Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

АКШ: Саиповду өлүм жазасына тартуу сунушталат


Сайфулло Саипов камакка алынгандан кийинки сүрөт.
Сайфулло Саипов камакка алынгандан кийинки сүрөт.

Кошмо Штаттарда, Нью-Йорк шаарында былтыр сегиз адамды мерт кылган кол салуу үчүн айыпталган өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саиповдун соту башталганы турат. Сотко жөнөтүлгөн документтерге караганда, жараян учурунда прокурорлор аны өлүм жазасына кесүүнү суранышмакчы.

Өзбекстандык отуз жаштагы Сайфулло Саиповдун соту 7-октябрда башталат деп күтүлүп жатат. Анын кылмыш иши боюнча соттук документтердин айрым өңүттөрү өткөн апта соңунда, 28-сентябрда жарыяланды.

Жергиликтүү “Нью-Йорк Пост” басылмасынын жазганына караганда, федералдык прокуратуранын Манхэттен райондук бөлүмүнүн прокурорлору беш беттен турган документте “эгер Саипов сотто күнөөлүү деп табылса, ага өлүм жазасынын берилиши негиздүү” деп эсептешет.

Аргумент катары прокурорлор Саипов кылган кылмышы үчүн "өкүнбөгөнүн, “Ислам мамлекети” террордук тобун абакта отуруп да колдоп жаткандыктан келечекте коркунуч жаратарын” мисал келтиришкен.

Ал эми өзбек жаранынын америкалык сот дайындаган адвокаты Дэвид Паттон соңку жаңылыктан улам медиага тараткан билдирүүсүндө Саиповду өлүм жазасына кескендин ордуна аны күнөөсүн моюнуна алдыруу жана абактан эч бошоно албай тургандай шарт менен өмүр бою түрмөгө кесүүгө артыкчылык берерин ишара кылды.

Айткандай эле буга чейин сотко алынып келингенде Саипов ага тагылган айыптар боюнча күнөөсүн жараян учурунда моюнга алган эмес.

Кошмо Штаттарына грин-картаны лотерея аркылуу утуп, 2010-жылы мыйзамдуу барган Сайфулло Саипов былтыр 31-октябрда Нью-Йорктун борбордук бөлүгүндө чакан жүк ташуучу автоунаа менен жөө адамдарды сүзгөн. Анда сегиз кишинин өмүрү кыйылып, 12 киши жарадар болгон.

Нью-Йорктогу теракт болгон жер. 31-октябрь, 2017-жыл.
Нью-Йорктогу теракт болгон жер. 31-октябрь, 2017-жыл.

Акырында мектеп окуучуларын ташыган автобусту сүзгөндөн кийин автоунаадан түшүп “Аллах акбар” деп кыйкырган Саиповду полиция кызматкерлери атып, жарадар кылышкан.

Былтыркы кан төгүү Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири чабуулдардан кийинки алгачкы террордук кол салуу болгон.

- Cаиповго эки пункт боюнча айып коюлду. Биринчиси - террористтик уюмга материалдык колдоо көргөзгөнү. Бул - “Ислам мамлекети” террордук тобу. Экинчиси - кыянатчылык жана бир нечеге өлүмгө себепкер болушу. Саипов күч түзүмдөрүнө берген көрсөтмөлөрүнө кол салууну жасоого “Ислам мамлекети” тобунун видеолорун көрүп шыктанганын жана бул кол салууга эки ай даярданганын моюнга алган, - деп белгилеген Нью-Йорктун райондук прокурору Жун Ким былтыр 1-ноябрда Саиповго расмий айып тагылган соң. Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” тобу да жоопкерчилик алган билдирүү тараткан.

АКШнын күч түзүмдөрү Саипов айдаган автоунаадан “Ислам мамлекети” радикал уюмун колдогон кайрылуулар, ал эми телефондорунан бул уюмга байланышы бар миңдеген сүрөттөр, токсондой видео-тасма табылганын маалымдашкан.

Алгачкы сурактарда өзбекстандык иммигрант экстремисттик уюмдун идеяларына шыктанганын, жасаган ишине өкүнүү ордуна жоочулардын желегин алып келүүнү суранганы айтылган.

Саипов адамдарды тебелеткен унаа. Нью-Йорк, 31-октябрь, 2017-жыл.
Саипов адамдарды тебелеткен унаа. Нью-Йорк, 31-октябрь, 2017-жыл.

Бул окуядан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий Ташкент кылмышты иликтөөгө ар тараптан “көмөктөшөрүн” убада кылган.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо иммигранттарды текшерүү чараларын күчөтүүгө буйрук берип, алардын өлкөгө келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген грин-карттын ээсин лотерея менен аныктаган программаны токтотууну да сунуш кылган. Трамп "Твиттердеги" баракчасында Саиповдун өлүм жазасына кесилишин жактаган сөздөрдү жазган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG