Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

АКШ-Мексика: Трамп чек арага аскер жөнөтөт


АКШ менен Мексиканын чек арасы. Сүрөттө АКШнын Сан-Диего жана Мексиканын Тихуана шаарларынын Мексика тараптан тартылган сүрөттөгү көрүнүшү. 4-апрель, 2018-жыл.
АКШ менен Мексиканын чек арасы. Сүрөттө АКШнын Сан-Диего жана Мексиканын Тихуана шаарларынын Мексика тараптан тартылган сүрөттөгү көрүнүшү. 4-апрель, 2018-жыл.

Борбор Америкадан агылган мигранттар Мексиканын түндүгүндө нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар АКШнын президенти Дональд Трамптын "Америка-Мексика чек арасына аскерлерди жиберем" деген билдирүүсүнө нааразы. Улуттук гвардиянын күчтөрүн чек ара райондоруна жөнөтүүнү караган буйрукка президент Дональд Трамп 4-апрелде кол койгон.

«Трамп жоголсун!» «Биз - Америка» деген ураандарды көтөргөн жүздөгөн мигранттар АКШ президентинин мигранттар боюнча акыркы чечимине каршы болушууда.

Чек арадагы мигранттардын катарында турган эки балалуу София Гомез кылмыштуулуктан улам Гондурастан кетүүгө мажбур болгонун айтат:

- Менин өлкөмдө адамдарды күн сайын өлтүрүп кетишет. Кылмыштуулук абдан көп. Тартип жок, жумуш жок.

Улуттук гвардиянын күчтөрүн АКШнын Мексика менен чек ара райондоруна жөнөтүүнү караган буйрукка президент Дональд Трамп 4-апрелде кол койду.

- Президент Улуттук гвардиянын кызматчыларын түштүк чек арада жайгаштырууга көрсөтмө берди. Коргоо министрлиги Ички коопсуздук министрлигинин биздин өлкөнүн чек араларын коргоо боюнча аракеттерин көптөн бери эле колдоп келген, - деди АКШнын ички коопсуздук боюнча министри Кирстен Нильсен Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

Аскерлер мыйзамсыз мигранттарды кармоого түздөн-түз аралашпайт. Ошентсе да алар иммиграциялык кызматтарга техникалык колдоо көргөзүшөт жана чек ара тилкесинде адамдар менен машинелердин ары-бери жылганына жерден жана асмандан көз салышат. Улуттук гвардиянын чек арадагы миссиясынын мөөнөтү жана жалпы иши жакынкы күндөрү такталышы керек.

Иммиграциялык маселелерди чечүүгө аскерлердин тартылышы – Америка тарыхындагы болуп көрбөгөн нерсе.

Трамп өзү "Твиттерге" мыйзамсыз агымды токтотуш үчүн дубал курулганча Мексика менен чек арага аскер жайгаштырып жатканын жазды. "Бизде азырынча коргонуучу тосмолор жок, ошондуктан чек араны коргоо жоопкерчилиги аскерлерге жүктөлөт" деп билдирди Трамп.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Ошондой эле ал Гондураска каржылык жардамды токтотуп коёрун эскертип, Мексиканы болсо “качкындар кербенин” өткөрүп жатканы үчүн айыптады. Бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бул сөздөр үчүн АКШдан расмий түшүндүрмө талап кылууда.

Ошондой эле чек арага Улуттук гвардиянын бөлүктөрүн жөнөтүү тууралуу чечимден улам Мексикада сенаторлор президент Энрике Пенья Ньетону АКШ менен иммиграция жана коопсуздук маселесинде кызматташтыкты убактылуу токтотууга чакырышты.

Президент Трамп шайлоодогу үгүт маалында эле мүмкүн болушунча катаал миграциялык саясат жүргүзүүгө убада берип, Мексика менен чек арада мыйзамсыз мигранттар өтө алгыс дубал курарын да айткан.

Учурда АКШ менен Мексиканын чек арасына Борбор Америка мамлекеттеринен келген миңдеген мигрант чогулуп турат. 24 жаштагы Франсиско Кастро Флоридага жетип алсам деп үмүт кылат:

- Биз бул жерде эптеп андан ары жылууну максат кылып жатабыз. Сыягы, Майамиге барам го. Ал жерден жумушка уруксат берүүнү суранам. Гондураста азыр абдан эле кыйын, баары кымбат, кылмыштуу топтор көп. Кокустан кылмышка күбө болуп калсаң сени да өлтүрүп кетишет. Кеткенден башка арга жок.

Чек ара кызматкерлери Техас Штатындагы Рио-Гранде аймагы аркылуу Мексикадан АКШга өтүп бара жаткан мыйзамсыз мигранттарды кармап алган учур. 4-апрель, 2018-жыл.
Чек ара кызматкерлери Техас Штатындагы Рио-Гранде аймагы аркылуу Мексикадан АКШга өтүп бара жаткан мыйзамсыз мигранттарды кармап алган учур. 4-апрель, 2018-жыл.

АКШнын түштүк чек арасынан мыйзамсыз өткөндөр президент Дональд Трамп бийликке келген алгачкы айларда азайган. Бирок “Ассошиэйтед пресс” агенттиги билдиргендей, ушул шаршемби күнү жарыяланган жаңы статистика март айында АКШнын түштүк-батыш чек арасынан өтүүгө аракеттенген 50 миңдей адам кармалганын көргөздү.

Бул февралга салыштырганда 37%, ал эми 2017-жылдын март айына салыштырмалуу 203% көптүк кылат.

Буга чейин Мексика-Америка чек арасынан АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган кыргызстандыктар да кармалганы маалым болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG