгылт, даамы - жарым таттуу, канты 3%. Мындай этикеткасы кооз шарап белек кылганга жакшы. Четки фужердеги шарап - биздин портвейн (Port). Ал өзүбүз өстүргөн "Каберне Совиньонго" (Сabernet Sauvignon) коньяк кошулуп, күчөтүлөт. Анын алкоголу 21% жакын. Ошого ичкенде этият болуңуз. Мен ошон үчүн портвейнди аз ичем.

Ар бир бокалдагы шараптын даамын татып, жакпаса калган шараптарды сынап көрөсүз да, купулуңузга толгонун сатып алып, кайра өз ордуңузду ээлейсиз. Зал ичи кыжы-кужу: шарап ичип отурган аял-эркектердин үнү.

"Elk Run" фирмасынын чакан шарапканасы жергиликтүү жолдун боюндагы жүзүмзардын бурчунан орун алган. Ресторандын арт жагында шарап жасачу цех же америкалыктарча айтканда вайнери жайгашкан.

Ал эми эки аттам жердеги үч кабат тамда Фред Вилсон (Fred Wilson) үй-бүлөсү менен жашайт. Ал өзү, бир тууганы Карл жана саналаалаш досу Нейл Бэсфорд (Neil Basford) үчөө - "Elk Run" шарап фирмасынын ээлери. Фирма жүзүм өстүрүп, шарап өндүрөт. Нейл Бейсфорд АКШнын тыңчы жандоочтору көзөмөлдөөчү чалгын мекемесинин финансы боюнча директору болуп жүрүп, 2002-жылы пенсияга чыккан.

Фред Вилсон кесиби боюнча инженер. 1995-жылы пенсияга чыкканга чейин аскер-деңиз флотунда кызмат кылган. Эки дос оболу 1 гектардай жердеги жүзүмзарды сатып алып, шарап жасашкан. Алар пенсияга чыкканча ар дем алышты жүзүмзарда өткөрүшкөнүн айтып, кепти 72 жаштагы Нейл Бейсфорд мырза баштады:

- Мен "Elk Run" жүзүмзарын түптөгөндөрдүн биримин. Фред, мен жана Карл Вилсон бул бир гектарга жакын жерге алгач 1980-жылы жүзүмдүн көчөттөрүн тиккенбиз. Жүзүмзарды “Эркиндик тавернасы” (Liberty Tavern Vineyard) деп атаганбыз. Ал эми жолдун аркы бетиндеги 9 гектар жерге 1995-жылы жүзүм отургуздук. Аны “Алтын Жума жүзүмзары” (Cold Friday Vineyard) деп атадык.

Минтип өз жүзүмзарында жыйналган түшүмдөн шарап жасаган адамдарды америкалыктар "вайнмейкер" же "шарапчы" деп коюшат. Шарап жасоочу Фред Вилсон колундагы бокалдан кызыл шарапты акырын жыттып, кээде бир уурттап отурду. 74 жаштагы Ф. Вилсон аларды бул бизнеске шарапка болгон сүйүү алып келгенин астейдил белгилеп, сөзгө кошулду:

- Шараптын кумары бизди ушул бизнести тандатты. Биз 1980-жылы жүзүм өстүрүп, шарап жасайлы деп чечип, ошондо ушул ишти баштаганбыз. Мен 1995-жылы аскер-деңиз флотунан отставкага чыктым. Бул пенсияга чыккандан кийин пенсия фондунда чогулган акчабызга жасасак болот деп тилек кылып жүргөн иш болчу.

Атактуу Омар Хайям мына бул төрт сап ыры дал ушул Фред Вилсон жана Нейл Бейсфорд сыяктуу шарапкөй адамдарга арналса керек...

Эй шарапчым, күйүт чексем абыдан,

Шарап менен эмдебесем не кылам.

Бергендериң жолтоо болбойт сакалга,

Жүрөгүмө жаз жаратат жаңыдан.

Шараптын ыракаты, шарапчылыктын мээнети (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00
Түз линк

Нейл Бесфорддун айтымында, шарапчылык өнөрүнө келген алгачкы 15 жылда (1980-1995-жылдары) аларга өздөрү мурда билбеген көп нерселерди үйрөнүүгө туура келген.

- Ооба. Биз ошол 15 жылда көп нерсени туура жасаганды үйрөндүк. Ал учурда бизде 1 гектардай жердеги “Эркиндик тавернасы жүзүмзары” гана бар эле. Биз дем алыш күндөрүбүздү жүзүмзарда өткөрчүбүз.

"Elk Run" жүзүм заводунда туруктуу төрт киши иштейт. Жылдын ар кайсы мезгилинде талапка ылайык дагы алты жумушчу убактылуу ишке алынат. Күздө түшүм жыйым учурунда жүзүм теримге күнүнө дагы 8-10 кишини жалдашат.

- Күздө жүзүм тергенге күнүнө 8-10 адамды кошумча жалдайбыз. Жүзүмдүн бир түрүн жыйнап бүткөнгө орточо бир күн коротулат. Жүзүм август айынын аяк ченинде быша баштайт да, октябрдын ортосунда баары бышып бүтөт. Ошого бул учурда аптасына бир жолу жүзүм жыйналат.

Нейл Бэсфорддун айтуусунда, шарап сатып, кап-кап акча табам деген адам жаңылышат. Себеби шарапчылык көп чыгымды жана убакытты талап кылган бизнес. Ошондуктан бул жумушка бышыккан карыя бул бизнеске өзү багып өстүргөн жүзүмдөн шарап ачытып, ырахат алган адам гана барыш керек дейт:

- Шарапчылык бизнесинде эскиден келаткан мындай аския бар. Бирөө: “Шарап бизнесинде кантип тез байыса болот?”- деп сураптыр. Ошондо эски миллионер: “Чоң акча менен башта”, - деп айткан экен. Биз АКШнын Салык кызматынын маалыматына ылайык, шарап жасоо менен шугулданган убактын 30 же 40% мезгилинде кирешелүү иштептирбиз. Бул бирок капиталды жана убакытты көп талап кылган жумуш. Эгер сиз бул ишти сүйбөсөңүз, анда ага жолобоңуз. Себеби, өкмөттөн эч кандай субсидия же каржылык жардам жок. Биз өзүбүз менен өзүбүзбүз.

Мен үчүн “Шарап жасоо бизнесинде баарынан кыйыны эмне?” деген суроо да кызыктуу эле. Буга Нейл Бэсфорд жооп берди:

- Чыныгы кыйынчылык – шарап жасоодо эмес, чыныгы кыйынчылык - жүзүмдү өстүрүүдө. Жүзүм ысыкка да, суукка да өзгөчө назик болот. Жамгырды да ашыкча сүйбөйт. Бизде дегеле жамгыр аз жааган учур болгон эмес.

Ал эми Фред Вилсон алар жасаган шараптар улуттук мелдештерде нечен жолу жеңгени менен, өндүрүлгөн шарапты сатуу алар үчүн чоң маселе экенин белгиледи:

- Азыр биз үчүн эң оор маселе - шарапты сатуу. Атыңды коомчулук билиши үчүн социалдык медианы көп пайдаланышың керек. Биз көптөгөн мелдештерде медаль утканыбыз менен, ал жөнүндө эч ким билбейт. Ошондуктан бизге келбейт. Мэрилендде шарап өндүрчү 8 фирма бар кезинде бизге соода кылган жеңил эле. Ырас, кээде кыйынчылыктар да болчу. Азыр ар кандай мелдештер көп болот, деген менен Мэрилендде бир нече жакшы шарап да бар.

​"Elk Run" фирмасынын ушул чактагы базар баасы канча болорун сурагынымда, “бул чарбаны 5 миллион долларга сатып алышыңыз ыктымал”, - деди Нейл Бэсфорд мырза. Ал эми бизнестин кирешелүүлүгү жөнүндөгү суроомо америкалык шарапчы түз жооп берген жок:

- Биз бизнесибизди токтотуп салган жокпуз. Бизде ичкибиз келген шараптын баары бар. Бул бизди абдан кубандырат. Албетте, бардык жумушчуларыбыздын маянасын төлөйбүз. Фред ("Elk Run" фирмасынын үч ээсинин бири) жана анын уулу да айлык акы алышат. Айлыкка иштеген башка да жумушчулар бар. Жумуш өз орду менен жүрүүдө. Менин айлыгым аз эле. Тобо, биз шараптан түшкөн гана кирешеге жашабайбыз. Бул алты киши үчүн оор болмок.

Ушул чакта алты миллион элдүү Мэриленд штатында жүзүмдү өзү өстүрүп, шарап ачыткан чарбалар арасында кардарлар үчүн атаандаштык күчтүү. Акыркы 20 жылда шарапчылыкты бизнес кылган фирмалар 8 эсе көбөйгөн. Ошентсе да, муну Нейл Бейсфорд мырза достордун атаандаштыгы деп түшүнөт:

- Атаандаштык негизинен достук мүнөзгө ээ. Биз өз ара жоолашып жаткан жокпуз. Бирок азыр атаандаштык абдан күчтүү. Фред экөөбүз бул ишти баштаган кезде Мэриленд штатында өз түшүмүнөн шарап ачыткан 13 фирма бар эле. 2000-жылы андай 11 фирма болсо, азыр бизди кошо эсептегенде 80 фирма шарапчылык кылат. Ага карабай, биздин шараптарыбыз Американын Чыгыш жээгиндеги мен уккан-билген шарап заводдорунун ичинен улуттук мелдештерде эң көп алтын медаль уткан. Биз көптөгөн мелдештерге катышып жүрөбүз. Биздин мыкты шараптарыбыз - өңү кызыл "Каберне-фран" (Cabernet Franc) жана өңү ак "Gewurztraminer". Жакында эле өткөн мелдештерде биздин "Liberty Tavern Chardonnay" аттуу шарабыбыз эки алтын медаль менен сыйланды.

Амирбек Азам уулу америкалык айтылуу шарап ачытуучулар менен. 2018-жыл.
Амирбек Азам уулу америкалык айтылуу шарап ачытуучулар менен. 2018-жыл.

Мурда дүйнөлүк шарап базарында Франция, Италия, Испания, Германиянын шараптары үстөмдүк кылчу. Ал эми акыркы 10-15-жылда Австралия, Чили, Аргентинанын шараптары кардарларды тартып кетип жатат. ”Силердикиндей майда компаниялар шарап базарындагы жаңы өлкөлөрдүн коркунучун сезип жатабы?” - деген суроомо Нейл Бэйсфорд “атаандаштык анча катуу сезилбегенин” айтты:

- Атаандаштык катуу сезилбейт. Себеби биз жергиликтүү кардарлар менен иштегенге умтулабыз жана калкты жергиликтүү шараптарды ичкенге үндөйбүз. Ошого шарапты жеринде ичкиле! Биз береги өлкөлөрдүн шараптары менен, айрыкча, баасы арзан шараптар менен түздөн-түз атаандашпайбыз. Биз алардан кыйла жогорудагы премиум-класска киребиз.

"Elk Run" фирмасынын шарабын ушул жердин өзүнөн сатып алсаңыз - бир шишеси 17 доллардан 30 долларга чейин турат.

Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, бүгүнкү соодада маалымат каражаттарындагы жарнамалар жана көчөлөрдөгү билбордордун таасири чоң. Бул жараян шараптардын өтүмдүүлүгүнө да таасир эткенин, ошон үчүн социалдык медиа аркылуу кардарларга жетүү маанилүү экенин Фред Вилсон баса белгиледи:

- Биз колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Социалдык медиа менен иштеген оңой. "Фейсбук", "Твиттер" жана Инстаграмдай" нерселер көп элге тез таанылганга жардамдашат. Адамдар электрондук почта менен кат жазганга "Фейсбук" менен сүйлөшкөндөй көп убакыт бөлүшпөйт. Ошон үчүн маркетингде береги каражаттарды пайдалана билишиң зарыл.

"Elk Run" ресторанындагы "бочка" столдор.
"Elk Run" ресторанындагы "бочка" столдор.

"Elk Run" фирмасы өзү жасаган шараптарын эл аралык базарга чыгарбайт. Бирок ал азыр өз шараптарын АКШнын 44 штатында сатканга укугу бар. Ал эми Мэриленд штатында шарапты негизи дүңүнөн сатат. Андан тышкары Интернет аркылуу соода кылат. Бирок ал жалпы көлөмдүн 5-6% ашпайт.

Сөзүбүз акырындап Мэрилендде өндүрүлгөн шараптардын өзгөчөлүгүнө да жетти.

Мен Чехияда чех шарабын жана башка Европа өлкөлөрүнүн шарабын ичкенимди, Мэриленддин шарабын биринчи мертебе ичкенде анын даамы Европанын шарабынан такыр башка экенин айттым. Ошондо Нейл Бэсфорд:

- Албетте. Анткени биздин кыртыш такыр башка, бизде климат да Европадан бөлөк. Жүзүмдүн бир өзгөчө касиети бар: бир эле жүзүмдүн башка жерлердеги шарабы бөлөкчө болот, - деп жооп кайтарды.

“Азаттык”: Бир эле жүзүмдүн шарабы ар жылы ар башка болобу же шарапка жүзүм жыйналган жыл таасир этпейби?

- Аларда окшоштук бар. Бирок шарапка бир ай ичиндеги аба ырайынын өзгөчөлүгү таасир этет. Аба ырайы идеалдуу болгондо февралдан 15-майга чейин бизде жамгыр жаайт. Андан соң 15-майдан тартып 15-октябрга чейин жамгыр жаабайт. Эгер ушундай болсо, биз үчүн эң сонун болмок. Бирок аба ырайы бизди укпайт жана андай болбойт. Биз ошон үчүн жүзүмдү ар кандай оорудан сактай билип, табияттын мүнөзүн эсте тутуп, түшүмдү керек убакта жыйнап алышыбыз керек. Көрдүңүзбү, шарап жасаган адам катары көп нерсени эске алып, чечим кабыл алышыбыз зарыл.

Арийне, Нейл мырзадан "Шарапты көп ичсеңиз керек?" деп сураганымда, ал "күн сайын ысык тамак менен кошо эки же үч бокал шарап ичем, бирок нанүштө кылганда шарапты такыр оозуна албайм" деди:

- Мен күндүн аталышы y тамгасы менен бүткөн Monday, Tuesday, Wednesday, Thursday, Friday, Saturday, Sunday күндөрү гана шарап ичем. Демейде ысык тамак менен кошо бир же эки фужер шарап ичмейим бар. Бирок нанүштө кылганда такыр шарап ичпейм.

Менин жакшы көргөн шарабым: кызыл шараптардан "Каберне савиньон" жана "Каберне фран"; ак шараптардан "Шардоне" менен өзүбүздүн "Гувертраминди" жакшы көрөм.

Фред Вилсон болсо күнүнө бир үч-төрт бокал шарап ичет экен. Биз сүйлөшүп жатканда да Фред Вилсон шарап куюлган бокалын колунан эч түшүрбөдү.

Шараптын ыракаты, шарапчылыктын мээнети (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:03 0:00

Арийне, шарап бизнесинде дээрлик 40 жылдан бери иштеген эки карыя менен кош айтышарда, шарап жасайм деген кишиге кандай кеңеш айтарын сурадым.

- Мээң жайындабы? Адегенде аны текшертип ал! Бул капиталды көп талап кылган бизнес. Үч же төрт жылда бир сары чака киреше таппайсың. Көчөт отургузуп, бирок үч же төрт жылда эч нерсе албайсың. Ошондон бир жылдан кийин шарап сата баштайсың. Алгачкы алты жылда жүзүм толук түшүм бербейт. Ошого биринчи беш центти тапканга чейин көп акча коротконго даяр бол. Жер, шайман-жабдуу, көчөт отургузчу адамдар, жүзүмдүн көчөттөрү-мунун баары көп акча да.

Нейл Бэсфорддун жообу ушундай болду. Биз сүйлөшүп жатканда ресторанда 10 чакты кардар шашпай шарап ичип, маектешип отурду. Алардын айрымдары орунду алдын ала телефон чалып даярдатып койгон. Андай кардарлар 12 долларга шараптын алты түрүнүн даамын тартып көрүшөт. Даам татууга ар шараптан 50 грамм берилет. Ал эми кетип атканда бул жерде отурган адамдардын ар бири жок дегенде эки шишеден шарап алып кетип жатты.

Мындайда Омар Хайямдын артынан анын бул саптарын кайталагың келет:

Ич татына-мөлтүр, сулуу жашыңда.

Ич карыганда, акылың бар башыңда.

Ичкин аздап - бир бактыга тунганда,

Бирок, курбум, ичкениңе бакырба.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG