Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

АКШга миңдеген мигранттар баратышат


Жөө-жалаңдап жолго чыккан гондурастыктар.
Жөө-жалаңдап жолго чыккан гондурастыктар.

Борбордук Америкадагы Гондурас өлкөсүнүн миңдеген жараны АКШны көздөй жол тартты. Алды Мексикага жете келип, тыным алды. Алар ар жерде, топ-топ болуп жүрүшкөндүктөн так саны канча экени али белгисиз. АКШнын бийлиги аларды киргизмек тургай чек арасына жакын жолоткусу жок.

Бала көтөргөн, жетелеген, ээрчиткен аял-эркектер. Ичсе ашка, иштесе ишке тойбой турган жаштар. Өткөн жуманын башында Гондурастан чыккандар Гватемаланы басып өтүп баратышат.

Жөө-жалаңдагандардын алды Мексиканын чегине ишембиде жетип келди.

Мексикага жеткендер.
Мексикага жеткендер.

Көпүрөдөгү өткөрмө бекетте мексикалык чек арачылар документи шайма-шай адамдарды гана өткөрөрүн билдиргенде бир даары дайрага бой урду. Кичинекей балдарды, аялдарды жана каалагандарды жергиликтүү кайыкчылар ар биринен 25 песодон (90 сом) алып өткөрүп атышты. Аны төлөгүсү келбегендер мелмилдеген дайраны кечип жөнөштү.

- Дайраны кечип өтүү менен өмүрүбүздү чоң тобокелге салдык. Гондураста жакшы турмуш, келечек жогунан ушуга барып атабыз. Эми бүт аракетибизди жумшап алга жүрө беребиз, – деди Мексика жактагы өйүзгө өткөн Майкол аттуу жигит.

- Бул өлкөнүн өкмөтүнөн бизге кол сунууну, өткөрүп жиберүүнү өтүнөбүз. Гондураста турмуш абдан кыйындап кетти. Ал жакта таптакыр калгыбыз жок. Бул чындык. Шумдуктай жакырчылык болуп атат. Балдарыбыз Гондураста кароосуз калды, бирок ал жакта жумуш жок, – деп жалооруйт дагы бир Марио аттуу жигит.

Тапачула шаарында отурган мигранттар.
Тапачула шаарында отурган мигранттар.

Алар үчүн Мексиканын Тапачуга шаарында чукулунан баш калкалоочу жай даярдалды. Чарчап-чаалыккандар келип анча-мынча өзөк жалгаган болушту. Орто жашап калган Паула аттуу аял бул жерде көпкө калбай турганын ачык айтты:

- Бала ээрчиткен энелер да жолубузду уланта беребиз. Жолго чыккандардын арасында бүтүндөй үй-бүлөлөр бар. Алар да токтобойт. Бөлүнүүнү ойлогон жан жок, топ-тобубуз менен жүрөбүз.

Баары Кошмо Штаттарга бет алган. Мекенинен тартып көздөгөн жерге жетиш үчүн кеминде 4-4,5 миң чакырым жолду басып өтүүгө туура келет. Колдон келген азыраагы эптеп унаа тапса, калганы кайра эле жөө жүрүүгө аргасыз.

Ач калуу коркунучунан тышкары Гондураста кылмыштуулук да күч алып турат. Улуттар Уюмунун эсебинде 2015-жылы жүз миң адамга 64 киши өлтүрүү туура келген.

Жакшы жашоо издеп жөнөгөн адамдарга жолдон Сальвадор менен Гватемаланын жарандары да кошулууда.

Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп: “Биздин түштүк чек арадан мыйзамсыз өтмөкчү болуп аткан чет өлкөлүктөрдүн жапырыгын токтотуш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат”, - деп "Твиттер" барагына жазды.

Трамп алар адегенде Мексикадан башпаанек алышы керек экенин, болбой келе берсе баары бир артка кайтарыларын айтып жатат. Ал эми Гондурастын, Гватемаланын жана Мексиканын жетекчилигинен каптап келаткандарды өткөрбөөнү талап кылып, болбосо каржылык жардамын токтотуп коерун эскертүүдө.

Гондурастын бийлиги "келгендердин ичинен болжол менен 3400 киши кайра артка тартты" деп кабарлады. "Миңдеген" деп айтылып жатканы менен так саны белгисиз. Алар бир нече чоң топторго бөлүнүп жөнөшкөн.

Президент Трамптын мигранттарга каршы маанайы мурдатан белгилүү. Эми да чек арага жолотпоо аракети өзгөчө 6-ноябрдагы Конгресске шайлоого байланыштуу. Анда президент өзү жана анын өнөктөштөрү - республикачылар өз шайлоочуларына "мыйзамсыз миграцияны азайтабыз" деп чоң убада берген жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG