Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Өкмөт инвестор тарта албаган жетекчилерге эскертүү берди


Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров алып барган инвестициялык кеңешме.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров алып барган инвестициялык кеңешме.

2018-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик инвестициялар программасынын бюджетин аткаруу маселеси боюнча кеңешмеде бир катар министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринин орун басарларына тартиптик чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 24-августта өткөн жыйынды вице-премьер-министр Замирбек Аскаров алып барды. Ал өкмөттүн инвестициялык тапшырмасы аткарылбай жатканын сынга алып, бул үчүн айрым жетекчилерди айыптады.

“Өкмөт өлкөнүн экономикасына тышкы инвестицияларды тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Ошону менен бирге экономиканын өсүшүн, инфраструктураны модернизациялоону, социалдык жана мамлекеттик кызматтардын сапатын көтөрүүнү камсыз кылган жеңилдетилген насыялар же гранттар тартылууда. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерге карабастан, министрликтер жана мекемелер мамлекеттик инвестициялардын бюджетин начар аткарып жатышканы байкалууда”, – деди жыйында Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр сөзүнө далил катары мамлекеттик инвестициялар программасынын каражаттарынын 70% гана өздөштүрүлгөнүн айтты. Ал жакын арада өкмөттүн кеңири курамдагы жыйыны өтөөрүн, анда мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырууга жооптуу жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралаарын эскертти.

Жаңы өкмөт ишке киргенден кийин “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” аттуу программасын жарыялап, ар бир облуска келерки беш жылда кеминде 300 млн. доллар (болжолдуу 20 млрд. сом) инвестиция тартарын жарыялаган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2022-жылга карата бизнес жүргүзүү жагынан “Doing Business” көрсөткүчүндө эл аралык рейтингде Кыргызстан 50 мыкты өлкөнүн катарына кирерин билдирген. Ал "бул үчүн ишкерлерге, инвесторлорго өлкөдө жагымдуу климат түзүлөт" деп убада берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG