Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Трамп Мексика чегине күн батареяларын орноткусу келет


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика чегине курула турган дубалга күн батареяларын орнотууну көздөөрүн билдирди. Ак үй кабарлагандай, дубал электр энергиясын иштеп чыгып, курулушка кеткен чыгымдарды актап турат. Трамп бул жол менен Мексика курулушка азыраак акча төлөп каларын айтты.

Эки өлкөнүн чек арасына дубал куруу президент Трамптын шайлоо өнөктүгүндөгү негизги убадаларынын бири болчу. АКШ президенти дубал куруу боюнча буйрукка январь айында кол койгон. Ал бул дубал Мексикадан агылган мыйзамсыз иммиграцияны жана маңзаттарды чектейт деп ишенет.

Дубал курууга 20 миллиард доллар керектелет деп кабарлаган. АКШнын талабына карабастан Мексика курулушту каржылоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG