Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Терек-Сайдагы тергөө чырды күчөттү


Митинг учурунда тартылган сүрөт.
Митинг учурунда тартылган сүрөт.

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынды.

Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген. Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну 3-декабрда айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышты.

Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук ички иштер башкармалыгына тергөөгө чакырылып, ошол эле күнү алардын 14ү камакка алынган. Учурда алар Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отурушат. Облустук милициянын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков буларды айтты:

- Маалыматка ылайык, 5-ноябрда райондун аймагындагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасынын аймагында 15 адам “Шумкар” атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине жаракат келтирген. Бул окуя боюнча 6-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Кызмат адамына кол көтөрүү” беренелери менен иш козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алтын иштеткен компаниядагы көзөмөл камералары талданган. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук милицияга жеткирилип, он төртү убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен чыр чыккан. Ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганы кабарланган. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда качып баратып эки милиция кызматкери жабыркаган. Дал ушул иштин алкагында 2-декабрда Терек-Сай айылынын 15 тургунун тергөөнүн алкагында милиция алып кеткен.

Терек-Сай айылынын тургундары милиция кармап кеткен айыл тургундарын бошотууну талап кылып 3-декабрда айылдын борборуна митингге чогулду. Маалыматка ылайык, акцияга келгендер облустук ички иштер башкармалыгына "тергөөгө" деп алып кеткен 14 тургунун тез арада бошотууну жана аларга карата козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылышууда. Алардын бири, өзүн Эрлан деп тааныштырган тургун буларды айтты:

- Негизги талап - кармалгандар бошотулуп, “Эти Бакыр Терексай” ишканасы фабриканы курууну токтотсун. Цианид колдонууга уруксат берилбеш керек. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда "инвестор кетсин" деген жаңы талаптар менен чыгууга аргасыз болобуз. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков келип, эл менен жолугушканда тергөө ушул жерде өтө турганын айткан. Жергиликтүү бийлик башчылары “эч ким куугунтукталбайт” деп айтышкан. Ошондо эл менен жараштыруу болгон. Эми чекеден балдарды камап жатышат. Алар тараптан да “Шумкар” атайын даярдыктагы кызматкерлери биздин балдарды сабап салган факт боюнча иш козгогон. Ал боюнча эмнеге аларга да чара көрбөйт?

Чаткалда кен иштетүүчү компаниялардын ишине нааразы болгондор президент Сооронбай Жээнбековго, парламентке, өкмөткө кайрылуу жиберишкен. Анда Терек-Сай аймагына “Эти Бакыр Терексай” ишканасы цианид колдонуу менен алтын чайкоочу фабрикаларды кура баштаганы көрсөтүлгөн. Жергиликтүү активист Юлдаш Даминов буларды билдирди:

- Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аида Касымалиева менен 17-ноябрда жолугуп, кайрылуу кат таштап келгенбиз. Кайрылууну президенттик аппаратка жибергенбиз. Депутаттар "кайрылууну парламенттин жыйынына киргизебиз" деген, азырынча белгисиз бойдон турат. Кармалган балдарды бошотуу боюнча 2-декабрдан бери эл чогулуп жатат. Терек-Сайга 3-декабрда 500гө чукул милицияны алып келишти. Элдин башын көтөртпөй жатышат. Бийликтин элге каршы чыкканы туура эмес. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө "тергөөгө" деп чакырып, балдарды кармап облуска алып кетип калышыптыр.

Жергиликтүү бийлик 3-декабрда чогулгандардын айрым өкүлдөрү менен жолугушту. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 4-декабрда Терек-Сай айылында жалпы чогулгандар менен жолугуша турганын айтты:

- Облустун борборунан Терек-Сайга жолго кеч чыккандыктан митингге чыккандар менен жолугуша албай калдым. Азыр алардын өкүлдөрү өз талаптарын айтып жатышат. “Фирма алтын казууда цианид колдонбосун, анда иштеген кызматкерлердин маянасын көтөрсүн жана кармалган 14 баланы коё берсин”, – деген талаптарын айтышыптыр. 4-декабрда кайрадан чогулгандар менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Ал эми кенди иштеткен түркиялык “Эти Бакыр Терексай” компаниясы буга чейин “Азаттыкка” берген маалыматында жергиликтүү элди айыптап чыккан. Ишкананын директорунун орун басары Бусурманкул Субанов “тургундар компания иштеп жаткан жерден мыйзамсыз сурма казууда” деп билдирген:

- Биз пост койгон жер жайыт эмес, кен чыккан жер. Ал жерде чоң-чоң техника каражаттары иштейт. Буга чейин ал жерде мыйзамсыз кен казылып келген. Азыр болсо алар биздин ишке жолтоо болбошу керек да. Эч кандай салыгы жок, мыйзамсыз эле канча деген сурма казылып, айрым адамдар аркылуу Кытайга сатылып жатат. Ал эми “Эти Бакыр Терексай” кенди мамлекетке 20 млн. доллар төлөп сатып алган. Алар сатылып алынган кенден мыйзамсыз кен казып атышат. Бул жерде кимдин укугу тебеленди? Ошондуктан пост коюлган болчу. Алтынга байланышкан жерде цианид колдонулат. Алтынды тазалап (доре) алыш үчүн анын технологиясы ушул экен. “Кумтөр”, “Алтынкен”, “Макмал” деле цианид менен иштеп атат. Биз башкаларга окшоп жаап-жашырып “цианид колдонбойбуз, башка технология менен иштейбиз” деген жокпуз. “Ооба, цианид колдонулат, бирок экологиялык, техникалык талаптарга жооп берген заманбап фабрика курулат” деп айтып жатабыз.

Түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча конкурска катышып, кенди 20 млн. долларга сатып алган. Учурда “Эти Бакыр Терексай” ишканасында “Кыргызалтындын” 25 пайыз акциясы бар. Компания Терек-Сай айылына жыл сайын кеминде 15 млн. сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүү милдетин алган. Буга чейин ишканада 300дөн ашык жергиликтүү тургун иштеп келсе, азыр алардын саны 200гө чейин азайып кеткен.

Атайын иликтөө: Алтын кенинде уюган кылмыштар

Чаткал: Алтын кенинде уюган кылмыштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:44 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG