Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кремл: тажик мигранттар – илдеттердин булагы


Тажик мигрант
Тажик мигрант

Орусия тажик мигранттарын “медициналык себептерден” улам өлкөгө киргизбей коюшу мүмкүн. Эми тажик мигранттары менен күрөшкө Орусиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко кошулду.

Онищенко Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын ичинен тажикстандыктарды коркунучтуу илдеттердин булагы катары бөлүп көрсөтүүдө.

14-ноябрда “Интерфакс” маалымат агенттиги кабарлагандай, "тажик мигранттарын Орусияга киргизбеш керек" деген Геннадий Онищенко жүйө катары мындай статистиканы келтирген: жыл ичи 188 тажикстандык жаран Орусиядан чыгарылган, алардын кыркы ВИЧке чалдыккандар, 103ү – кургак учукка кабылгандар, калганы башка коркунучтуу инфекциялар менен ооругандар.

Онищенконун айтымында, ар бир бешинчи депортацияланган мигрант – тажик. Бирок "Роспотребнадзордун" башчысы текшерүү кандай жагдайларда жүргүзүлгөнүн түшүндүргөн жок.

Геннадий Онищенко
Геннадий Онищенко
Бул аралыкта Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановскийдин билдиргенине караганда, Тажикстандын 297 жараны мыйзам бузганы үчүн жакын арада Орусиядан чыгарылат.

Орусия бийликтеринин тажик мигранттарына карата соңку чаралары тажик сотунун өткөн аптадагы чечиминен кийин көрүлүүдө. Орусиялык компанияга иштеген эки учкучтун сегиз жарым жылдан эркинен ажыратылышын расмий Москва кескин айыптоо менен кабыл алган.

Ооганстан тараптан эки учак менен келген учкучтар быйыл мартта Тажикстандын Коргон-Төбө шаарынын аэропортунда камакка алынышкан.

Алар сот тарабынан "авиатетиктердин контрабандасы менен алектенген", "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "эл аралык учуулардын эрежесин бузган" деп табылышты. Соттолгон эки учкучтун бири Орусиянын, экинчиси Эстониянын жараны.

Саясий курал дайыма даяр

Буга чейин Онищенко ригалык шпроттор, молдовалык жана грузин винолоруна тыюу салганы менен белгилүү болчу.
Тажикстандын 297 жараны мыйзам бузганы үчүн жакын арада Орусиядан чыгарылат.

Жашы жете элек балдар чалдыкчу полиомелиттин эпидемиясы Орусияда башталганда, 2010-жылы Онищенко жетектеген "Роспотребнадзор" 6 жашка чейинки тажикстандык балдардын Орусияга киришине убактылуу тыюу салып, тажикстандык жаңгак жана кургатылган жемиштерге эмбарго киргизген.

Москвадагы "Азаттыктын" кабарчысы акыркы күндөрү метрону кайтарган полициянын саны кескин өсүп, алар мигранттарды токтотуп, “сен тажиксиңби?” деп сурап жатканына күбө болууда. Ошондон уламбы, айтор тажик мигранттарын бул күндөрү көчөдөн жолуктурууга дээрлик мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG