Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:02

Демократтар Трамптын тышкы саясатын өзгөртө алабы?


Дональд Трамп Индиана штатындагы үгүт жыйынында. 5-ноябрь, 2018-жыл.

Дональд Трамптын президенттик кызматтагы алгачкы эки жылында АКШ Конгрессинин эки палатасын тең көзөмөлдөп келген Республикалык партия бардык маселелерде эле президентти жактап турган эмес. Эми Демократиялык партия Өкүлдөр палатасында көпчүлүккө ээ болгондон кийин эмне өзгөрөт?

Соңку эки жылда АКШнын тышкы саясатында олку-солку жагдайлар көп болду. Президент Дональд Трамп Вашингтондун өнөктөштөрү жана карым-катыштары тууралуу узактан берки ишенимдерине чакырык жасады.

Эми демократтардын Конгресстин төмөнкү – Өкүлдөр палатасын өз көзөмөлүнө алышы жана алардын тышкы жана ички саясатка таасирин тийгизүүгө белсенип турушу менен кайрадан олку-солку абал жаралчудай.

АКШнын саясий системасынын түзүлүшүнө ылайык, өлкөнүн тышкы саясатында аткаруучу бийлик же Ак үй көбүрөөк күчкө ээ. Бирок акчага келгенде же аскердик аракеттер, дипломатия, чалгын операциялары сыяктуу бир катар тармактарды бюджеттен каржылоо маселесинде Конгресстеги мыйзам чыгаруучулардын укуругу абдан эле узун.

Конгресстеги демократтардын лидери Нэнси Пелоси.
Конгресстеги демократтардын лидери Нэнси Пелоси.

Демократтар Өкүлдөр палатасында кайсы мыйзам долбоорлору каралаарын аныктап, каражатты сарптоо жана мыйзам чыгаруу маселесинде көбүрөөк роль ойноого мүмкүнчүлүк алышат. Анын алкагында Орусия, Сауд Арабиясы сыяктуу айрым өлкөлөргө карата АКШнын позициясы катаалдайт деп күтүүгө болот.

Деген менен демократтардын Өкүлдөр палатасындагы жеңишин 6-ноябрдагы шайлоодон кийин республикачылардын Сенатта көпчүлүктү алышы тең салмактаганы турат.

Америкадагы Брукингс институтунун изилдөөчүсү Марвин Калбдын айтымында, мындай кырдаал тышкы саясатта аныктыкты азайтып, тескерисинче бүдөмүк жагдайларды көбөйтүшү мүмкүн.

- Көп талкуулар, иликтөөлөр, жолугушуулар болот. Бирок алар канчалык көп болсо, ошончолук президентке контр-аргумент же контр-стратегия сунуш кылуу мүмкүнчүлүгү азаят, - дейт Калб.

Кезинде мурдагы мамлекеттик катчы Жон Керринин аппаратын жетектеген Дэвид Уэйд шайлоо алдындагы комментарийинде демократтар өздөрүнүн келечек планын алга сүрөөгө туура келерин белгиледи:

- Демократтарга тышкы саясатты аныктоого туура келет... Ал үчүн глобализациянын көз жаздымында калганын айткан Трамптын шайлоочуларынын тамырын тартуу менен, дүйнөлүк масштабда Трампизмге альтернативаны сунуштоо сыяктуу тикенектүү маселелерди аралап өтүү зарыл, - деди Уэйд.

Орусия менен НАТОдогу элчилик сыяктуу Британиянын Тышкы иштер министрлигиндеги бир катар кызматтарды аркалаган Иян Бонддун айтымында, Европа үчүн АКШдагы Конгресске шайлоо Вашингтондун багытын көрсөткөн индикатор:

- Лондондогу жана Брюсселдеги Европа менен Түндүк Американын ортосундагы ондогон жылдардан берки трансатлантикалык алакага ишеним арткан адамдар соңку шайлоо Американын европалык өнөктөштөрүн сыйлаган жана президент Трамптын трансатлантикалык өнөктөштүктү үзгүлтүккө учуратуу кудуретин чектей алган Конгрессти жаратат деп үмүттөнүп турушат.

Эми Конгресстин жаңыланышы менен тышкы саясаттагы өзгөрө турган же мурдагы калыбында калат делген маселелерди талдайлы.

Орусия

Республикачылар көзөмөлдөп турганда Конгресстин эки палатасы 2014-жылы Москванын Украинадан Крым жарым аралын аннексиялашы жана Украинанын чыгышындагы жикчил маанайды күчөтүшү сыяктуу Орусияга байланыштуу маселелерде мунаса табышкан.

АКШ президенти Трамп менен орус президенти Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.
АКШ президенти Трамп менен орус президенти Путин быйыл 16-июлда Хелсинкиде алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн.

2017-жылдагы “Американын каршылаштарына санкциялар аркылуу туруштук берүү” (CAATSA) аттуу мыйзамды Конгресстин эки палатасы тең бир добуштан колдогон.

Демократтардын келиши менен Өкүлдөр палатасындагы мындай биримдик көп деле өзгөрбөчүдөй. Кремлдин ачык сынчысы, Орусиянын куугунтукка кабылган укук коргоочулар тобун колдоп келген конгрессмен Элиот Энгел палатанын Тышкы иштер боюнча комитетин жетектегени турат.

Орусиянын дагы бир сынчысы Адам Смит Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинин башчылыгына келет деп күтүлүүдө.

Сенат болсо шайлоого чейин эле Москвага кысымды күчөтүүгө чакырган негизги мүчөсүн жоготту. Сенаттын Тышкы иштер комитетинин башчысы Боб Коркер шайлоого катышпастан, кызматтан чегинүүнү чечти.

Анын комитеттеги ордун республикачыл сенатор Жим Риш басат деген пикирлер көп. Ал Коркер сыяктуу же комитетти жетектөөнү көздөгөн башка сенатор Марко Рубио сыяктуу Орусияга карата өтө сынчыл көз карашта эмес деп мүнөздөлүп келет.

Риш буга чейин Ак үйгө да каршы чыккан эмес. Рубио болсо 2016-жылкы шайлоодо Трамптын атаандашы болгон. 2020-жылы да шайлоого барышы мүмкүн.

Конгресстеги шайлоого чейин АКШнын Сенаты Орусиянын дарегине кескин сын-пикирлерди айткан дагы бир мүчөсүнөн ажыраган. Куралдуу күчтөр комитетин жетектеп келген сенатор Жон Маккейн быйыл август айында көз жумган.

Маккейнден кийин комитеттин жетекчилигине келген Жеймс Инхоф шейшембидеги шайлоодон кийин да бул позициясын сактап калганы жатат. Инхоф башка республикачыл кесиптештери менен бирге CAATSA же санкция мыйзамына добуш бергени менен Маккейн сыяктуу кескин билдирүүлөрдү айткан эмес.

6-ноябрдагы шайлоодо аз жерден утулуп кала жаздаган Роберт Менендез сыяктуу Демократиялык партиянын бир катар сенаторлору болсо Орусияга кысымды күчөтүүгө чакырып келишет.

Конгресстин Украинага карата позициясында көп нерсе өзгөрбөйт деп боолголонуп жатат. Соңку эки жылдан бери Украина республикачылардын да, демократтардын да бекем колдоосуна ээ. Өкүлдөр палатасындагы демократтар эми Украинанын куралдуу күчтөрүн көбүрөөк курал-жарак менен камсыз кылуу маселесин караштырышы мүмкүн.

Иран

АКШнын Иранга карата мамилеси Трамп кызматка келгенден көп өтпөй кескин өзгөргөн. Көптөгөн республикачыл мыйзам чыгаруучулар жана Трамптын башкы кеңешчилери мурдагы президент Барак Обаманын Тегеранга карата позициясынан, анын ичинде 2015-жылкы өзөктүк келишимден күмөн санап келишкен.

Демократтардын көбү Ирандын өзөктүк дымагын чектешине жооп катары экономикалык санкцияларды алып салууну көздөгөн бул келишимди колдоп чыгышкан.

АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

Андан бери президент Трамп 2015-жылкы келишимдин алкагында токтотулган санкцияларды кайра киргизди. Ирандын баллистикалык ракета программасын жана Жакынкы Чыгыштагы аракеттерин “буга чейинкилеринен эң күчтүүсү” деп мүнөздөлгөн санкциялар менен андан ары бутага алды.

Демократтар Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзсө да, Ак үйдүн санкциялар сыяктуу экономикалык чараларды киргизүү укугу кененирээк. Андыктан Трамп Иранга каршы кысымды күчөтө берет деп күтүүгө болот.

Ошентсе да Өкүлдөр палатасындагы демократтар Трамптын кеңешчилерин Иран саясатына байланыштуу маселелер боюнча көрсөтмө берүүгө чакырып, алардан администрациянын позициясын түшүндүп берүүнү талап кыла алышат.

Конгресс кабыл алган CAATSA мыйзамына Иран да киргизилген. Том Коттон сыяктуу республикачыл сенаторлор мындан да көбүрөөк жазалоочу чараларды алга сүрөгөнү бар.

Ошол эле учурда Рэнд Пол жана Майк Ли сыяктуу айрым республикачыл сенаторлор Трамптын Иранга каршы позициядагы кеңешчилери алга сүрөшү мүмкүн делген кандайдыр бир аскердик аракеттерди каржылоого караманча-каршы.

Ак үй жана Сауд падышалыгы

Сауд Арабиясы Жакынкы чыгыштагы мусулман өлкөлөрдүн арасынан Вашингтондун эң жакын өнөктөшү. Бул өлкө АКШнын миллиарддаган курал-жарактарын сатып алат. Дүйнөдөгү мунай базарын туруктуу кармап, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарда көбүнчө көшөгө артындагы ролду аткарып келет.

Бирок Сауд Арабиясынын мураскер ханзадаасы Мухаммед бин Салманды сындап келген саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү АКШнын бул өлкө менен мамилесинде чыңалууну жаратып койду.

Саудиянын Стамбулдагы консулдугунун алдына нааразылык билдирип чыккандар Хашогжинин сүрөтүн кармап турушат, 5-октябрь 2018-жыл.
Саудиянын Стамбулдагы консулдугунун алдына нааразылык билдирип чыккандар Хашогжинин сүрөтүн кармап турушат, 5-октябрь 2018-жыл.

АКШда мыйзамдуу түрдө жашап жаткан Хашогжи 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулугуна киргенден кийин сауд агенттеринен турган атайын топ тарабынан өлтүрүлгөнү кабарланып келет. АКШдагы эки партия тең Трамптан Эр-Риядга чара көрүүнү талап кылып жатышат. Өткөн айда 20дай демократ жана республикачыл сенаторлор Ак үйгө кат жолдошуп, анда Хашогжинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу “Магнитский” мыйзамынын алкагында Саудиянын расмий адамдарына санкция салууну сунушташты.

Тышкы саясаттын башка тармактары сыяктуу эле Трамптын тушунда Сауд падышалыгы менен мамиле көбүнесе Ак үй тарабынан башкарылып келет. Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнерге АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясатынын басымдуу бөлүгүн тескөө милдети жүктөлгөн. Ал сауд лидерлери менен тыгыз байланыш түзүүгө жетишти.

Өкүлдөр палатасындагы демократтар Хашогжинин өлүмү боюнча Ак үйдөн кандайдыр бири чараларды талап кылып гана тим болбостон, Кушнердин сауд башкаруучулары жана бизнес лидерлери менен байланышына да кызыгышы мүмкүн.

Ал тапта коңшу Йемендеги жарандык согуш гуманитардык катастрофага айланып баратат. Ал жакта Саудиянын аба күчтөрү АКШдан алынган учактар менен Иран колдогон хусит козголоңчуларын бутага алып жатат.

Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетин жетектейт деп күтүлгөн Энгел сыяктуу бир топ эл өкүлдөрү Саудия башында турган мындай операцияларды ооздуктоо маселесин көтөрүшкөн.

Демократтар жетектеген Өкүлдөр палатасы Эр-Риядды жазалоо үчүн толгон-токой чараларды көрө алат. Алардын арасында курал-жарак келишимине жана учурда администрацияда талкууланып жатканы айтылган Саудиянын АКШ менен өзөктүк келишим түзүү аракетине бөгөт коюу сыяктуу чаралар бар.

Кантсе да соңку кабарлар Трамптын администрациясынын Йемендеги согушка карата мамилеси ансыз да өзгөрүп жатканын ишара кылууда. Мамлекеттик катчы Майк Помпео менен коргоо министри Жим Мэттис 31-октябрда Йемендеги согушка катышып жаткан тараптарды ок атышууну токтотууга чакырышкан.

Мюллердин фактору

Атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоодогу Орусиянын болжолдуу ролун жана Трамптын тарапкерлери менен Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн ыктымал байланышын иликтеп жатышы Трамптын администрациясын айланчыктап жүргөн “кара булут” бойдон кала берүүдө.

Мюллер 2016-жылдын ноябрь айындагы шайлоодон төрт ай мурда эле башталган ФБРдин иликтөөсүн өз колуна алган жана анын аракеттери Трамптын ачуусуна тийгени бар.

Ушул күнгө чейин Мюллердин командасынын иш-аракеттеринин натыйжасында баш-аягы күнөөнү тастыктаган же моюнга алган жети өкүм чыкты. 26 жеке адамга жана үч орусиялык компанияга айып тагылды.

Атайын прокурор Роберт Мюллер.
Атайын прокурор Роберт Мюллер.

Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Мюллердин иликтөөсүнө колдоо көрсөтүүгө анчейин ашыгышкан жок. Айрым республикачылар Мюллердин командасы Трампка карата бейтарап эмес деп билдиришип, команданын айрым мүчөлөрү буга чейин демократиялык партиянын талапкерлерине акчалай жардам беришкенин жүйө келтиришкен.

Республикачылар көзөмөлдөгөн палатанын Чалгын комитетиндеги Майк Конауэй жетектеген жумушчу топ март айында өз иликтөөсүн жыйынтыктап, андан Трамптын шайлоо штабы менен орусиялык расмий адамдардын ортосунда “эч кандай кутум” аракети болгон эмес деген тыянак чыккан. Жумушчу топтогу демократтар мындай корутундуну жалпысынан колдошкон эмес. Эми демократтардын палатада көпчүлүктү түзүшү менен кырдаал өзгөрөт деп күтүлүүдө.

Чалгын комитетинин жетекчилигине Адам Шифф келе жатканы кабарланууда. Демократиялык партияга добуш берген шайлоочуларды эске албасак да палатадагы көптөгөн демократтар терең иликтөө жүргүзүүнү талап кылып келишет. Мындан улам Шифф күбөлөрдү сурак алуу жана документтерди изилдөө сыяктуу кадамдарга барууга мажбур болушу мүмкүн.

Сенатта болсо, Чалгын комитети дыкат иш алып барып келди. Анын жетекчиси республикачыл Ричард Берр демократ сенатор Марк Уорнер конструктивдүү кызматташтыкты түзө алды. Жумушчу топту жетектөө милдети эми Уорнерге берилет деп боолголонуп жатат.

Кандай болсо да, Демократтар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр палатасы менен республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенаттын Трампка талап коюу ниети алдыңкы апталарда сыноодон өтө баштайт. Трамп башкы прокурор Жефф Сешнсты кызматтан алаарын кыйытканы бар. Сешнс Мюллердин иликтөөсүнө байкоо салуу милдетинен баш тартканы үчүн Трамптын ачуусуна тийген эле.

Эгер Сешнс четке чыгарылса, анын Мюллердин иликтөөсүн көзөмөлдөөдө ыйгарым укуктары бар орун басары Род Розенстайндын тагдыры күн тартибине чыгат.

Эгер Трамп Мюллерди кызматтан алуу же ага кысым көрсөтүүгө аракеттенсе, Өкүлдөрү палатасындагы демократтар импичмент процедураларын баштоо демилгесин көтөрүшү ыктымал.

Автор: "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун улук кабарчысы Майк Эккел

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG