Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Иранда ичкичтер көбөйдү


Иран полициясы жашыруун алынып келаткан сыраны (пивону) колго түшүргөн кез.
Иран полициясы жашыруун алынып келаткан сыраны (пивону) колго түшүргөн кез.

1979-жылдагы исламдык төңкөрүштөн кийин Иранда алкогол ичимдиктерине исламга каршы деп тыюу салынган. Ичимдик ичкен же аны үйүндө сактаган адамдар айып төлөп, балакталып, түрмөгө салынышы мүмкүн. Ошондуктан Иран бийликтеринин азыр өлкөдө алкогол ичүү өстү жана ичкиликке берилгендер көбөйдү деп жатканы таң калыштуу көрүнөт.

Вино же шарап Иранда байыртадан ичилген, Омор Хаям баш болгон даңазалуу акындар шарапты ырга кошушкан. Ноорузда да дасторконго коюлган жети азыктын бири шарап болгон.

Бирок мындан 33 жыл мурдагы исламдык төңкөрүштөн кийин бул өлкөдө алкоголдук ичимдиктин бардык түрүнө тыюу салынган. Ким бул тыюну бузса айып төлөп, балак жеп, а тургай түрмөгө түшөт.

Бирок мындай жазага карабастан, Иран бийликтери өлкөдө ичкилик ичүү улам көбөйүп жаткандыгын айтууда.

Иранда улуттук же диний айрым азчылыктар гана алкоголдук ичимдик иче алышат, бирок кафелерде ичимдик сатылбайт.
Иранда улуттук же диний айрым азчылыктар гана алкоголдук ичимдик иче алышат, бирок кафелерде ичимдик сатылбайт.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Алиреза Мездагиния жакында (13-июнда) «алкогол ичүү өңдөнгөн катардан тышкары жүрүм-турум» улам кеңири жайылып жатканына тынчсыздануу билдирди. Ал «Саламаттыкка зыян алып келген ичкилик Иран коомунун диний жана моралдык нормаларын бузат» деди. Мездагиния ошондой эле «Айрымдар ичимдик менен ачууну басам деп ойлой тургандыгын» белгиледи.

Ирандын Социалдык кызмат коомун жетектеген Мостафа Эглима да ирандыктар турмуштагы кыйынчылыктарын улантуунун айласынан ичкилик ичишет дейт:

- Алкогол ичимдиктери көңүл көтөрүүнүн бир гана түрү. Биз экономикалык каатчылык, социалдык проблемалар, жогорку инфляция бар өлкөдө жашайбыз. Эл өзүн алагды кылыш үчүн ичет.

Салматтык сактоо министрлигинин Саясатты аныктоо кеңешинин жетекчиси Бадхер Ларижаны өткөн аптада Тегерандын жардыраак бүлөлөрү жашаган түштүк оодандарында ичимдик көп ичилээрин эскерткен. Ал бирок ичкилик башка аймактарда да олуттуу маселе экендигин белгилеп, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Расмий эсепке караганда, Иранда эки миллиондой баңги болсо, алардын көбү ичимдикке берилген. Ал эми маалымат каражаттарынын жазышынча, жыл сайын Иранга 80 миллион литр алкоголдук ичимдик аткезчилик жол менен ташылып келинсе, алардын үчтөн бири гана конфискацияланат.

Бирок үйдө жасалган армян арагы, пиво, виски, француз шарабы өңдөнгөн ичимдиктерди кара базардан оңой эле табууга болот. Белгилүү дүкөндөрдө ичимдикти жең ичинен аласыз, андан тышкары тааныштар аркылуу үйгө да алдырсаңыз болот. Ирандыктардын айрымдары ичимдикти үйдө өздөрү жасашат. Ошондой эле айрым заводдордо ичимдик жашыруун жасалаары айтылат. Иранда христиан азчылыгына ичимдик ичүүгө тыюу салынган эмес.

Акыркы жылдары өлкөнүн ичинде жасалган алкоголдук ичимдикке ууланып, көзү көрбөй калгандардын саны көбөйгөнү тууралуу жазып жүрүшөт.

«Шарг» гезити өткөн айда Иранда маң заттарын сатып алуу үчүн орто эсеп менен 22 мүнөт коротсоңуз, ичкиликти табууга 17 мүнөт кетээрин жазган. Эглиманын айтымында, отуруштарда ичимдик кеңири ичилет:

- Үйлөнүү тоюнда ичкилик ичип, көңүлдүү отурууну каалагандар үчүн сөзсүз өзүнчө бөлмө болот. Бул тууралуу статистика болгон эмес, же бийликтер жашырып келген. Бүгүнкү сандар чыныгы абалды көрсөтүп жатат.

Ал эми Тегерандын бир тургуну достору менен жүз граммдан алып койоорун айтат. Мени камашы мүмкүн, бирок мага баары бир, мага да көңүл ачыш керек да дейт атын атагысы келбеген тургун.

XS
SM
MD
LG