Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Трамп жарандык берүү жобосун өзгөрткүсү келет


Дональд Трамп кабарчыларга сүйлөп жатат. Вашингтон, 31-октябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчыларга сүйлөп жатат. Вашингтон, 31-октябрь, 2018-жыл.

АКШда президент Дональд Трамп миграциялык саясатты катаалдаштыруу боюнча жаңы сунушун айтып чыкты.

Ал мыйзамсыз жол менен келген мигранттардын балдары өлкө аймагында төрөлгөн учурда дароо АКШнын жараны болушуна укук берген мыйзамдык жобону жокко чыгарууну сунуш кылды.

Муну президенттин жардыгы аркылуу эле ишке ашыруу мүмкүн экенине токтолду.

Бирок президенттин сынчылары Трапмтын сунушу Конституцияга каршы келерин эскертишти.

Кошмо Штаттардын Конституциясына мындан 150 жыл мурда, 1868-жылдын 9-июлунда ​14-өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, өлкө аймагында төрөлгөндөрдүн баары АКШ жаранына айланат.

Президент Дональд Трамп бул тарыхый тамыры бар укуктук жобону жоюунун себептерин адаттагыдай эле жөнөкөй аргументтер менен негиздеди:

- Мага бул үчүн конституциялык түзөтүү керек деп такай айтып келишти. Эмне үчүн андай? Биринчиден, мунун эч зарылдыгы жок. Экинчиден, муну Конгресс кабыл алуучу мыйзам аркылуу деле жасап койсо болот. Кимдир бирөө Кошмо Штаттарга келип, балалуу болот, баласы АКШ жаранына айланат. Биз дүйнөдө мындай саясатты карманган жалгыз мамлекетпиз. Бул абдан күлкүлүү саясат, ал токтотулушу керек, - деди Трамп 30-октябрда телеге берген интервьюсунда.

Президенттикке талапкер кезинде, кийин кызматка расмий киришкен соң иммиграциялык саясат боюнча катаал турумду карманып, айрым талаштуу чечимдерге барган Трамп бул сунушун 6-ноябрда Конгресске өтө турган шайлоонун алдында айтты.

Бирок ал тиешелүү жардыкка качан кол коё турганын тактаган жок.

Президент "падыша эмес"

Трамптын сынчылары адамды төрөлгөндө жарандык алуу укугунан ажыратуу аракети дароо эле соттук териштирүүгө жеткире турганына, президенттин конституциялык түзөтүүнү бир тараптуу жокко чыгаргыдай ыйгарым укугу бар же жогу талаш жаратарына көңүл бурушту:

- Бул чынын айтканда абсурд сунуш. Ооба президентте ыйгарым укук көп, бирок ал падыша эмес. Ал Конституциянын 14-түзөтүүсүндө каралган жобону жөн эле жардык менен алып койо албайт. Мындай кадам дароо соттук териштирүүгө түшөт. Эгер ылдыйкы баскычтагы соттор эле бул Конституцияга каршы келерине макул болсо, аны Жогорку сотко жеткирүүнүн кажети жок. Бул маселе АКШга өзү же ата-энеси кандай жол менен келгенине карабай миллиондогон адамга тиешелүү болушу мүмкүн,- деди “Ассошиэйтед Пресс” агенттигине курган маегинде “The Constitution Project” аттуу аналитикалык уюмдун директору Сара Турбервилл.

Президент конституциялык жобону өз алдынча эле жоюп сала албасын Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери, Республикалык партиянын лидерлеринин бири Пол Раян да эскертти:

Пол Раян
Пол Раян

- Эл өкүлдөр палатасындагы республикачылар жана азыркы президент мыйзамсыз миграцияны токтотуу зарылдыгына толугу меннен макулбуз. Бул үчүн чек арабыздын коопсуздугун чыңдап, мыйзамдарыбызды оңдошубуз керек. Анткен менен ал чараларды Сенат аркылуу өткөрүү кыйынга турууда. Демек, бул жерде ыкчам жана акылга сыярлык чечим мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү. Биз албетте муну колдойбуз. Бирок мен Конституцияга жана ал кандай жазылса, ошондой чечмеленишине ишенем. Демек, бул сиз бизге тиешелүү нерсени буйрук менен эле жасай албайсыз дегенди билгизет, - деди Раян WVLK радиосуна курган маегинде.

Мыйзамсыз мигранттарды чектөө аракети

Президент Трамптын мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча буга чейинки сунуштарынын бири - Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоору азыр Сенаттын кароосунда жатат.

АКШда миграциялык саясаттын багыты кайсы нукта кетери Конгресстин жаңы курамына да көз каранды болчудай. 6-ноябрда Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү кайра шайланганы турат.

Борбордук Америка өлкөлөрүнөн АКШга жөө келе жаткан мигранттар. Трамптын администрациясы алар АКШ мыйзамсыз жол менен киргизилбей турганын эскертүүдө.
Борбордук Америка өлкөлөрүнөн АКШга жөө келе жаткан мигранттар. Трамптын администрациясы алар АКШ мыйзамсыз жол менен киргизилбей турганын эскертүүдө.

Трамп былтыр президенттик кызматка киришер замат жети мусулман мамлекеттин жарандарынын АКШга келүүсүнө тыюу салышы соттук териштирүүлөргө жана нааразылык акцияларга жеткирген.

Кийин президенттин жардыгы оңдолуп, кара тизмеде беш өлкө: Иран, Ливия, Сомали, Сирия , Йемен калган. Бул маселе боюнча талаш АКШнын Жогорку сотуна чейин жетип, быйыл июнда Жогорку сот президентте миграцияны тескегидей ыйгарым укук бар деп табуу менен Трамптын турумун колдогон.

Ал эми былтыр октябрда Нью-Йоркто теги өзбекстандык Сайфулло Саипов автоунаа менен сүзүп, сегиз адамды өлтүргөндө АКШ президенти иммигранттардын бул өлкөгө келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген грин-карттын ээсин лотерея менен аныктаган программаны токтотууну да сунуш кылган.

Бирок Конгресстеги демократтар Трамтын сунуштарына жана мигранттарга карата "нөл толеранттуулук" саясатына каршы чыгып келишүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG