Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

"Макмал Девелопингдин" тагдыры арсар


“Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын күйүп кеткен имараты.
“Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын күйүп кеткен имараты.

8-октябрда Тогуз-Тородогу кендин айланасындагы окуяларга байланыштуу Атай айылдык кеңешинин төрагасы эки айга камакка алынды.

Ал арада кен иштетүүчү “Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы азырынча өкмөттөн эч кандай сунуш түшпөгөнүн айтып, компаниянын иши толугу менен токтоп турганын билдирди.

Аймакта Макмал алтын кенинин айланасында апрель айында чыккан башаламандыкка байланыштуу Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Улан Шерипов 8-октябрда Жалал-Абад облусунун милициясы тарабынан эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз өкүлү Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” билдирди.

Атай айылдык кеңешинин төрагасы Улан Шерипов "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясын уюштурган деп шек саналууда.

Тогуз-Тородон келгендердин митинги. Бишкек
Тогуз-Тородон келгендердин митинги. Бишкек

Анткен менен жергиликтүү тургундар Улан Шериповду бүт райондо аброю бар, элдин мүдөөсүн жогорку бийликке жеткирүүгө аракет кылган эл өкүлү катары мүнөздөп жатышат. Алардын бири Акыл Кудагелдиев “Азаттыкка” сүйлөп жатып, Шериповду мындайча мүнөздөдү:

- Уюштургандай анын артында же эл болбосо, же финансылык каражаты болбосо... Муну негизи эле бирөө уюштурду деп айтыш кыйын. Карапайым эл көтөрүлүп чыккан да. Төраганы “уюштурду” дегени жөн эле жалган кеп, анткени эл өзү көтөрүлдү. “Мурда алтын кенинде иштегендердин кызыкчылыгы болгон” деп жатышат. Анын баары жалган. Кылмыш иши ачылып калгандан кийин эми эптеп күнөөлүүнү табыш керек да. Улан Шерипов деген элдин үнүн, мүдөөсүн “Ак үйгө” жеткирип жүргөн. Аны видеодо деле айтып жатпайбы, “мен бир нече жолу бардым, жолуктум” деп. Ал мал баккан эле карапайым киши.

Учурда башаламандыкка байланыштуу 21 кишиге айып коюлган. Алардын 19у үй камагына чыгарылган. Жакында кармалган төраганы кошкондо үч адам убактылуу кармоочу жайда отурат.

Макмалдагы алтын кенин иштеткен “Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясы азыркы учурда ишин толугу менен токтоткон. 11-апрелде тутанган нааразылык акциясы башаламандыкка айланып, жергиликтүү тургундар компаниянын аймагына кирип, техникаларды өрттөгөнгө чейин барышканы кабарланган.

Макмал алтын кенин иштеткен компания өз имаратынын өрттөлүшүнөн 2,3 млн. доллар зыян тартканын ишкананын жетекчиси биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолукканда билдирген. Атын атагысы келбеген компаниянын өкүлү “Азаттыкка” ишкана кыргыз өкмөтүнүн сунушун күтүп жатканын билдирди:

- Кыргыз өкмөтүнөн компаниянын чыгашасын жаап берүү тууралуу азырынча сунуш түшө элек. Ошондуктан компаниянын ишмердиги жанданабы же жанданбайбы - азырынча ачык турат. Азыр биз соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгын жана өкмөттүн жардамын күтүп жатабыз. Каражат сураган жерибиз жок. Болгону жеңилдиктерди береби, мисалы жерди ижарадан бошотуп береби же электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылып береби деп жардам күтүп жатабыз. Өзүбүз эч нерсе талап кылган жокпуз, бирок бизден кеткен чыгашаларды жаап береби деп күтүп жатабыз.

Кыргызстанда кен иштетүүчү компаниялар менен жергиликтүү тургундар ортосунда өз ара түшүнбөстүк, пикир келишпестик болгон учурлар көп кездешет.

Ага Баткен облусундагы Шамбесай алтын кениндеги жергиликтүү тургундар менен кен иштетүүчү компаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжал, Талас облусундагы Үрмарал алтын кенинин айланасындагы окуялар далил.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков кыргыз өкмөтү инвесторлорго кен иштетүүгө лицензия берип, коопсуздугуна кепилдик бергени менен, ишке келгенде жергиликтүүлөр менен инвесторлордун ортосунда ортомчу боло албай жатканын айтты:

- Эгемендик жылдары борбордук бийлик менен жергиликтүү калктын ортосунда эбегейсиз ажырым пайда болуп калганын биз көрүп жатабыз. Өкмөт инвесторлорду төмөн салыктар менен кызыктырат. Бул жакка келгенде аларды жергиликтүү бийлик, жергиликтүү тургундар акырындан кысымга алат. Анан дагы эч ким сенин имаратыңды, ишканаңды өрттөп жибербейт деп кепилдик бербейт. Бул, албетте, Кыргызстандын аброюна кесепетин тийгизбей койбойт. Чет элдик маалымат каражаттары ошол замат эле жазып чыгышкан, “мына, Кыргызстанда алтын кенин иштеткен ишканы өрттөп жиберишиптир” деп.

Тогуз-Тородогу окуя боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 21 киши кармалган. Аларга Тогуз-Торо райондук сотунун чечими 11-октябрда угузулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG