Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Кытай коньяк ичпесе, французга кыйын


Шанхайдагы коньяк көп ичилчү бар, 25.02.2010.
Шанхайдагы коньяк көп ичилчү бар, 25.02.2010.

Көркөм өнөр буюмдарын сатуу жанданып, андан түшкөн пайда былтыр эле 65.6 миллиард долларга барабар болду. Француз коньяк чыгаруучулар Кытайдын жаңы саясатынан улам жапа чегүүдө.

Кытайлыктар коньяк ичүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Франциянын борборундагы Коньяк аймагында өндүрүлгөн ичимдик Кытайда жана Азиянын башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүндө барган сайын көп ичилүүдө. Мисалы: дүйнө боюнча сатылган коньяктын жалпы көлөмүнүн чейреги Азияда ичилет.

Бирок акыркы бир жылдан бери Кытайда сатылган коньяктын көлөмү азаюуда. Буга Коммунисттик партиянын чоңдорду оздуктоо жана көңүл ачуучу жайларды кескин азайтуу планы түрткү болууда. "Хеннесси", "Реми Мартин" жана "Мартелль" дүйнөлүк коньяк өндүрүүчү дөө-шаалар Бээжиндин мындай саясатына, албетте, кыжаалат.

Кытай өкмөтү өлкөдө акыркы жылдары көбөйүп кеткен караоке бар, сауна, кафе жана сойкуканаларды жабуу аракетин көрүп жатат. Дал ушул жайларда коньяк эң көп сатылат эмеспи. Коньяк – орто курактагы, акчалуу кытайлыктардын сүйүктүү ичимдиги. Мисалы: Жаңы жыл майрамында бери дегенде үч миң доллар турган коньякты белекке берүү салтка айланган. Ар кандай отуруштарда жана түнкү клубдарда кымбат баалуу коньяк татуу азыркы бай кытайлар арасында кулач жайган көрүнүш.

"Евромонитордун" эсебинде, 2012-жылы кытайлыктар 27 миллион литр коньяк ичишкен. Дүйнө боюнча 2012-жылы 100 миллион литр коньяк сатылган. Коньякты эң көп ичкендер Кытайдын түштүгүндө. Дал ошол аймактарда өкмөттүк тартип түзүмдөрүнүн атайын рейддери өтүп, февраль айынан бери 2400 кафе, караоке барлар менен түнкү клубдар жабылган.
"Арашан" бальзамы космосто ичилген биринчи ичимдик.
"Арашан" бальзамы космосто ичилген биринчи ичимдик.
Кытайда сатылган коньяктын көлөмү азайган сайын жүзүм өстүргөн француз дыйкандар менен компаниялардын кирешеси да азайды. Мисалы "Реми Мартин" коньягын чыгарган компаниянын кирешеси Кытайдагы катаал саясаттын айынан быйыл 40 пайызга азаярын билдирди. Жылдын алгачкы үч айында эле "Хеннесси" коньягын сатуу 30 пайызга түштү. Ал эми "Мартелль" коньягын өндүргөн компаниянын 45 пайыз кирешеси Кытайдан түшөт.

Кыргызстанда болсо 2011-жылы жергиликтүү өндүрүштөн чыккан 2600 литр коньяк сатылган. Белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк коньяк сүйүүчүлөр арасында кыргыз коньягы өзгөчө сыйга ээ. Буга кыргыз коньягы утуп алган бир нече мартабалуу сыйлыктар күбө. Мисалы: космоско жөнөтүлгөн алгачкы алкоголдук ичимдик – кыргыз бальзамы болгон.

Кыргызстанда 40 жылдан ашуун убакыт сакталган коньяктар бар. Температурасы 23°С ашпаган жайда сакталган коньяктар 1968-жылы атайын челектерге куюлган. Миллиондогон долларларга бааланган, дүйнөнүн эң мыктысы деп саналган коньяктын 470 литри атайын "алтын кордо" сакталуу.

Искусство бизнеси жанданды

Дүйнө экономикасы глобалдык каржы каатчылыгынан акырындап чыккан сайын көркөм өнөр буюмдарын сатуу базары жандана баштады. Мисалы былтыр эле дүйнө боюнча сатылган шедеврлердин саны сегиз пайызга өсүп, 65.5 миллиард долларды түзгөнүн Европа көркөм өнөр кору билдирет. Мындай көрсөткүчтөр акыркы ирет 2007-жылы катталган эле. Көркөм өнөр жаатында мурда аты анчейин чыкпай калган жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки сүрөткерлердин эмгектерине кызыгуу болуп көрбөгөндөй өстү.

Мартабалуу 50 галереянын сатыктарын эсептеген Артнет С50 индексине ылайык, өткөн кылымдын 50–60-жылдарында тартылган сүрөттөргө кардарлардын кызыгуусу 2003-жылдан бери 434 пайызга арбыган. Алтын, баалуу кагаздар жана сейрек шараптарга дагы мынчалык талап өскөн эмес.
Дүйнөдөгү эң кымбат сүрөт – Фрэнсис Бэкондун эмгектери.
Дүйнөдөгү эң кымбат сүрөт – Фрэнсис Бэкондун эмгектери.
Француз кыл калем устаты, 78 жаштагы Мартиал Райстын эмгектери соңку 40 жылда дээрлик унутта калган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки сүрөтчүлөрдүн картиналарына кызыгуу арбып, ниццалык кыл калем чеберинин эмгектеринин эң арзаны 500 миң доллар турса, эң кымбаты алты миллион доллардан ашып түштү.

Эң кымбат картина британ сүрөтчүсү Фрэнсис Бэконго таандык. Былтыр ноябрь айында анын сүрөтү 142.4 миллион долларга сатылган. Ал эми өткөн кылымдын жылдызы саналган Энди Уорхолдун эмгеги 105.4 миллион долларга сатылган. "БизнесУик" журналы ХХ кылымдын 50–60-жылдарда тартылган сүрөттөргө кызыгуу дагы өсөрүн жазып чыкты.

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак, алтын акыркы аптада 15 долларга арзандап, учурда унциясы 1287 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 11 центке өстү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы 5 канада доллары 22 центти түзүүдө.

Чийки мунайдын баасы бир долларга түшүп, бир баррели 102 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада тогуз эсе көбөйүп, 79 миллион сомго жетти. "Дос-Кредобанктын" облигациялары 25 миллион сомго сатылып, алдыңкы сапка чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG