Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Тогуз-Тородогу чуулуу митинг


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда тургундар "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөп салышты.
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда тургундар "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имаратын өрттөп салышты.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын имараты өрттөлдү.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылыкка миңдей киши катышты. Абалга милиция көз салып турду. Бирок маалыматтарда чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытканы кабарланууда. Натыйжада Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Тогуз-Торо райондук акимчилигинин жетекчилери митинг болгонун "Азаттыкка" ырасташты. Бирок алар имараттын өрттөлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Тогуз-Тородогу акцияда имараттар өрттөлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин жүйө кылып жатышат.

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы кен компаниясында түзүлгөн жагдайдан улам аким Тилек Идирисов иштен алынаарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясына өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатканда айтты.

- Тиешелүү адамдар жоопкерчилик тартышы керек. Бул менин принципиалдуу позициям. Бүгүн мен акимди жумуштан алам. Мунун баарын териштиребиз. Ал жакта бандиттер да бар дейт.

Өкмөт башчы тургундар чагымга алдырбашы керек экенин, жагдай иликтене баштаганын кошумчалады.

Алтын элеген фабриканын курулушуна каршы алгачкы нааразылык акциясы 1-февралда өткөн. Анда "ишкананын мал-жанга зыяны, кесепети тиет" деп кооптонгон пикирлер айтылган. "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жетекчиси зыян тууралуу сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев нааразылык акциясын өткөргөндөрдүн артында атайын бир топ турат деп айткан.

- Ал жерде митингди кимдер уюштуруп жатат, кимдер баштап жатат? УКМК иштеп жатат да. Ошолор маалымат бербейби? Аны болсо Макмалдан куулуп кеткен Алтынбектер, уурулар, ызы-чуу кылып кытайлардан акча алам дегендер уюштуруп жатат. Алар акча берип, элди унаа менен ташып алып келип уюштуруп жатышат. Ал жерде эч нерсе жок. Тиги кытай башы иштебеген инвестор эмес да, 10-11 миллион долларды коротуп, зыяндуу кылып курбайт да. Анда эл эртең эле кууп чыкпайбы. Убактылуу токтоткондо эмне, кура беришсин да. Булар жөн эле оюн кылып жатышат. Мен барып туруп "бул сонун инвестор" деп колдоо көрсөтүп, капсула салып келгем. "Алтын кошулмалары сыртка ташылып кетип жатат" деген кыйкырык-өкүрүк болуп жатат. Алар болсо "технологиясын иштеп чыктык, экологияга зыян кылбайбыз" деп ушуну куруп жатат. Эми куруп жатса да кыйкырык салып жатышат. Куруп жаткан инвесторду "токтот" деп кыйкырып жатсак, биз өсөбүзбү?

Тогуз-Тородогу Каргалы айылдык кеңештин депутаты Бегалы Мусалиев фабрика куруп жаткан компанияны "жергиликтүү эл менен эсептешпей жатат" деп сынга алган болчу. "Нааразылык жыйындарын уюштурган атайын топ бар" деген сөздөрдү ал жокко чыгарган:

- Буга чейин ал компания эл менен эч кандай коомдук талкуу өткөргөн эмес. Элдин пикирин эсепке албай, өзүм билемдик менен сала баштаган. Бизде буга чейин деле 30 жылдан бери комбинат иштеп келген. Азыр банкрот болсо деле иштеп жатат. Жаңы салынып жаткан фабрикага элдин көбү каршы. Комбинаттын жерин "Кыргызалтындан" ижарага алып эле куруп жатышкан экен. Анын зыяндуулугу абдан эле чоң экен. Бизге техникалык-экономикалык негиздемесин берген эмес, коомдук талкуу да өткөргөн эмес.

Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG