Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Орусия таарынычын шараптан чыгарды


Молдова шарабы Европанын булуң-бурчуна жете баштады.
Молдова шарабы Европанын булуң-бурчуна жете баштады.

Орусия кайрадан Молдовага каршы жазалоочу чара киргизди. Бул ирет өлкө Европа биримдиги менен өтө ымалашып кеткендиги үчүн жазаланууда.

Орусия 11-сентябрдан тартып Молдовадан шарап импорттоого тыюу салды. Бул жети жыл ичиндеги экинчи тыюу. Орусияда коомдук саламаттыкты көзөмөлдөгөн Роспотребнадзордун башчысы Геннадий Онищенко 10-сентябрда «улам эскерткенге карабай, Молдовада шараптын сапаты көзөмөлдөнбөй келди»,- деп ырастады.

Молдованын президенти Николе Тимофти муну «кастык кадам» деп баалады. Молдова шарабынын импортуна тыюу бул өлкө Европа Биримдиги менен алакаларды тереңдетүүнү караган жыйынды баштаган күнү күчүнө кирди.

Орусия бир эле Молдованын товарларына тыюу салган эмес. "Азаттыктын" орус кызматынын редактору Ирина Лагунина өз видео баянында белгилегендей, бул азыктардан Париждеги эң мыкты ресторандан кем калбаган дасторкон жайса болот. Кара тизмеден Польшанын этин, Беларустун каймагын, украиндердин эжигейин, тажиктердин жемиш кагын, Грузиянын шарабы менен "Боржоми" минералдык суусун табабыз.
(видео англис жана орус тилинде)

Орусия молдован шарабын киргизүүгө тыюу салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Кыргызстандыктар да жакшы билген молдован шарабынын үч миң жылдык тарыхы бар. Өлкөдөгү шарап жасоочу 142 чарба туризм жана эл аралык соода жаатында маанилүү рол ойнойт. Өкмөттүн интернет сайтында молдован шарабы «өлкөнүн дүйнөлүк сапаттагы эң мыкты туризм товары» деп айтылат.

Молдова негизинен айыл чарбасы менен күн көрөт. Ошондуктан, азыркы чектөө ага өзгөчө оорчулук келтирмекчи. Өлкөнүн тышкы соодасынын бештен бири Орусияга туура келет. 21 пайыз менен бул көрсөткүч коңшусу Румыниянын 19.8 пайызды түзгөн үлүшүнөн да жогору.

Мына ушундай жармач өлкөгө дөө коңшусу кылган мамилеге жаны ачыган Британиянын мурдагы өкмөт башчысы жана европалык министри Денис Мак Шейн Твиттер социалдык тармагынан Кишиневду колдогон твит таркатты. «Молдованы Орусиянын экономикалык чөйрөсүнө күчкө салып киргизүү үчүн, Кремл Молдованын эң мыкты шарабына тыюу салды. Путинге «жок» дегиле, Молдованын кызыл шарабын ичкиле»,- деп жазды Макшейн.

Орусиянын коңшуларына кысым көрсөтүү тактикасы Европа Биримдигинин көптөгөн өкүлдөрүн кыжырдантты.

«Биз менен келишим түзөбүз дегендерге карата Орусиянын мындай коркутууларына жол болсун» деп ачууланды Евробиримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Штефан Фүле 11-сентябрда.

Ал эми Европа комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Бароззу Европарламентте «Биз бул өлкөлөрдүн суверендүү чечим кабыл алуусун чектөө аракеттерин айыптайбыз. Биз унчукпай отуруп калбайбыз» деп күпүлдөдү.

Советтик доордо Молдова менен Грузиянын шараптарынын сапаты түшүп кеткен, бирок соңку жылдары бул жаатта көп аракет, жылыштар болууда. Бүгүн Made in Moldova деген мөөр басылган шарапты Европанын булуң-бурчунан кездештире аласыз.

Балким ал француз, түштүк африкалык же чили шараптарынын деңгээлине жете электир, анын үстүнө Молдовага чет элдиктер дээрлик каттабайт десек болот. Былтыр эл аралык аба каттамдар менен бул жакка болгону 9 миң киши келип кетиптир.

Бирок чехтер менен словактар жасаган шарап улам кеңири белгилүү болуп келатат. Ошол сыңарындай, молдован шарабы да дүйнө базарында өзүнүн татыктуу ордун табаары шексиз. Айткандай эле, AOL TRAVELдин басылмасы бул өлкөнү «Европанын жакынкы келечектеги шарап чордону» деп атады.

Молдованын шарабы орустарга да жакшы таанымал. Өлкөдө алкоголу азыраак ичимдиктер, анын ичинде шарап көбүрөөк ичиле баштады. Ушул тапта эми "Фетяска", "Рара нягре", "Пино" өңдөнгөн Молдованын наздуу шарабынын ордуна эми канча киши кайра боор, бөйрөктү ойрон кылган аракка өтөөр экен?

XS
SM
MD
LG