Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Сыдыков: инвесторлор менен ишкерлерди текшерүү күчөдү


Президент менен ишкерлердин жолугушуусу.
Президент менен ишкерлердин жолугушуусу.

Кыргызстанда ири инвесторлорду жана ишкерлерди текшерүүлөр күчөп, кошумча төлөм өндүрүү аракети болуп жатат. Бул тууралуу 17-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ачылган бирдиктүү эсепке төлөмдөрдү түшүрүү үчүн Башкы прокуратура баштаган органдар инвесторлорду текшерүүнү күчөтүүдө.

- Биз коррупция менен күрөштү колдойбуз. Коррупция кызматтык кылмыш катары саналат. Бирок бул күрөштүн алкагында бизнестен кошумча төлөмдөрдү өндүрүү туура эмес. Азыр бюджетке миллиондорду өндүрөбүз деп келечектеги миллиарддардан кол жуушубуз мүмкүн. Көптөгөн ири инвесторлор Кыргызстандан кетүүгө камынып жатышат. Учурда тоо-кен тармагында эл аралык компания калбай калды, - деди Сыдыков.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору буга мисал катары буга чейин Ош жана Таласка миллиондогон инвестиция салуу максаты менен келген компаниялар мамлекеттик органдардын бут тосуусунан улам өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. Аскар Сыдыков учурда Кыргызстандын эл аралык экономикалык рейтингдерде позициясы төмөндөп кеткенин да кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун ишкерлер менен жолугушуусу мамлекеттик резиденцияда өтүп жатат. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG