Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Жээнбеков: ЕАЭБ - биздин келечегибиз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков “Россия 24” каналындагы маегинде билдирди. Ал Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулуу боюнча чечими туура болгонун акыркы үч жылдагы көрсөткүчтөр далилдегенин айтты. Президенттин пикиринде, экономикалык биримдикке кошулардын алдында "Кыргызстандын экономикасы уюм ичиндеги башка өлкөлөр менен атаандаштыкка туруштук бере албайт" деген кооптонуу болгон. Бирок иш жүзүндө Кыргызстандын ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 16 пайызга өсүп, экспорт былтыр 27 пайызга жогорулаган.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз өкмөтү өлкөгө инвестиция тартыш үчүн дүйнөдөгү бардык өлкөлөр, финансылык институттар менен иштешип жатканын, бирок Кыргызстандын келечегин Евразия Экономикалык Биримдиги менен байланышта көрөрүн белгиледи:

- Биз экономиканы көтөрүш үчүн баары менен иштешип жатабыз. Бирок Евразия Экономикалык Биримдиги - биздин келечегибиз. Орусия - биздин негизги стратегиялык өнөктөш. Ал биздин негизги стратегиялык өнөктөш болуп келген жана мындан ары да кала берет.

Ошондой эле президент Евразия Экономикалык Биримдигинин бирдиктүү валютага өтүшүн жактай турганын да кошумчалады.

Кыргызстан 2015-жылы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразиялык Экономикалык Биримдигине кошулган.

Бул келишим биримдик аймагында товарларды жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүнү камсыз кылары айтылган. Бирдиктүү бажы төлөмү бир жерге чогулуп, андан ары ар бир мүчө мамлекетке чектелген үлүшүнө ылайык бөлүштүрүү жагы каралган. Бирок "уюмга кошулуу өлкөгө эч кандай пайда алып келген жок" деп сындагандар да бар.

XS
SM
MD
LG