Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Терек-Сайдагы чыр парламентке жетти


Митинг учурунда тартылган сүрөт.
Митинг учурунда тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңеш Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кен чырын талкуулады. Депутаттар “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы иштеткен аймакка посттун коюлушу канчалык мыйзамдуу деген суроо коюшту.

Ноябрь айынан бери тынчыбай жаткан Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасы менен жергиликтүү элдин тиреши парламентте талкууланды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат берип жатып кен казылган аймакка “Шумкар” атайын багытындагы полктун кызматкерлери эмне себептен коюлганын айтып берди:

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

- Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бейбаштык боюнча эки, сурма кенин мыйзамсыз казуу боюнча төрт факты аныкталган. Эти Бакыр Терексай” компаниясынын аймагынан сурма кенин мыйзамсыз казгандарга бөгөт коюу максатында 2018-жылдын 1-октябрында Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысынын 507-буйругу чыккан. Ага ылайык Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Чаткал жана Ала-Бука райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган эки пост уюштурулган.

5-ноябрда дал ошол посттогу күч кызматкерлери менен Терек-Сай айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Алгач “Шумкардын” кызматкерлери малга бараткан айыл тургуну Нурлан Сымановду сабап салганы айтылган.

Кийин бир нече адам чогулуп барып тартип сакчыларын ур-токмокко алган. Анын экөө башынан жараат алып, бирөөнүн буту сынган.

Бул окуя боюнча “бейбаштык” жана “бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, 15 адам кармалган. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту алардын алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Депутат Рыскелди Момбеков Ички иштер министрлигинин жергиликтүү элге карата кескин чараларын сындады:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Мындай фактылар катталган болсо - бул чарбалык жумуш. Алар сотко барып чечишип алсын. Ал жерге ошол аймакты тескегенмилиция кызматкери барсын. Ал эми өзгөчө даярдыктагы “Шумкар” тобунун Терек-Сайга барганы - бул кылмыш. Айылдын элин коркутуп эмне үчүн курал менен кирет? Ошондуктан элдин жини келип жатат. Алар же террорист болбосо, тентектик кылганы үчүн эле 15 кишини камап салдыңар. Сарууда, Жерүйдө, Кумтөрдө да ушундай кылгансыңар. Силер инвесторду коргоп жатасыңарбы же мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жатасыңарбы?

Депутаттар менчик компания иштетип жаткан жерди “Шумкар” атайын багытындагы полктун кызматкерлеринин кайтарып жатканы канчалык мыйзамдуу деген суроо коюшту.

Ички иштер министрлиги муну аларга түшкөн арыз-даттануулар менен байланыштырып, министрликтин ички иликтөө кызматы аны териштире турганын убада кылды.

«Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасына буга чейин жергиликтүүлөр тарабынан кысым болгондуктан, инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылып берүү боюнча күч түзүмдөрүнө кайрылышканын айтууда.​

- Биз ал жактагы иштерди өз күчүбүз менен токтото албай койдук. Инвесторлорду коркутуп, коопсуздугуна коркунуч жаралган учурлар болгон. Инвестор мага “Мындай болсо Кыргызстанда иштебейм. Эгер силер менин коопсуздугумду камсыз кылып бере албасаңар, анда мен эмне үчүн инвестиция салып жатам?” деген. Булар инвестор болгондон кийин мамлекет шарт түзүп бериши керек. Эгерде кендин аймагына пост коюлбаса, алар кетип калат.

​Ал ортодо “Эти Бакыр Терексай” кендеги иштин убактылуу токтотулушуна байланыштуу билдирүү таратты. Анда атайын чагымдын айынан кызматкерлер иш таштап, жумушка чыкпай жатканы айтылат.

“Тоо кен-шахталык техникалар жана жабдуулар жарактан чыгып калбашы үчүн компания өндүрүштүк ишмердигин убактылуу токтотууга жана белгисиз мөөнөткө консервация кылууга мажбур болду” деп кабарланды.​

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Чаткалдагы кен чатагына өкмөттү айыптады.

- Лицензияны берип койгонуңарды уккандан кийин элдин жини келип жатат. Силер ошондуктан лицензия берүүдөн мурда “биз силердин аймактан кен иштеткени жатабыз” деп айтышыңар керек. Эгер мындан жыйынтык чыгарбасаңар, буга окшогон окуялар боло берет.

Маалымат боюнча Чаткалда эле кен иштетүүгө 158 лицензия берилген. Алардын үчөө-төртөө гана чулу кен, калганы чачыранды.

Эл өкүлү Эмил Токтошев Чаткалдагы абалды убагында жөнгө салбаган бийлик өкүлдөрүн сындады.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- Бул кырдаалдын келип чыгышына айыл өкмөт, аким жана облустагы өкмөттүн өкүлү күнөөлүү. Алардын эл менен тыгыз иштебегенинен улам ушундай болду. Бул бир эле Чаткалда эмес, Тогуз-Тородо, Кадамжайда да болуп жатат. Элди ызы-чуу кылып таштап коюп, өзүңөр жылуу жерде отурасыңар. Биз эл менен барып сүйлөшпөсөк, колуңардан эч нерсе келбейт экен. Силер бизди жаман көрсөтүп жатасыңар. Мына премьер-министр өзү да барган жок. Ал эл менен жолукканда маселе чечилмек. Тогуз-Торого да барган эмес.

Ички иштер министрлиги менен «Кыргызалтын» Чаткалдагы чырдын башаты катары жарандардын мыйзамсыз сурма казышын айтып жатат.

Ал эми жергиликтүү тургундардын бири Нургазы Шырдаков “Эти Бакыр Терексай” жергиликтүүлөргө сурманы өзү каздырдып жатканын билдирди:

- Компания өзү кезметте отурган, дагы башка кызматкерлерди “ишиң жок бош отурасың” деп кыйнап сурма каздырып жатат. Болбосо фирмага эч ким тийишмек эмес. Алар айылдыктарга зыяндуу ташты колу менен чактырып, сурма казууга жол берген. Бул жерде компаниянын алтын казганга эле уруксаты барбы же сурма казганга да уруксат алганбы деген да суроо турат.

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын директорунун орун басары Бусурманкул Субанов буга чейин “Азаттыкка” мыйзамсыз сурма казуу тууралуу буларды билдирген:

- Буга чейин ал жерде мыйзамсыз кен казылып келген. Азыр алар биздин ишке жолтоо болбошу керек. Эч кандай салыгы жок, мыйзамсыз эле канча деген сурма казылып, айрым адамдар аркылуу Кытайга сатылып жатат. Ал эми “Эти Бакыр Терексай” кенди мамлекетке 20 млн. доллар төлөп сатып алган. Алар сатылып алынган кенден мыйзамсыз кен казып атышат. Бул жерде кимдин укугу тебеленди?

Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну 3-декабрда айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын ишин токтотууну талап кылышкан. Милиция учурда айылда абал туруктуу экенин билдирди.

Түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча сынакка катышып, кенди 20 млн. долларга сатып алган. Аталган ишканада “Кыргызалтындын” 25 пайыз акциясы бар.

Компанияда 350гө жакын адам иштейт. Анын ичинен 96 пайызы жергиликтүү жашоочулар. Компания 2016-жылдан бери бюджетке 750 млн. сомдон ашык салык төккөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG