Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Орусия - Украина: “газ талаштан” “сыр талашка”


Орусия менен Украинанын утур-утур кайталанып келген соода талашы эми сыр менен толукталды. Коңшусунда өндүрүлгөн сырдын сапаты ойдогудай эместигин жүйө тарткан Орусия өткөн аптадан тарта украиналык продукциянын импортуна тыюу салган. Орусиянын кадамын саясий ишара катары кабыл алган украин тарап бул тыюунун алгачкы таасирлерин сезе баштады.

Грузиянын виносу, Тажикстандын өрүк-мейизи, Польшанын эти, Европанын жашылчасынан кийин эми Орусиянын эл керектөөчү товарлардын сапатына көзөмөл салуучу мекемеси - “Ростпотребнадзордун” назарына Украинанын сыры илинди. Орус тарап украиналык өндүрүүчүлөрдү сыр бышырууда өсүмдүктүн майын кошуп жиберет деп айыптоодо. Мына ушундай жүйө менен Украинанын кеминде үч заводунда өндүрүлгөн сырдын Орусия аймагына киришине тыюу салынган. Украиналык өндүрүүчүлөр болсо жогорудагыдай дооматтарды четке кагып жатышат.

Ушул дүйшөмбү күнү украин тарап Орусия тыюу салган продукциясынын үлгүсүн текшерүү үчүн чет элдик лабораторияларга жөнөткөнүн жарыялады. Мунун алдында “Ростпотребнадзордун” башчысы, Орусиянын башкы санитардык дарыгери Геннадий Онищенко эки өлкөнүн мекемелери сыр чыгаруучу заводдорго биргелешип инспекция жүргүзүүсүн караган караган келишимди жокко чыгарган.

Украинанын сыр импортуна Орусиянын тыюу салышы шейшемби күнү Киевде кереге кеңеште талкууланды. Ага катышкан орус дипломаттары кырдаалдын “сыр согушу” катары мүнөздөлүшүн четке кагышканы менен украин бийликтери менен эксперттери Орусиянын соңку чечиминин тамак-аш сапаты менен көп деле байланышы жок деген ишенимде турушат.

Украинанын мурдагы премьер-министри жана экономика министри Анатолий Кинах мына ушундай көз карашта:

- Бул жараян экономикалык жана саясий кысымсыз кетүүсү керек эле. Украинанын үчүнчү тарапка кайрылууга мажбур болушу мындай маселени чечүүнүн идеалдуу ыкмасы эмес.

Ушундай эле мазмундагы ойду Украинанын азыркы премьер-министри Николай Азаров да айткан. Ал соодадагы жаңы талаштын чыгышы үчүн Орусиянын сүттү кайра иштетүүчүлөрүн айыптап, алар буга украиналык атаандаштарынын беделин түшүрүү үчүн барганын белгилеген.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров украин сырынын Орусияга келишинде чыккан көйгөйдү эки өлкөнүн Евробиримдиктин стандарттарына өтүү жолундагы кыйынчылыктар менен байланыштырды.

Украинанын сыр экспортунун былтыр 80 пайызы Орусиянын үлүшүнө туура келген.

Саясий фактор

Орусиянын көзөмөл мекемеси - “Роспотребнадзор” чет өлкөлүк өндүрүштөгү тамак-ашка тыюу салууга барганда, буга чейин деле бир нече саясий курал катары кызмат кылганын эске алганда, азыркы аракети деле адаттан тыш эмес деп эсептегендер бар. Павел Розенко - Социалдык жана саясий изилдөөлөр боюнча Киевдеги Разумков борборунун эксперти:

- Саясий фактор бардыгы айныксыз. Орусиянын белгилүү бир чөйрөлөрү Украина газ, бажы союзу, эркин соода аймагы, жалпы эле интеграциялык жараяндар маселесине келгенде Украина мунасага баруудан башка аргасы калбагыдай кылып көзөмөлдөнүшүн караган идеологияны колдошот.

Орусия азырынча өзүнөн башка Казакстан менен Беларус мүчө жана Кыргызстан да кирүүгө умтулган Бажы союзуна кошулууга Украинаны бир нече ирет чакырган. Киев болсо Евробиримдик менен эркин соода келишими боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Соңку жылдары Украина Орусия менен газ баасы боюнча утур-утур чатакташып, эки тараптын талашынан Европанын керектөөчүлөрүнө көгүлтүр от жетпей калган учурлар да болгон.

Айтор “сыр согуш” атыккан соңку жараяндын таасири Украинада сезиле баштагандай. Бери дегенде сыр заводдордун бир өндүрүшүн токтоткон. Экономисттер тышкы базарга багытталган продукция ички базарга агылса, баа түшөрүн, бул ул өз кезегинде ураиналык сыр бышыруучулардын кирешесин азайтарын болжолдоп жатышат. Украина Орусиянын үстүнөн Дүйнөлүк соода уюмуна даттана алары да айтылууда. Бирок бул үчүн Орсиянын аталган уюмга кошулуу жараяны толук аякташы керек. Бул быйылкы жылдын май-июнь айлары.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG