Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Кыргыз арагы Францияда


Акыркы жума ичи эң көп сатылган акциялар арасында "Кыргызгаздын" баалуу кагаздары озуп чыкты. Тажикстандагы авиакеросин таңкыстыгынан кыргыз экономикасы утуп жатат.

Кыргызстандын арагы дүйнөлүк базарда

Кыргызстанда чыгарылган "Виват" арагы Францияда сатыла баштайт. Бул тууралуу аракты чыгарган "АЮ" компаниясы билдирүү таратты. Франциядагы "ЛОРО энд Филс" компаниясы "Виватты" татып көргөндөн кийин, ал аракка жогорку баасын берип "АЮ" менен экспорттоо жана кызматташуу келишимине кол койгон.

Быйылкы жылдын башынан тарта "АЮнун" арактары Африкада, Германияда жана Чехияда сатыла баштаган. Андан тышкары келерки жылдан Кыргызстанда чыгарылган арактар Вьетнамга экспорттоло баштайт. "Виват" жана "Кыргыз арагы" жакын арада Бельгия, Люксембург жана Нидерландда дагы сатыкка чыгат. Ал эми "Шпилька" жана "Самогон" арактары, Кытайдан тышкары АКШга да экспорттолот.

Британиялык "Рашн стандард водка интернешнл" компаниясынын маалыматына ылайык, Кыргызстан дүйнөдө арактын премиум секторунда биринчи орунда турат. Тилекке каршы, өлкөдөгү арак-шарап өндүрүшү көбүнесе көмүскөдө.

Кыргыз экономикасы 2014-жылы 6.5% өсөт

Пахта, Кара-Суу району, Ош областы, 30-ноябрь 2011-ж.
Пахта, Кара-Суу району, Ош областы, 30-ноябрь 2011-ж.
Келерки жылда айыл чарба продукциясынын арбын экспорту Кыргызстандын казынасын толтурууга олуттуу көмөк көрсөтөт. Мындай тыянакка Эл аралык валюта корунун адистери келди. Алар жарыялаган билдирүүдө өлкөнүн жалпы дүң өнүмү быйыл 7.4%, 2014-жылы 6.5% өсүшү божомолдонду. Ал эми инфляция көрсөткүчү 2013-жылы 8.6%, келерки жылы 7.2% түзөөрү күтүлүүдө. Кыргызстандын тышкы карызы 2013–2014-жылдары жалпы дүң өндүрүмдүн 20%– 25% түзөт деп билдирди Эл аралык валюта кору.

Дүйнөлүк биржалардагы сары алтындын туруксуз баалары жана Кыргызстандын кен тармагына байланыштуу чыр-чатактар өлкө экономикасын артта кармап турган негизги себептердин бири. Эл аралык валюта корунун билдиришинче, кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу программасы фискалдык дефицитти кыскартууга жакшы шарт түзөт.

Тажик учактарынан түшкөн киреше

"Тажик Эйрдин" Боинг–737-300 учагы, Душанбе эл аралык аба майданы, Тажикстан.
"Тажик Эйрдин" Боинг–737-300 учагы, Душанбе эл аралык аба майданы, Тажикстан.
Тажикстандагы авиакеросиндин таңкыстыгынан жана кымбаттыгынан улам, тажик учактары Бишкек аркылуу учуп жатышат. Тажикстандын төрт шаарынан Орусияга багыт алган учактар Кыргызстанга конуп, кошумча май куюп, сапарын андан ары улантышат. Бишкекте авиакеросиндин тоннасы – 1140 доллар, ал эми Душанбеде – 1900 доллар.

Кыргызстан авиаишканалар ассоциациясынын төрагасы Таалайбек Окенов тажик учактары Бишкекте май куюшунан кыргыз экономикасы утаарын айтат:

– Бизге көп акча алып келет. Ошол эле аэропорт, аэронавигация, отун компаниясына киреше алып келет. Демек, салык төлөнөт. Ал эми бул проблема Тажикстанда биринчи жолу эмес. Кандайдыр бир себептер менен авиакеросин жетпей калып, алар бизге конуп май алып кеткен учурлар мурда да болгон.

Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугу инспекциясынын башчысынын орун басары Төлөн Арпачиев тажик учактарынын коопсуздугуна да токтолду:

– Алар келгенде пайда гана түшөт. Алар "Кыргызаэронавигацияга", аэропортко, авиакеросинге төлөйт. Баарына төлөйт. Алар учуп келгенден мурун биз алардан кимди алып келесиңер, кооптуу жүк же маңзат жокпу деп баарын тактайбыз. Тиешелүү документтерди алгандан кийин гана Кыргызстан аркылуу учууга уруксат беребиз.

"Кыргызгаздын" акциялары алдыда

Эми глобалдык базарларга учкай көз чаптырсак. "Центерра Голддун" акциялары акыркы жети күн ичинде 47 центке арзандап, бир баалуу үлүш кагаздын баасы 3 Канада доллары 6 центти түздү. Сары алтындын баасы 23 долларга арзандап, алтындын жүз унциясы 1263 доллардан сатылып жатат. Чийки мунайдын баасы акыркы апта ичи дагы бир доллардан ашык арзандап, бир баррель 94 доллардан сатылып жатат.
"Кыргызгаз" ишканасы.
"Кыргызгаз" ишканасы.

Ал эми Бишкектеги баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы апта ичи дээрлик жети эсе азайып, 10 миллион сомдон бир аз ашык соодаланды. Сатылган акциялардын көлөмү боюнча "Кыргызгаз" биринчи орунда. Акыркы жети күн ичинде ишкананын 6 миллион сомго барабар баалуу кагаздары сатылды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG