Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Апта: кендер чатагы, экономиканын абалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөбөй келе жатканы ачыкка чыкты. Өкмөт бул жумада макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарды.

АКШда Конгресске шайлоо өттү. Демократтар Республикалык партияны артка таштап, Өкүлдөр палатасында жеңишке жетти.

Терек-Сайдагы тиреш

Ушул жумада Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу дагы чыр чыкты. Бул Кыргызстандагы, анын ичинде Чаткалдагы кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан акыркы жаңжалдардын бири болуп калды. 6-ноябрдагы чырда кенди кайтарган күч кызматкерлери менен жергиликтүү эл тиреше кеткен.

Терек-Сай айылынын тургуну Нурлан Сымановдун айтымында, ал ошол күнү жылкы айдап келгени бараткан. Бирок мал жайылган аймакты алтын казган “Эти Бакыр Терексай” компаниясы тостуруп алгандыктан ал жерди кайтарган күч кызматкерлери аны коё берген эмес:

- Мурда эч кандай тосмо жок болчу. Пост болсо кечээ жакында гана коюлуптур. Биздин айылдын малы ар дайым ошол жерге жайылат. Ал жерден уй, жылкы айдайбыз, кой да ушул аймактан чыгат. Булар болсо пост коюп алып адамдарды өткөрбөй жатат. Мени да өткөрбөй коюп ортодо түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Мени алып кирип төртөөлөп тепкилешти. Муунтуп, колумду кайрып, жерге жаткырып сабашты.

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын 25 пайызына “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы, ал эми 75 пайыз үлүшүнө түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы ээлик кылат. Ал былтыр мамлекетке салык жана башка төлөм катары 82 млн. сом төлөгөн. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, “Эти Бакыр Терексайда” 352 кызматкер иштесе, 96% жергиликтүү тургундар. Орточо айлык акы 22,5 миң сом.

Чаткал району.
Чаткал району.

Бирок Чаткал жана Ала-Бука райондорунун тургундары менен анда кен казган кытайлык, казакстандык жана башка компаниялар ортосунда улам бир жерде чыр чыгып келе жатат. Кендерге байланышкан чатактар өлкөнүн башка облустарында да катталган.

- Чаткал районунда канча деген фирма бар. Бир күндө канчалаган тонна-тонна техника өтөт. Жолду талкалап бүтүштү, жолду эч ким карабайт. Элдин маселесин да караган эч ким жок. Фирмалардан түшкөн каражат кайда кетип жатканын билбейм. Барып көрсөңүздөр, экология элдин зээни кейий турган болуп калган. Сайлардын ичин казып салышкан, канча деген тал-теректер, өсүмдүктөр талкаланган, - деген “Азаттыкка” Чаткал районунун тургуну Мукан Жоробеков.

Кендерге мораторий киргизүү сунушу

Ал арада укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Ала-Бука жана Чаткал райондорун кыдырып, абалды өз көзү менен көрүп келгенин, бир гана Чаткалда кен казууга 100дөн ашык компанияга лицензия берилгенин, аймакта жаратылыш байлыктары талкаланып, миллиарддаган долларлык зыян келтирилип жатканын айтып чыкты. Ушундан улам ал президентке кайрылуу жазып, кен казууга мораторий киргизүүнү сунуштады:

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

- Биз баарыбыз Кумтөр деп кыйкырып жүрсөк, мамлекеттин бардык жеринин эле таш-талканы чыгыптыр. Коррупцияга малынган, ошонун башында турган биздин чоңдор өздөрүнүн коркунучтуу инвесторлорунун артын жаап, иштерди жасата берген экен. Тез арада лицензия берүү мыйзамын карап чыгып, коррупциялык элементтерди жоюш керек. Парламент чечкиндүү болуп, иликтеп-текшерип бүтмөйүнчө, лицензияларга убактылуу мораторий киргизүү зарыл. Эгер ушундай чечкиндүү чечимдер кабыл алынбаса, анда абал оор болуп кетет.

Чаткал гүлдөп кеткен жок

23 миңдей гана калк жашаган Чаткал району Кыргызстандагы тоолуу, шарты катаал жана алыскы аймактардын бири. Жергиликтүү тургундардын баамында, кен байлыктарын казууга ондогон лицензия берилген аймак алда канча өнүгүп кетиши керек эле. Бирок район дагы деле республикалык бюджеттин эсебинен дотацияда отурат. Алар муну кен казуу тармагындагы коррупциядан, туура эмес мамлекеттик саясаттан көрүшөт. Мындай ойго Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да кошулат:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Ондон ашык кен иштеп жаткан жерде эч бир маселе болбош керек эле. Чаткал керек болсо шаарга айланып кете турган акыбалга жетиши керек болчу. Тескерисинче, аларда абал күндөн күнгө начарлап бара жатат.

Адистер да Чаткалдагы кен байлыктарды иштетүүнүн мисалынан, элдин нааразылыгынан, бузулган экологиядан кийин Кыргызстан өзүнүн жер байлыктарын иштетүү саясатын кайра карап чыгышы керек дешет.

Жер казынасынын запасы боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын запасы бар кендер бар экени аныкталган. Алардагы жалпы алтындын запасы 666 тоннаны түзөт. Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоо жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүшү керек. Мунун ичинен учурда 39у алтын өндүрүп жатат. Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иштери жүрүү. Кыргызстанда 2017-жылы жалпысынан 22 тонна 797 килограмм алтын өндүрүлгөн. 2018-жылы 21 тонна 730 килограмм алтын өндүрүү пландалууда.

Кумтөрдөгү туңгуюк жагдай

Кендер демекчи, өлкөдөгү эң чоң алтын кени Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд” Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөбөй келе жатканы да ушул жумада ачыкка чыкты. Келишимге ылайык, канадалык компания тапкан кирешесинен жылына 12 миллион доллар кыргыз өкмөтүнө берип турушу керек эле. Кыргызстандын атынан “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү Бектур Сагыновдун айтымында, буга соттошуулар себеп болууда:

- Эки жыл мурда Кыргызстандын соттору «Кумтөр Голд компанинин» эсептерин камакка алган, - деди ал. - Бул компания «Центерра Голдго» карайт. Ошол учурда “Кумтөр” “Центеррага” акчаны которо албаганы үчүн бул компанияда акча жетишпей калган. Ошондон кийин “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Ошол учурда “Центерра Голд” акчанын тартыштыгын эске алып, “арбитраждык соттун жүрүшүн карайлы” деп дивидендди токтотуп койгон.

Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, былтыр жаңы экологиялык келишимге кол коюлган. Келишимдин шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга кошумча экологиялык төлөмдөрдү төлөп, буга жооп иретинде кыргыз өкмөтү бардык соттордогу доо арыздарын чакыртып алышы керек болчу. Бирок бул келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү жакында 2019-жылдын январь айына чейин узартылды. Улам бир өкмөттөн кийинкисине мураска калып келе жаткан Кумтөрдүн экономикалык жана экологиялык маселеси кантип чечилери белгисиз.

Кыргызстандын 666 тонна алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Кумтөргө байланган экономика

Быйыл Кумтөрдө 16 тонна алтын өндүрүлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырганда 1,5 тоннага аз. Кумтөр Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10 пайызга жакынын жана өнөр жайынын 20 пайыздан ашык бөлүгүн түзөт. Ошондуктан, өлкөнүн экономикасы Кумтөр кенине көз каранды бойдон калууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-ноябрдагы тогуз айдагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарган өкмөттүн жыйынында экономиканы диверсификация кылуу зарыл экенине токтолду:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Биздин экономиканын кенден көз каранды болушу туура эмес деп ойлойм. Себеби Кумтөр кенинде барган сайын алтыныбыз азайып бара жатат. Ошон үчүн биз ишканаларды түзүү боюнча иштешибиз керек. Кумтөрдө экспорттун көлөмү абдан чоң, алтындын баары тышка сатылат. Ишканаларды түзгөндө, товарларды өндүргөндө экспорттук потенциалды эске алышыбыз зарыл.

Экономика: өсүштөр жана өксүктөр

Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгын чыгарган өкмөт жыйынында айтылганга караганда, январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын өсүү темпи Кумтөрдү кошкондо 2,4% болгон, ал эми ансыз 1,2% гана түздү. Былтыр экономикада өсүш төрт пайыздан көбүрөөк болгон.

Ал эми быйылкы тогуз айдын ичинде инфляция бир калыпта сакталып, тескерисинче, көпчүлүк аймактарда товар, азык-түлүктүн арзандоосу да байкалган. Айыл чарбада 2,4%, курулушта 7,2%, дүң жана чекене соодада 5,6% пайыз өсүш болгон. Тышкы соода жүгүртүү 4,2 млрд. АКШ долларын түзүп, ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5% көбөйгөн. Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ошол эле кезде тышкы соодада тескери сальдо күчөдү. Импорт продукция 15 пайызга өсүп, 3,2 млрд. долларды түзсө, Кыргызстандан товарларды экспорттоо 4,6% азайып, анын суммасы 1 млрд. доллар болгон. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүү $1,5 млрд. долларды түзүп, былтыркыдан 3,5% кыскарган.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Биринчиден, “Кумтөрдүн” быйыл алтынды аз бериши мурда эле болжолдонгон. Биз жыл башында өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн болжолдоп жатканда бул жагдайды эске алганбыз. Былтыр 17 тонна алтын алынса, быйыл 16 тонна алынат деп турабыз. Былтыр жалпы экономикабызда 4 пайыздан көбүрөөк өсүш болсо, быйыл 2, 2 пайызга өсүш болот. 2018-жылдын алты айында да төмөн көрсөткүчтөр болду эле, тогуз айдын жыйынтыгы менен 1, 2 пайызга өсүш болду. Мындай төмөн көрсөткүч болуп калышына “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү азайганы да таасирин тийгизди. Жай айларында “Иштамберди” ишканасы электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу эки-үч ай токтогонун эске албаганда, башка тармактарда өсүш ыргагы бар. Маселен, айыл чарбасы 2, 4 пайызга, курулуш 7, 2 пайызга, кызмат көрсөтүү 2, 2 пайызга өстү. Буюрса, жылдан аягына чейин дагы көп тармактарда көрсөткүчтөр жакшы болот деп болжолдоп жатабыз.

Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстанда орточо айлык акы 15 793 сомго жетти жана бул бир жыл мурдагыдан 6,7% жогору. Мигранттар которгон акча тогуз айдын ичинде 1,4 млрд. долларды түзүп, 7,5 % өскөн.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтышынча, быйылкы экономикадагы терс көрүнүштөрдүн бири Кара-Балтадагы кытайлык ишкерлер курган “Жунда” заводу ишин токтотулушу болду.

- “Жунда” заводунун айланасында пайда болгон анча жакшы эмес жагдайды белгилеп өткүм келет. Соттук териштирүүдөн жана салык түшпөгөнүнөн улам бүгүнкү күндө заводдун абалы оор. Ошондон улам өндүрүш токтотулду. Баштапкы маалыматтарга караганда, заводдон 200 млн. сомдой салык түшкөн эмес, - деди Олег Панкратов.

Кара-Балта шаарындагы 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген жоопкерчилиги чектелген “Жунда” ишканасын кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы куруп, ал 2014-жылы пайдаланууга берилген. Заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшалганы кабарланган.

АКШдагы шайлоо: Демократтардын үстөмдүгү, Трамптын "жеңиши"

6-ноябрда Кошмо Штаттарда Конгресске шайлоо өттү. 10-ноябрдагы маалыматтарга караганда, Демократиялык партия 435 орундуу Өкүлдөр палатасынан кеминде 225 орун, Республикалык партия 197 орун алганы анык болду, 13 мандаттын ээси азырынча так билине элек. Ал эми Конгресстин жогорку палатасы - Сенатта Республикалык партия буга чейинки көпчүлүгүн сактап, 52 орунга ээлик кылат. Буга чейин аларга 51 орун таандык болгон.

АКШнын президенти Дональд Трамп атаандаш демократтар анын Республикалык партиясын артка таштап, Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөлдү колго алганына карабай, 6-ноябрдагы шайлоодо “жеңишке жеткенин” жарыялады.

Трамптын президенттик кызматтагы алгачкы эки жылында АКШ Конгрессинин эки палатасын тең Республикалык партия көзөмөлдөп келсе, эми Демократиялык партия Өкүлдөр палатасында көпчүлүккө ээ болуп отурат. Америкалык шайлоочулар, өлкө ичиндеги жана сыртындагы талдоочулар жакынкы айларда кандай өзгөрүүлөр болорун талдап жатышканы чагы.

​- Бүгүн сөз демократтар менен республикачылардан мурун, Трамптын администрациясына карата Конституциянын текшерүү жана тең салмактоо функцияларын калыбына келтирүү тууралуу болуп жатат. Кеп, республикачылардын жана сенатор Митч Макконелдин “Бардыгына жеткиликтүү саламаттык сактоо программасын” токтотуу жөнүндө болуп жатат. Ал ар кыл илдеттер менен жашап келген 130 миллион америкалыктарга кам көргөн системага каршы багытталган, - деди демократтардын Өкүлдөр палатасындагы лидери Ненси Пелоси шайлоодо алар утканы белгилүү болгондон кийин.

Ненси Пелоси.
Ненси Пелоси.

Бул жолу Өкүлдөр палатасында аялдар саны мурдагыдан да көбөймөкчү. Буга чейин алардын саны 84 болуп келсе, эми 89га чейин өсүшү мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгы Конгрессте аялдардын саны биринчи жолу 20 пайыздан ашарын көрсөтүүдө.

Бул шайлоонун дагы бир күтүүсүз окуясы - тарыхта биринчи жолу эки мусулман аялдын жергиликтүү Конгресске шайланышы болду. Өкүлдөр палатасына Миннесота штатынан өткөн Илхан Омар жана Мичиган штатынан шайланган Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында ага шайланган алгачкы мусулман аялдар болуп калышты.

Ал экөө тең Демократиялык партиядан талапкер болушкан. Ал эми 29 жаштагы Александра Окасио Кортес (Alexandria Ocasio-Cortez) АКШнын тарыхында Конгресске шайланган эң жаш аял болуп калды.

АКШ Конгрессине быйыл шайланган экинчи жаш аял Эбби Финкэнауэр (Abby Finkenauer) болду. Ал быйыл 27-декабрда отузга чыгат. Американын түпкү элинин - индеецтердин өкүлү да тарыхта биринчи жолу Конгресске шайланды. Атап айтканда, Шарис Дэвидс Канзас штатынан утуп келди.

Илхан Омар жактоочулары алдында сүйлөөдө. Миннеаполис, 6-ноябрь, 2018-жыл.
Илхан Омар жактоочулары алдында сүйлөөдө. Миннеаполис, 6-ноябрь, 2018-жыл.

Быйылкы шайлоодо АКШда Конгресстин мүчөлүгүнө талапкер болгон аялдардын саны рекорддук чекке - 237ге жетти. Алардын 185и демократтардан болду.

6-ноябрда АКШ жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду да шайлады. Анын жыйынтыгында демократтардан келген губернаторлордун саны мурдагыдан көбөйдү. 6-ноябрда америкалыктар штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашты. Шейшембидеги шайлоого эл жандуу катышты. Талдоочулардын эсебинде, шайлоодо 100 миллиондой адам добуш берди.

Прокурордун кызматташ кетиши

Ал эми шайлоонун эртеси эле АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнз президент Дональд Трамптын өтүнүчү менен кызматтан кетип жатканын билдирди. Бул АКШда ФБРдин мурдагы директору, атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Трамптын андагы шайлоо штабынын Москва менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөсүнө байланыштырылууда.

Демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер президентте “жаап-жашыргыдай бир нерсе бар экендиги анык” деп, буларга токтолду:

- Мюллерди жана анын иликтөөсүн коргоо - биринчи кезектеги маселе. Иликтөөнү токтотуу же кыйла чектөө аракети конституциялык кризис жаратат. Мен президент Трамп жана ал сөзүн уккандар мындай чарага барбайт деп үмүттөнөм. Биздин көз карашыбыз боюнча башкы прокурордун кимиси болбосун - азыркысыбы же кийинкисиби -Мюллердин иликтөөсүнө кийлигишпеши керек. Алар Мюллердин иштерине кийлигишпей, аны токтотпой, чектей албагыдай болушу зарыл.

Трамп башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып, буга чейин мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкерди дайындады. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер - Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири. Ушундан кийин 8-ноябрда АКШнын ири шаарларынын бир нечесинде атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоп калууга чакырган акциялар өттү.

АКШ президенти Дональд Трамп Мэтью Уитэкер менен Орусия боюнча иликтөөнү талкуулаган деген маалыматтарды четке какты:

- Орусия тууралуу иликтөө – миф жана чайкоочулук. Мен орустар менен сүйлөшкөн эмесмин. Кеп менин Хиллари Клинтонго караганда мыкты талапкер болгонумда. Мен бир топ жакшыраак иштеп, керектүү жерлерге бардым. Ал болсо туура эмес жүрдү, анткени ал кайда барышты билген жок. Мен эң сонун иштедим жана эң сонун талапкер болдум.

Ошол эле кезде Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллерге көрсөтмө берип калышы мүмкүндүгүн да жокко чыгарбады.

Шайлоодон кийин АКШ Орусияга Крымды аннексиялап алып, Донбасстагы чатакка киришкени үчүн киргизилген санкцияны дагы кеңейтти. Американын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, бул ирет "кара тизмеге" үч киши жана тогуз компания кошулду. Вашингтон Крымдын аннексияланышы үчүн Орусияга алгач 2014-жолу санкция киргизген.

Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.
Трамп менен Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.

Ал арада Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Парижде пландалган толуккандуу жолугушуусу өтпөй калды. Эки президент Парижде түшкү тамактануу учурунда гана кыскача сүйлөшөт. Буга чейин 11-ноябрда Парижде Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар маалында эки лидердин саммити уюштурулаары айтылып жаткан. Париждеги салтанаттар менен иш-чараларга дүйнө өлкөлөрүнүн сексендей лидери катышары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG