Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:40

Жээнбековдун дымагы, ишенбеген инвесторлор


Президент Сооронбай Жээнбеков Аравандагы цемент заводунун ачылышында. 2-ноябрь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков орус телеканалына берген интервьюсунда Кыргызстан алдыңкы жылдары "инвестициялык оазиске" айланаарын билдирди.

Алтын кендериндеги инвесторлор менен чатактардын фонунда мамлекет башчынын мындай билдирүүсү сынга кабылды. Ошол эле кезде инвестициялык көрсөткүчтөр тескерисинче кайра артка кете баштаганы маалымдалды.

“Россия 24” телеканалындагы маегинде президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) ролу, анын курамындагы мамлекеттер менен алакасы жана келечеги жөнүндө кеп кылды. Анын ичинде өзгөчө Орусия жана Казакстан менен болгон чек ара маселелери, аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө айтты.

Жээнбеков Кыргызстан бул биримдиктин башка мүчөлөрүнө атаандаш катары өнүгүшү үчүн инвестициялык климат жакшыртылаарын билдирди:

- Биз өлкөнү 2018-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегияны кабыл алдык. Анын ичинде 2023-жылга чейин бир нече приоритеттерди койдук. Биринчиси - натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, экинчиси - коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү. Үчүнчүсү - бизнестин ишмердүүлүгүнө мамлекеттик түзүмдөрдүн кийлигишүүсүн азайтуу жана орто жана чакан ишкерлерлерди колдоого алган шарт түзүү. Буга кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, фискалдык саясатты либералдаштыруу жана салык төлөөнү жөнөкөйлөштүрүү аркылуу жетебиз. Биз Кыргызстанда ата мекендик жана чет элдик ишкерлерге бирдей шарт түзгөн "инвестициялык оазис" түзүүнү көздөп жатабыз.

Сооронбай Жээнбеков өз маегинде "инвестициялык оазистин" түркүгү катары өлкөдө 20 айыл-шаар тандалып алынарын, каражаттарды тартууда ошолорго басым коюларын жарыялады.

Сооронбай Жээнбековдун “Россия 24” телеканалындагы маеги:

Президенттин бул билдирүүсү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кенге байланыштуу инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чатак чыккан учурга туш келди.

2-декабрда Терек-Сай айылында кенге байланыштуу нааразылык өтүп, ага катышкан 15 адам бир айдан эки айга чейин камакка алынды. 5-декабрда болсо “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткону кабарланды.

Жыл башынан бери Тогуз-Торо районундагы Макмал, Кадамжайдагы Шамбесай жана Таластагы Жерүй кениндеги инвесторлорго карата нааразылыктар чыгып турду. Алардын айрымдары боюнча кылмыш иштери козголсо, кээ бирлери боюнча талаш-тартыштар дагы эле уланууда. Ошондон улам “инвесторлордун оазисин түзүү” идеясы азырынча реалдуу эмес экенин белгилегендер бар. Алардын бири, саясатчы Адахан Мадумаров буларга токтолду:

- “Инвестициялык оазис түзөм” деп кимдер гана айтпады? Буга чейин деле айтылып келген. “Демократиянын аралчасы болобуз”, “адам укуктарын сыйлаган өлкөбүз” дедик, ушундай куру кыйкырык, куру ураандардан тажаган жокпузбу? Өнүгө турган мамлекеттер эч кандай кыйкырыгы жок эле өнүгүп жатышпайбы. Инвестициялык климатты түзүүнүн сырлары көп эмес, бир эле сыры бар – ал мыйзам. Конституция жана мыйзамдар кыйшаюусуз иштеген мамлекетте гана инвестициялык климат түзүлөт. Биздин Кыргызстанда Конституция менен мыйзамдар иштешине менин көзүм жетпейт.

Мындай караганда президент Сооронбай Жээнбековдун инвестиция боюнча айтып жаткандары жаңылык деле эместей. Анын башкаруусунда шайланган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин убадалары деле ушул нукта болгон. Анда премьер-министр ар бир облуска келерки беш жылда кеминде 300 млн. доллар (болжолдуу 20 млрд. сом) инвестиция тартарын жарыялаган.

Абылгазиев ошондой эле 2022-жылга карата бизнес жүргүзүү жагынан “Doing Business” көрсөткүчүндө эл аралык рейтингде Кыргызстан 50 мыкты өлкөнүн катарына кирерин билдирген. Ал "бул үчүн ишкерлерге, инвесторлорго өлкөдө жагымдуу климат түзүлөт" деп убада берген. Абылгазиев дагы “ишкерликти тейлөө дистанттык, электрондук формага өтөөрүн, салык жана бажы системасы автоматташтырыларын” айтканы бар. Бирок адистер алардын ишке ашканын байкай элек.

Алардын арасында Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков да бар.

- Эми албетте, мүмкүн эмес нерсенин өзү жок, - деди ал. - Бирок айтылып жаткан маселелерди ишке ашырыш үчүн көбүрөөк чара көрүш керек. Мисалы, өкмөт “салык жана көзөмөл органдарынын ишкерлерди текшерүүсүнө мораторий киргизебиз” деген, ал кире элек. Президент да, өкмөт да “Бизнес-акыйкатчы институту киргизилет” деп билдирген. Бирок ал боюнча да токтом ишке аша элек. Ошондуктан өкмөттүн бул багыттагы аракеттерине баа берүү эрте. Азыр ишкерлерге мамлекеттик саясаттын, анын ичинде фискалдык саясаттын туруктуулугу керек болуп турат. Билесиздер, Салык кодексине 2009-жылдан бери эле 80ден ашык алымча-кошумча кирди. Демек жылына бир нече жолу өзгөртүлгөн. Башка мыйзамдар деле ушундай. Башкача айтканда жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер дайыма “оюн эрежелеринин” бузулуп кетишинен жабыр тартууда. Инвесторлорду талаш-тартыш учурунда сот системасы акыйкат коргобойт. Инвестиция боюнча тийиштүү мыйзамда каралган “турукташтыруу режими” иштебей жатканын да белгилеп коюш керек. Мына ушул жагдайларды оңдоп алсак эле жакшы болмок.

Эгер статистикага келсек, президент ишке кирген бир жыл же өкмөт шайланган жети-сегиз айдан бери деле инвестиция көбөйгөнү байкалбайт. Бул тармак президент айткандай өргө эмес, тескерисинче кайра артка кетип жаткандай.

Кыргызстанга түз келген инвестициянын көлөмү боюнча 2018-жылдын 11 айынын статистикасы чыга элек. Эгер алгачкы алты айды алсак, бул көрсөткүч 246 млн. долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,2% аз.

Мунун себебин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Акыркы эки жылдан бери бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө ушундай процесс болуп жатат. Айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө түз инвестициялардын көлөмү азайып жатат. Анын бир себеби - индустриалдык коомдун өзгөргөнү, роботтун күчү менен иштеген өндүрүш пайда болгону. Мурда чоң компаниялар, инвесторлор акчаны үнөмдөө максатында маяна аз өлкөлөрдү издеп, ошолорго инвестиция жумшаса, азыр андай маселе жаралбайт. Анткени жумушчулардын ордуна робот, автомат коюп, ошонун эсебинен эле каражаттарын, чыгарган өндүрүмүн үнөмдөй беришет. Мындан сырткары АКШнын экономикадагы башкача саясаты, ири державалардын соода согуштарына байланыштуу инвесторлор кайсы бир жакка акча салуудан карманып, күтүү режиминде турушат. Ошонун эсебинен да түз инвестициянын көлөмү кемип жатат. Бирок бул көрсөткүчтү көбөйтүү менен алекпиз. Биз инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, кызыктыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Маселен, биздин агенттик чет элдик ишкерлерге идеяларды сунуш кылган “Инвестициялык киришүү” жана “Инвестициялык карта” деген демилгелер менен чыкканбыз. Мыйзамдардагы ашыкча процедураларды алып салуу, жеңилдетүү боюнча да аракет кылып жатабыз. Бизде инвестициялык саясат жакынкы өлкөлөргө эле салыштырмалуу либералдуу, бирок аны мындан да жакшыртышыбыз керек.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанга инвестиция салгандардын сап башында Кытай турат. Андан кийин Казакстан менен Орусиядан каражат келет. Акыркы жылдарда Британиядан тартылган инвестиция көбөйгөнү да байкалууда.

Кыргызстанга чет элдик ишкерлерди тартуу максатында өлкөдө жыл сайыл эл аралык инвестициялык форум өткөрүлүп келет. Быйыл, 21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйындын бешинчи айлампасында өлкөнүн өндүрүмүн башка мамлекеттерге экспорттоо боюнча он чакты келишимге кол коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG