Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:02

Ишкерлер көйгөйдөн арыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Ишкер чөйрө мамлекеттик органдардын тынымсыз текшерүүсүнө кабылып, жасалма бюрократиялык тоскоолдуктардан башын көтөрө албай жатканына даттанды.

Бишкекте ишкерлердин маселесин угуп, аны чечүүнүн жолдору тиешелүү мамлекеттик органдардын жана каржылык уюмдардын өкүлдөрү менен чогуу талкууланды.

Ишкерлер фискалдык текшерүүлөрдөн сырткары жеңилдетилген насыяларды алуунун татаалдыгы жана товарларды экспортко чыгаруунун кыйынчылыгы сыяктуу маселелерге токтолушту. Экономика министрлиги ишкердикти өнүктүрүүгө жаңы жеңилдиктер караларын билдирди.

Кабат-кабат текшерүүлөр

Бишкек шаарынын Свердлов райондук акимчилиги ишкердикти колдоо демилгесинин алкагында шаардык тейлөө кызматтарынын, мамлекеттик органдардын жана каржы уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ишкерлер менен маңдай-тескей диалог өткөрдү.

Анын жүрүшүндө жумуш орундарын көбөйтүү, салык базасын кеңейтүү үчүн ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн негизги зарыл чараларын камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү.

Бирок жолугушуудагы айрым ишкерлер сөз жүзүндө ишкердикти колдоо тууралуу көп айтылганы менен иш жүзүндө бизнестин өнүгүшүнө тоскоол болгон көрүнүштөр жоюлбай жатканын белгилешти.

Бишкектеги бут кийим ултарган ишкананын жетекчиси Жолчубек Корчубеков айрым мамлекеттик органдардын тынымсыз текшерүүлөрү токтобой жатканына даттанды:

- Санэпидстанция мурда деле текшерчү, азыр деле улам келип, убара кылып тынымсыз текшерип жатат. Өрт өчүрүү кызматы мурда кандай текшерсе, азыр деле ошондой. Анын үстүнөн Экотехинспекция дегени келе калып, текшерчү болду. Салык кызматы келип текшерет. Соцфонддон келип, улам бири кетсе экинчиси келип текшере берет. Ошолордун бардыгында Экономика министрлигинин уруксат берген кагаздары бар. Ошентип мамлекеттик органдар 12 айда ондон ашуун жолу келип текшерип жатканы жүдөтүп жиберет экен. Мейли, текшерсин. Ошого негиз болсо убагы менен келип текшерсин да!

​Ишкерлер чарбалык объектилерди текшерүүнүн буга чейин мыйзам менен жана атайын жобо аркылуу бекитилген тартиби болгонуна карабастан, Экономика министрлиги атайын берген уруксаттын негизинде жүрүп жаткан текшерүүлөрдү жөнгө салуу маселесин көтөрүштү.

Жобого ылайык, ишкердикти пландуу текшерүү бекитилген мөөнөттө жүрсө, пландан тышкары текшерүүлөр үчүн тиешелүү негиздемелер талап кылынары көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бийликтин жетекчилиги ал текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун карап чыгууга убада берди.

Ишкерлер милдетин так аткарабы?

Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Турат Айдаров ишкер чөйрө дагы өзүнүн милдеттерин өз убагында аткарууга тийиш экенин эскертти:

- Бул жерде башка кызматтардын текшерүүлөрү кандай жагдайда болгонун айта албайм. Бирок бул жерде Салык кызматынын башчысы отурат. Биз чогуу түздөн-түз иштешебиз. Эгерде сиз салыкты өз убагында төлөп турсаңыз, сиздин ишканага эч ким текшерип барбайт. Салыкты туруктуу төлөп жүрүп, анан кийин эле төлөбөй калсаңыз, албетте, кечирип коёсуз, салыкчылар текшерет да. Анткени бизде да салык чогултуу боюнча коюлган талап бар. Ошол талап өз убагында аткарылып, салыктын эсебинен мугалимдер, дарыгерлер сыяктуу бюджеттен маяна алгандардын айлыгы өз убагында берилиши керек экенин түшүнүшүбүз зарыл.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кээ бир ишкерлер мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерлерге катышуунун жана бул багытта мамлекеттик органдар менен кызматташуунун майнапсыздыгын айтып чыгышты.

Тендерлерден утуп чыккан менен акчасы төлөнбөй, кечиктирилген учурлар көп экени кеп болду. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик үчүн жеңилдетилген насыяларды алуунун шарттары татаал болуп жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Өндүрүшчү Жолчубек Корчубеков Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя ала албай келе жатканын мисал келтирди:

- Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан чоң компаниялар миллиондогон доллар насыяларды алып жатышса керек. Бирок биз сыяктуу орто ишканаларга өндүрүш жүргүзүүгө 3-4 миллион сом каражат жетпей калганда бул фонддукундай жеңилдетилген шартта насыя алууга муктаж болуп калат экенбиз. Бирок биз насыя алганы барсак эле ал жактагы насыя берүүнүн шарттары бир топ татаал болуп жатат.

Башка бир ишкер Кумар Мейманкулов Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ири өнөр жай ишканалары тарабынан сунуш кылынган чоң долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруп, чакан жана орто ишкердикти колдоонун шарттары анча колго алынбай жатканын айтты. Ал фонддун жобосунда чакан жана орто ишкердикти да колдоо жагы каралганы менен иш жүзүндө сунушталган чакан долбоорлор четке кагылган учурлар бар экенин эске салды:

- Канча аракет кылсак да бизге окшогон чакан же орто ишкердиктин ээлери бул фонддон акча ала албай эле койдук. Булар жалаң эле чоң компанияларга олчойгон насыяларды беришет окшойт. Долбоорлорду жазып барсак эле, анын баарын "долбоордогу сунуштамаңар талапка жооп бербейт" деп узатып коюшат. Бирок негизи азыр чакан жана орто ишканалар көбөйүп, алардын экономикалык мүмкүнчүлүгү кеңейгенде анан өнүгүү болот эле да. Бирок ошолорду колдоо болбой жатпайбы.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлү Элдияр Аманкулов болсо фонддун чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча 1 миллион долларга чейинки насыялар коммерциялык банктар аркылуу алардын шарттары менен бериле турганын эскертти. Элдияр Аманкулов андан жогорку өлчөмдө суралган сумма боюнча фонд сунушталган долбоорлордун өзүн актоо шарттарына көңүл бурарын белгиледи:

- Эгерде чакан жана орто бизнестин сураган насыясы 1 миллион доллардан көп болсо, анда биздин фонддун талаптары коюлат. Биз негизи биринчи кезекте күрөө коюунун шарттарынан мурун долбоорго карайбыз. Долбоор өзүнүн актай турган, келечектүү долбоор болушу зарыл. Ар бир жагдайын эске алган бизнес-план болушу керек. Ошонун негизинде гана биз койгон талаптарга жооп бере турган жакшы долбоорлор болсо, анда аларды караштырганга даярбыз.

"Азаттыктын" архиви: Бизнес үчүн качан бейиш түзүлөт? 18-сентябрь, 2018-жыл

Сабаттуу ишкердикке муктаждык

Анткен менен ишкер чөйрөнүн ылайыктуу бизнес-долбоорлорду туура иштеп чыгышы да маанилүү экени айтылды. Көпчүлүк ишкерлер бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуудан кыйнала турганы белгиленди. Жаш ишкерлер бирикмесинин өкүлү Азиз Султанов ишкерлер бизнес-долбоорлорду жазып, инвестиция тартууга үйрөнүшү керек деп эсептейт:

- Бизнес өнөктөш табуу, инвестор табуу жагынан биз ишкерлерге жардам берип келе жатабыз. Анан бизде бизнес-долбоорлорду туура жазууну үйрөтүп, окуткан семинарлар да өткөрүлөт. Биздеги жакшы долбоорлордун бири - бул "Бишкек инвестициялык форуму". Ушул аянтчадан ишкерлер менен инвесторлор жолугуп, өз ара долбоорлор боюнча кызматташып, иш алып барышат. Кыргызстан боюнча былтыр 87 долбоор тандалып, анын арасынан 20 долбоорго инвестиция тартылды. Инвестициянын көлөмү 20 миң доллардан 1 миллион долларга чейин.

Экономика министрлигинин өкүлү Улукбек Жапаров министрлик Бишкекте жана аймактарда ишкердикти колдоо борборлорун ачып жатканын билдирди. Ал аталган борборлор бизнестин көйгөйлөрүн өз убагында чечүүгө милдеттендирилип, анын мамлекеттик органдар жана каржылык уюмдар менен мамилесин жөнгө салууга багытталганын белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG