Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

АКШда “Мигрантсыз бир күн” акциясы өтөт


АКШда Трамптын миграция боюнча жарлыгына каршы акция маалында тартылган сүрөт.
АКШда Трамптын миграция боюнча жарлыгына каршы акция маалында тартылган сүрөт.

АКШда мигранттар 16-февралда өлкө экономикасына кошкон салымын жана коомдогу өздөрүнүн ордун жана маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн бир күн ишке чыкпай, окууга барбай каршылык акциясын өткөрүүнү чечишти.

“Мигрантсыз бир күн” акциясы Вашингтондо, Филадельфия, Бостон, Хьюстон жана Нью-Йорк шаарларында өтөөрү күтүлүүдө.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп өлкө коопсуздугун чыңдоо үчүн иммиграциялык мыйзамдарды күчөтө турганын билдирген.

Трамптын январдагы мыйзамсыз мигранттарга каршы буйругуна ылайык, АКШ-Мексика чегине дубал курулат. Ал эми дагы жети мусулман өлкөсүнөн келген жарандарга 90, качкындарга 120 күн виза берүүнү токтотуу боюнча жарлыгын АКШ Апелляциялык соту четке какты. Мындан соң Трамп буга байланыштуу башка жарлык даярдай тургандыгын билдирген.

Уюштуруучулар акцияга миңдеген адамдар катышат деп үмүттөнүшүүдө.

XS
SM
MD
LG